Рая: Ушул жерден агарып-көгөрдүм

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Рая, 79 жашта, Жалал-Абад курорту, Мадамин ажы булак

Шайыкмын. Ушул жерде 1949-жылдан бери иштейм. Өзүм Кокондо жетим балдар үйүндө чоңойгом. 16 жашка чыкканыбызда ал жерден 5 кызды Жалал-Абад курортуна алып келип, ишке жайгаштырды. Калган төртөө чыдабастан кетип калышты. Мен болсо ушул жерден иштеп, турмушка чыгып, 10 балалуу болдум.

Мадамин ажы Жалал-Абаддан илгери Мекеге ажылыкка жөө барып келген, ажы болгон киши. Ошол киши ажы болуп келгенден кийин ооруп калып, ушул суудан ичип жүрүп оорусунан айыгат. Кийин Мадамин ажы ушул булакты тазалатып, элдер сыйынуучу жерге айландырат жана касиеттүү булак ошол кишинин аты менен аталып калат. Бирок ошол кишинин атын канча жылдан бери алып жүрөт билбейм.

Көбүнчө бул жерге касиеттүү жерлерге ишенгендер келишип, сыйынышып, куран окутушуп кетишет. Кыш күндөрүндө адам аз болот. Негизинен бул жерге кудайдан бала сурап келишет жана көптөрү балалуу болушат. Балалуу болгондон кийин Жалал-Абаддын эң ыйык жери болгон Аюб пайгамбардын арбактары колдоп, өмүрү узун болсун, бактылуу бала болсун деген максатта нияз чач коюшат. Анан бала так жашка, 1, 3, 5, 7 жашында шартына ылайык ушул жерге келишип, тоок, эчки, кой союшуп, куран окутушуп, нияз чачын алып кетишет. Биз куран окуганыбыз, ниязын алганыбыз үчүн мынча сом бересиң дебейбиз, бергенин алып батабызды беребиз.

Менин өзүмдүн кызым турмушка чыгып, 9 жыл төрөбөй жүрдү. Кайын энеси жаман сөздөрдү айтып тил тийгизет. Кызым ошол күндөн баштап эртең менен эрте туруп күн сайын Алла таалага, Аюб пайгамбарга сыйынып, ыйлап-сыктап бала тилейт. Бир дагы сом албай ушул жердеги ыйык деп эсептелген, кишилер сыйынуучу жерлерди шыпырып, тазалап, бир топ жыл зарлап ыйлап бала тилейт. Акыры кызым шыпаа таап, балалуу болду. Атап-тилеп башына нияз коюп, кийин чачын алдырды.

Баса, балалуу болбой сыйынып жүрүп, эки жолу түш көрөт. Биринчисинде ала чапанчан, ак селдечен абышка бешик берет. Ошондо кызым: «Мага эмне үчүн бербейсиз, же акчага сатасызбы?», – дейт. Ошондо абышка: «Жок кызым, сага акчага эмес, убагы келгенде жөн эле берем», – дейт. Бир топ мезгил өткөндөн кийин баягы карыя кайра түшүнө кирип, бешик берет. Ошондон кийин кызымдын боюна бүтүп, уулдуу болгон.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>