Жакшылыков Рысбек, Талас аймагы: «Кызымдын оорусуна өзүмдү күнөөлүүдөй сезем»

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Кызым он тогуз жашта, 16 жылдан бери талма оорусу менен ооруйт. Жөн эле тыпырап жатып калат, оозунан ак көбүк чыгып кетет. Анан ыйлайт, көп убакыттан кийин араң дегенде өзүнө келет. Кыргызчылык ата-тегимде бар экен, чоң атамдар молдо болгон экен. Өзүм 9 бир тууганмын. Менден улуу байкем да ушундай талма менен ооруган. Догдурга алып барды, болбой койду. Кыргызчылыкты алыш керектигин угуп, байкемдин ордуна апам алып, уулунун илдети 23 жашында айыкты.

Кызымды мен бүбүмүн дегендин баарына алып бардык. Акыры Таласта бир жакшы орус чыгыптыр дегенинен, орус деле кудай дейт эмеспи деп барсак, 13 миң сом сурап, чөптөн жасалган дары менен айыктыраарын айтты. Бирок эч жылыш болгон эмес. Кызым былтыр шаарга окууга өткөн. Бирок оорусунан улам окуй албай келди. Мунуку ар кандай кармайт – бир айда бир, кээде жазда, күздө, таза жок дегенде бир жылда бир. Окуусунан да кармап, айылга жүрө бериптир. Апасы (чоң энеси. – Айгине) дагы бир бүбүгө көргөзгөн экен, мазарга алып баргыла бейшембиде, барса жакшы болот дептир. Баштык жасап келүү керек экен, конфет, токоч, жети оймо ж.б. алып келдик. Булактарга куран окуп, сыйынып, алып баргандарыбызды тигил Жаныбек баатырдын күмбөзүнө таштаганбыз. Ошондон кийин кичине жылыш бар. Бирок таптаза айыгып кеткен жок. Оозу-мурдунан чыгып кетүүчү көбүк калды, калтырап-титиребей сулк эле жатып калат. Ыйлабай да калды. Кызымдын кыргызчылыгы болгондон кийин ак кийиш керек экен. Бирок кызым мойнуна албагандан кийин, атайы тиктирген ак кийимди таштатты.

Бир жолу да Кайыңдыдан бир молдо айыктырам деп кызымды алып кеткен. Үйүнө алып жүрүп дарылады. Бир күнү эч ким жокто жыгылып, кызымдын самоордогу сууга колу күйүп калган, алигиче чоң тагы бар. Андан да эч жылыш болбогондон кийин апасы алып жүрө берген.

Көзү ачыктарды калтырбай көрүнгөн дебедимби. Ошолордун бири айткан экен, чоң энең менен жети мазар кыдыр деп. 3-4 мазарга чогуу барып жүрдү. «Менин өзүмдүн балам болгондон кийин эм түшпөйт, болбосо караар элем» дегенин апамдын өз оозунан уккам.

Кызымдын айыкпай жатканына мен өзүмдү күнөөлүүдөй сезем. Анткени мазарга келгенде кудай деп жүрөгүңдү, көкүрөгүңдү берип, ишенүү керек да. Мен канча ишенейин десем да, өзүмө эрким жетпейт. Ошон үчүн ушунчалык ишенейин деп күнүгө келем. Кудайдан кечирим сурайм. Көкүрөгүмдү бергенге аракет жасап жатам.

Адам баласы ар нерсени ойлобой коё албайт экен. Буга да кудай Таалам өзү тоскоолдук кылып жаткан чыгаар. Мүмкүн көкүрөктү бир күнү өзү ачаар. Мына кудай деп олтуруп эле кудай оюңдан чыгып кетет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>