Күлипа: “Мазар ар адамга ар кандай таасир калтырат”

This post is also available in: Англисче

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Өзүм Кара-Буура районунун Аманбаево айылынан болом. 20 жыл бухгалтер болуп иштегем. Учурда Бишкек шаарындагы “Бейиш” борборунда киши карайм.

Ооруп, түшүмө ар кандай аяндар берилип, Манас атанын, Каныкей апалардын элестери көрүнүп, түшүмдө ар кандай оорулуулар көрүнүп жана ага кайра айыгуу дабасы берилип, акыры ушул жолго толугу менен түшүүгө туура келди. Мазарларга барсам кадимкидей мойнумдагы оор жүк түшкөнсүп жеңилдеп калам. Бир кыз баспай калды. Ак үй мазарына бир барганда эле жакшы болуп калды. Таң калычтуу, мунун сырын эч ким билбейт. Мазарга жин оорулуулар, катуу корккондор, элирип калгандар барса жакшы болуп калышат. Ал эми ич оорулуулар ооруканага барганы жакшы.

Мазар ар адамга ар кандай таасир калтырат. Ооруп баргандар болсо айыгып кетишет, кээ бирлерине жакшы аяндарды берет. Ошондой эле ар бир мазар өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, Ак үйгө барганда аян болуп көбүнчө молдолор көрүнөт. Манас атада болсо баатырлардын элеси көрүнөт. Булактар жара, кээде ич, көз ооруга даба болуп кетет. Эң биринчиден, адамдын ишеними болуу керек. Ишенбей жасаган нерседен касиет ала албайсың, пайда да таппайсың. Мен Манас ата, Кочкор ата, Түркестандагы, Жамбылдагы мазарларга, Боотерек ата жана башка майда мазарларга барам. Мазарларга мурдараак 7 күн сайын бир барып турчумун. Учурда өзү аян берет, бир айда бир же эки жолу барам. Бирок көп барган жакшы. Таятам чөптөн дары жасачу экен. Ушул касиетти мен үйрөнбөй калганыма өкүнөм.

Ооба, көзү ачыктар көп, алдамчы, калпычылар да көп. Ошон үчүн күчтүү бүбүлөрдүн баркы кетип жатпайбы. Бирок иргелүү учуру келе жатат.

Мага мазарлардын айрымдары жана менин туюмум ушундайча сезилет:

Кочкор атам эл сыйлаган чоң мазар,

Кулдук уруп сыйынганда көз ачар.

Кагылайын жети атамдын мазары,

Колдой көргүн урпагыңды кылбай зар.

Жети атам бул мазарды жайлаптыр,

Короо-короо малы-көлүн айдаптыр.

Кучак жеткис мазар терек болгон дейт,

Өткөн-кеткен чүпүрөктү байлаптыр.

Түшүнбөстөр бул теректи кесиптир,

Калдыгы бу эскиликтин дешиптир.

Ошол жерден бирөөсү жан берип,

Бирөөсүнүн акылы айнып кетиптир.

Ошол замат күн бүркөлүп калыптыр,

Борон-чапкын тегеректи чалыптыр.

Күңгүрөнүп бул теректен үн чыгып,

Мазар терек мазар бойдон калыптыр.

Барып калсаң түрү сонун чалкыган,

Түркүн куштун үнүн угуп шаңкыган.

«Бах чиркин» деп ырахатка батасың,

Түркүн чөптүн жытын искеп аңкыган.

Жабыркаган пенде келет,

Жазыламын эми мен кай жерден деп.

Тамыр кармап буйруганын айтып бердим,

Туура айттыр кагылайын кудайым деп.

Дагы-дагы агылып элдер келет,

Таалайымды эми сен айтып бер деп.

Таалайын карегинен карап айтам,

Кудайым бере көр деп бир керемет.

Жок жоготуп ич күйгөн пенде келет,

Жок жоругуң эми кайгы салды бу деп.

Жокту мен, такаламын, айта албаймын,

Жазасын бир алладан көрөт го деп.

Алладан келген бир күчпү деймин,

Алладан келген бир түрткү деймин.

Аллалап жакамды кармай берем,

А бирок түбүн түк билбеймин.

Келген ооруга дем салам,

Кадимкидей ошондо кубат алам.

Көрүшөт түшүмдө элесимди,

Капырай деп мен ошого таң калам.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>