Абдыраманов Кошбай: Заман кандай жылса, ошого карата өзгөрүү болот

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Абдыраманов Кошбай, 80 жашта, Жалал-Абад аймагы

Мурда бул жерде эл болбогон экен, кийин гана үркүнчүлүктө келип отурукташышыптыр. Ак-Көл, Көк-Көлдө жол бар. Ошол жол менен көчүп түшүшкөн экен.

Бир алааматта эл качып, ошондо Ханыша деген кемпир бир кызы менен калган экен. Ошол Чанач менен качып баратып, белге чыкканда: “Кош эми, Жатка”, – деген экен. Мурун Жаткал эле, анан барып Чаткал болуп калды.

Эски адамдардын айтымында, Алла таала Ыдырыс пайгамбарды жаратып туруп: “Бар эми, көңүлүң сүйгөн жерден орун ал”, – дейт экен. Ошондо Ыдырыс пайгамбар ушул жерге отурукташыптыр, Чаткалга. Чаткалдын башында Авлетим деген жерде ал кишинин турган үңкүрү бар дейт. Күнүгө беш убак намазын окуп, дулдулун минип ошол жакка кетип баратканда, Арашандан даарат алып, этектеги Таштопияндан беш убак намазын окучу экен. Бул маалымат мусулманча “Ыдырыс пайгамбардын тарыхы” деген китепте жазылган.

Ар заман кандай жылса, ошого карата өзгөрүү боло берет экен. Мен билгенден биз жаш кезекте догдур деген такыр жок эле. Ошондо тамырчы, табыптар күчтүү болчу. Ал табырөтар: “Сенин өмүрүң бүтүп калды, сен өлөсү”, же “Сен адам болосуң” дегени чын чыкчу. Мындайлар ар кыштакта болоор эле. Биздин айылда Ырсалиев Бекимет деген киши болгон.

Мен тиф деген оору менен оорудум. Ал ооруну көтөрүп, үч күндөн ашканы адам болот экен да, үч күнгө жетпегени өлүп калат экен. Төртүнчү күн дегенде мени агам табыпка алып барды. Там башына керебетти коюп, алдыма көк бедени салып отургузуп, өлбөйсүң деп койду. Ылдый карасам, жолдо бир кемпир кетип бара жаткан экен. Табып ал кемпирге: “Кайт, аркаңа кайт, азыр сага жолугат”, – деп калды. “Жолукса кудайдан өрдүм, сенден келсе мен кете бердим”, – деп көгөрдү кемпир дагы. “Азыр ушул кемпир сага жолугат, эмдиги жылы ушул күнүн өлөт”, – деди табып мага. “Кайт, кайт”, – деп үч мертебе айтты, ошону менен айыгып кеттим.

Кийинки жылы мен там салдым. Бир күнү отурсам, баягы кемпирдин каза болгонун айтып калышты, табыптын айтканы оюма келип, жүгүрүп бардым. Былтыркы кагазыңызды караңызчы десем, так ошол күн экен.

Тиф оорусун тамыр кармап айта алышчу эмес, дарысы да жок болчу. Кызыл жүгүрүк деген оору болгон. Аны баланча оокат жесең айыгасың, баланчаны жебе деп дарылачу. Биздин Шамыр деген атактуу кишибиздин карындашы ооруп, ана кетти, мына кетти болуп, боз үйгө чыгып калышат. Дайырбек деген акеси Бекиметти алып кел деди эле, Бекимет келбей коет. “Карындашы өлүп кетсе эмне болот, көңүлү үчүн барып бер”, – деп эл ыйлап-сыктаганда, 1 литр кымыз, 1 кил кара мейиз, бир кил сары мейиз алып келип, бир жайдары ат союштары керек экендигин айтат. Күздүн күнү кайдагы кымыз? Ошондо агасы бир түндө Намангандан алып келген экен. Аракет кылып, кымызды ачытып ичирип, ал киши 25 жыл жашады.

Каныш-Кыяда Нышан деген чоң табып болгон. Дагы бир табып бар эле, сыныкты салчу. Азыр алардын неберелери бар. Алар деле тамыр кармашат, бирок ашкере чыгарбайт. Кагылайын деп атайын көрүнгөнү брсаң, бул оокатты же, тигинт, минт деп айтканга жарашат. Мисалы, менин кемпиримдин ооруганына беш жыл болду, болгону кордо гана жейт. Кордо – күрүчтү сууга кайнатып, туз салбай бышырылган тамак. Ушуну жесе гана жашайт деди. Адегенде корктум, анан карасам, кудайга шүгүр, жашап келатат…

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>