Кубатбекова Кенжеш, Талас аймагы: «Кыргызчылыкты мойнуңа албасаң, балаңды алам деди»

This post is also available in: Англисче

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Балдарым катуу ооруду, көзүмө ар нерсе көрүнүп туруп алды. Догдурга армансыз, үч ирет жаттым. Бир жатканда 3 балам менен. Бир күнү уктап жатсам жаныма бирөө келип: «Сенин кыргызчылыгың бар, мойнуңа албасаң балдарыңдын бирөөнү алып кетем. Сыр көрсөтсөк да түшүнбөдүң» дегенде, мен: «Менин балдарыма тийбе, мойнума алам» десем, жок болуп кетти. Көзүмдү ачсам бир мүнөт убакыт өтүптүр. Уялып, эмне деп жатат дебесин деп эч кимге айткан жокмун. Көп күн өттү, таалага чыгып жүрдүк.

Дагы бир күнү улуу кызым ооруду, басылбайт, колдон түшпөйт. Акырын шифоньерди ачып бир ак сакал чыкты да, «мойнуңа качан аласың же муну мага бер» деп талаша баштады, «Жок, бербейм» дейм, ал: «Алам, мына азыр алам» – дейт. Ошол маалда жодошумдун машина токтотуп жатканын уктум. Аксакал дагы шифоньерге акырын кайра кирип кетти. Кызым колдон түшпөй жатты эле, ошол замат шыр эле «атам келди» – деп басып кетти. Эжем менен жездеме айтсам козу союп, ошол күнү эле тамак асышты. Канча күндөн бери кыйналып уктабай жүргөнгө эки күн турбай, тамак ичпей уктаптырбыз.

Кыргызчылыкты мойнума алып, мазар баскандан бери баары жакшы, балдарым оорубайт, түшүм жакшы. Кудайдан эмнени тилесең баарын берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>