Назима Хаджи Турсун уулу, Талас аймагы: «Бала-чакамдын амандыгы үчүн кыргызчылык жолунда жүрөм»

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Кичинемде аябай эсимде калган экен, апамдын «дубана келет, бул унду берип кой» дегени. Оюнга шашып жатсак дагы апамдын сөзү менен дубананы күтүп отурчу элек, анан дубана келгенден кийин бат-бат жанагы апам айткан унун салып берип, оюнга шашчубуз. Дубана келет деп алдын ала билчү, апама таң калам. Оорунун азабынан көп бүбүлөргө бардык. Моюн сун дешти, моюн сундум.

Биринчи устатым – Аксана деген жаш кыз. Ал кыз жарга түшүңүз деди, жарга түшөм дедим, жар эмне экендигин деле билбейм. Мен жаратылыштагы тоонун жарын элестетиптирмин. Ошону менен Аксана кечинде келиңиз деди, аябай даярдандым, жуунуп-тазаланып, түрлүү токоч, оймо жасадым. Барсам, жар башкача болот экен, бирок биринчи жарды бузуп салдым, анткени жар салган жерге арбактар, азиз пирлер толуп эле келип жатканын көрүп, коркконумдан кыйкырып туруп качканымда, желкемден кармап, бир кара киши отургузуп койду. Биринчи жолу ошентип жарга түшкөм, ошондон баштап кыргызчылык жолун баштагам.

Мазар басканыма 16 жыл болду. Мурда устатым менен барчумун, бүбүлөр менен барчумун. Бир жолу мазарга 2 аялды алып бардым, ошондо дайыма барган мазарымды таптакыр таппай койдум, кечке чейин издеп жүрүп, мына жеттим дегенде эле, баягы мазар дагы ары болуп көрүнөт, мына азыр жеттим дегенде эле, дагы башка жерде экендей көрүнөт, ошону менен таптакыр таппай кайттык. Көрсө мазар деле бардык адамды кабыл ала бербейт экен. Азыр болсо эч кимди ээрчибейм, жалгыз мазар басам, жалгыз жар салам.

Бардык мазарлар бирдей, бул күчтүү, ал күчтүү деп айтууга болбойт, мазарлардын баары касиеттүү, баарына адамдар тилек кылып, көйгөйлөрү менен барышат. Бирок мазарларда ар кандай касиет бар. Мен деле бала-чакамдын амандыгы үчүн ушул кыргызчылык жолунда жүрөм. Бир жолу мазарга барабыз деди Аксана. Мейли барса баралы деп, даярданып бардык. Ушул айылда Наристе деген мазар бар экен. Ошол жерге барганда мен бир дубана атанын даарат алып жатканын көрдүм да, уялып кеттим. Чочуп кетип, биз менен барган эки аялга айттым, көрсө тигилерге көрүнбөптүр. Анан менин айтымым боюнча тигилер дагы токтоп турду, андан соң тиги киши дааратын бүтүп, бизди кучак жайып тосуп алды. Ошол биринчи баргандан баштап эле, мазарга аябай даярдык көрүп баруу керек экендигин билгем.

Бир жолу келе жатсак кызым булакты көздөй чуркап кетти. Артынан эмне болуп кетти деп барсам, кызым булактын өйдө жагын тырмалап жатат. Бир убакта жанагы тырмалаган жеринен булак чыкты. Бул 1990-жылдары болуу керек, элдер, көбүнчө жаш балдар жара болуп ооруп жаткан. Кызым айтты, «апа, бул жанагы жараларга жакшы» – деп, өзүндө да бар эле бул нерсе, ошону менен ошол булактан айыгып кетти. Булак дагы көп нерсеге дары болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>