Субанов Көбөгөн “Мүйүздүү атамдын сыры”

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Субанов Көбөгөн, 1928-жылы Түп районундагы Токтоян айылында төрөлгөн. Өмүр бою Ак-Суу районундагы «Каракол» совхозунда эмгектенип жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. Эмгектин ардагери. Айылдын кадырлуу аксакалы. Айылдын Аксакалдар сотунун төрагасы.

Элдик санжыранын, оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнүн алып жүрүүчүсү жана сактоочусу.

Кылымдар бою «Бугу!» деп ураан чакырып келген, Ысык-Көл, Нарын, Текес өрөөндөрүн жердеген Бугу эненин урпактары жана алардын өзгөчө сыйкырдуу касиети тууралу сөздү баштаардан мурда, бир аз санжырага кайрылып өтөлү: Кыргыз атабыздан Маты бий (Домбол), Маты бийден Долон бий, Долон бийден Жанкороз, Жанкороздон эки эгиз уул – Ак уул (оң), Куу уул (сол). Ак уулдан бир кыз, эки уул – Наалы (Наалы эже), Адигине (ичкилик), Тагай. Тагайдан – Богорстон, Койлон, Кылжыр, Карачоро, Саяк (тонсуз), Азык (тонсуз), Чертки. Кылжырдан эки уул – Дөөлөн, Орозбак. Орозбактан беш мырза, беш уул – Арык Мырза, Мырзакул Мырза, Кара Мырза, Асан Мырза, Токоч Мырза. Орозбактын экинчи уулу Мырзакул Мырзадан эки эгиз уул – Алсейит, Тынымсейит. Алсейиттен Жамангул, Бапа. Ал эми Жамангул менен Бапанын энеси Бугу эне болгон. Бугу эненин өз аты – Кайыпбүбү.

Бугу эненин кайдан келип, кандай жол менен Алсейиттин колуна тийгендиги тууралу ар түрдүү мүнөздөгү улама сөздөр эл ичинде кеңири жайылгандыгы белгилүү. Ал эми биздин айталы дегенибиз, Бугу эненин касиети жана Ысык-Көл аймагында жашап келе жаткан анын урпактары жөнүндө болмокчу. Башкасын айтпаганда да, Бугу эненин кайнагалары – Арык Мырза, Кара Мырза, Асан Мырзаларга карата берилген батасы, каргышы азыркы күнгө чейин күчүнөн жанбай жаткандыгы таң калаарлык көрүнүш: «Туурдугуң сыйрылбасын, желең кыйылбасын, тукумуң тукумум менен тең болсун!» – деп, Арык Мырзага карата айтса, «Тукумуң жүзгө жетпесин, жүзгө жетсе күзгө жетпесин!» – деп, Кара Мырзага айтса, «Тукумуң тукумдан тукумга түрткүнчөк болуп өтсүн!» – деп, Асан Мырзага карата айткан экен. О, СӨЗдүн кудурети ай… «СӨЗ жандуу! Ооздон чыккан СӨЗгө жан кирет!» – деп, бабалардын айтканы чындык бейм. Ошондуктан, «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө» деген сөз эл ичинде бекеринен айтылып калбаса керек. Жеке бир адамга багышталган сөз анын өзүнүн, урпактарынын тагдырын, тарыхын, жолун, ордун чукул өзгөрүүгө алып келе турган кудуретке ээ тура. Ал эми кыргыз баласынын жарык дүйнөгө келгенинен тартып, кош айтышканына чейин өмүр бою коштоп жүргөн БАТА менен КАРГЫШтын баасы, салмагы деги канчалык?

Алтын башты чым басаар, бу дүйнөдө өлбөй турган эмне бар дейсиң. Бир гана СӨЗ түбөлүк. СӨЗдү айткан адам баласы да өтөт-кетет, СӨЗү калат. Бабалардын СӨЗүн жетим калтырбай, Бугу эненин бир айтканын эске салып өтөйүн: «Менден төрөлгөн Жамангул менен Бапанын урпактарынын ичинен ар беш муун өткөн сайын, мүйүздүү бала туулуп турмакчы» – деп, энебиз айтып калчу экен. Силерге жалган, мага чын. Энебиздин айтканы айтканындай болуп чыккан. Менин төртүнчү атам – Кудайменде уулу Бердаалы атамдын мүйүзү болуптур. Кадимки кайберендин мүйүзүндөй болуп, жазга маал жалган куран айында мүйүзү түшүп, чын куран айында кайрадан жаңырып, чоң кишинин сөөмөйүндөй болуп өсүп калчу экен. Бердаалы атабыз жетимиш жашты таяп, көз жумаар алдында уулу Багышбекке кайрылып, соңку түшкөн мүйүзүн, балдарына эм болуп жүрсүн деп, тапшырган экен. Бердаалы атамдын өзүн көрбөсөм да, мүйүзүн мен өз көзүм менен көрдүм. Кадимки эле кайберендин мүйүзү. Энем аны маал-маалы менен сүт менен жууп, булгаары бокчого салып, адам бою жетпей тургандай кылып, үйдүн төрүнө илип койчу. Айылдагы ооруп калган бала-бакыраны ошол мүйүз менен эмдеп-домдоп тураар эле. Касиетинен айланайын, анын касиетин бала кезибизде биз кайдан билип коюптурбуз. «Бердаалы атаңардын мүйүзү» – деп, ата-энебиз айтса, атабыз мүйүздүү болсо, демек, ал бугу болгон экен деп түшүнүп жүрбөйбүзбү. Кийин мен жигит кезимде, Субан атам мени Жети-Өгүз айылынын төмөн жагындагы Шапак баатырдын мүрзөсүнө алып барып: «Бердаалы атаңдын сөөгү ушул жерге коюлган» – деп, менин көзүмчө баягы атабыздын мүйүзүн жерге жашырып, куран окуган.

Бугу энебиз «Кайыпбүбү» деп өз аты айтып тургандай, кайыптар дүйнөсүнөн келген кайып тура. Ошондуктан болсо керек, кийин ал энебиздин сөөгүн көргөн бир жан жок, кайып болуп кетиптир. Бугу энебизге байланыштуу ар кыл улама сөздөрдүн теги жөндүү. Кыргыз элиндеги «Бугу эне» көрүнүшүнүн өзү – накта кыргызчылыктын мисалы. Эгер Бугу энебиздин айтканындай болсо, анда биздин кийинки муундарыбыздан да мүйүздүү балдар туулаары анык.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>