Абдышева Жайкал: Ыйык жерлерге барганым үчүн касиетим күчөдү окшойт

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Абдышева Жайкал, 52 жашта, Аксы району, Жаңы-Жол айылы, Жалал-Абад аймагы

Өзүм Тегенеде туулуп өскөм. Ошол жерде жашагам, бул жакка көчүп келгениме 2-3 жыл болуп калды. Мен бала көрөм, бала жоем. Ошентип кудай берген касиетти эл үчүн колдонуп келе жатам. Мен ыйык жерлерге барып түнөгөндү аябай жакшы көрөм. Андай жерлерге мени өзү эле тартып турат. Андай ыйык жерлерге барып келгенден кийин менде күч пайда болуп, өзүмдү аябай жакшы сезип калам. Жанагы Айтикеев Акбаралы деген бар го, мурунку беш жылдыкта президенттикке талапкер болгон, ал биздин жакын инилерибиз болот. Ошонун Каныш деген апасы бар болчу. Ал аябай күчтүү тамырчы, табып-дарыгер болчу. Ал адам мына ушул Ак-Молого келип сыйынып жүрчү. Бул кереметтүү Ак-Молонун касиети ошончолук чоң экен, Каныш апабыз дагы ушул жердин касиети колдоп, күчтүү дарыгер болуп чыкпадыбы. Врачтар өтүшкөн рак деп диагноз коюп, адам болбойт деп чыгарып койгон абышкасын сопсоо кылып өзү айыктырып албадыбы. Раматылык, азыр анын көзү өтүп кетти. Ак-Молонун күчү мына ушундай.

Биздин Мырзалы деген бир акебиз бар. Ошонун келинчеги Ширин жеңебиз догдурларга барып көрүнүп, мына төрөйм-ана төрөйм деп жүрүп 17 жылын коротуп, Ак-Молого барып сыйынып келгенден кийин, 37 жашында бир балалуу болду. Ошо бир баласы менен эми төрөттөн токтоп калды. Эгер өз убагында ошол Ак-Молого барганында азыр көп балалуу болуп калмак.

Андан башка деле бир топ аялдарды көрүп жүрөм. Мектепте иштеген дагы бир келин бар эле, азыр аты эсимден чыгып турат, ал дагы 9 жыл төрөбөй жүрүп, Ак-Молого бир-эки жолу барып сыйынып түнөп келгенден кийин, уул төрөп алды. Анын баласы азыр экиге чыгып калды, басып жүрөт.

Ак-Молонун дагы бир мындай өзгөчө касиети бар. Эгерде мал тууй албай козу салып койгон учурлар болот го, же төлү өлүк төрөлүп калышы мүмкүн, ошолордун алдын алыш учун бооз малды тууту жакындап калганда, ошол Ак-Молого айдап барып, оң жагынан айлантып, сол жагынан айдап чыгып кетсе, эми бир айлантып айдаса, ал малдар эч кандай чыгым болбой, козу салбай, жакшы төлдөп алат.

Эсимде калган дагы бир нерсе, апам менен Ак-Молого бир барып түнөгөнүбүздө, эртең менен апам уйкудан ойгонгондон кийин эле: «Кагылайын кудай, түндө түшүмдө жакшы аян келди. Кудай кааласа, бала-чакам аман-эсен болуп, бапырап-тапырап, өнүп-өсүп, жакшы турмушта жашашат экен, кудай бере турганын берди», – деп айтты. Биз анда жаш элек, ал сөздүн маанисине деле көңүл бөлбөптүрбүз. «Эмне берди?», – деп деле сурабаптырбыз. Апабыздын түштөрү көбүнчө туш келчү.

Бала-чаканы жоюу касиети менин тайэнем тараптан келди. Жогоруда айтып кетпедимби, апамдын түштөрү көбүнчө тура келчү деп. Тайэнебиз да бала-чака чыргоолоп калса, жое койчу экен. Ал убакта эл деле анча түшүнчү эмес да, догдурга деле барбай, бала-чакасын көтөрүп эле тайэнеме чуркап жетип келишчү экен. Ал убакта мындай адамдар аз болгон да. Союз убагында көзү ачык, бүбү дегендерди бийликтегилер жаман көрүшчү эмес беле. Ыйык жерлерге барганым үчүн, менин касиетим күчөдү окшойт деп ойлойм. Эми минтип тайэнемдин ордун басып, мен бала-чака жоюп жүрөм, тамыр кармайм, ооруларды дарылайм.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>