Кубатбек: «Мазарга өз эрежеси менен келсең эч жамандык көрбөйсүң»

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Жаштык кезде мазар тууралу ойлогон деле эмесмин. «Жаштык кез, мастык кез» дегендей, ойноп жүргөн убак болот эмеспи. Эмнегедир оорудум, катуу жыгылдым, врачтарга барсам кан басымым жогору экендигин айтышты. Аны көңүлүмө да алган жокмун, бир аз айыкканда кайра эле ичип алчумун. Кийин бат-бат кармай баштады. Ошондо Унут деген киши мени көрүп: «Балам, сен тазаланбасаң болбойт. Али жашсың» деди. Ошондон баштап Унут эне мени мазар бастырып, көп жерлерге алып барды. Эң алгач Калпа атага алып келген. Бул жерде теректин түбүндө булактан суу чыгат. Ушуну мага ичирип «ар дайым ушул суудан ичкин, бул булактын суусу, сенин ооруңа шыпаа болот» деп айткан. А көрсө бул суу кан басымы жогоруларга, ашказан оорусуна дарылык касиети абдан күчтүү экен.

35 жашымдан баштап намаз окуй баштадым. Ошондон бери мазар басып жүрөм. Ошондон улам Унут энени устатым катары баалайм. А киши көп жардам берип, мени ушул таза жолго салды. Ким билет? Мүмкүн ал устатымды жолуктурбаганда мен эмдигиче оо дүйнөгө кетип калат белем.

Ар бир мазардан ар кандай сыр көрөсүң. Бирок, бардык эле учурда көрүнө бербейт. Мен үйлөнгөндөн кийин көпкө балалуу болбой жүрдүм. Өзүм да көп иччүм, анан минтип намаз окугандан кийин аялымды бул жерге өзүм менен кошо алып келдим. Бул Калпа ата мазарына келип, кеч кирип калган, шам намазын окуп, эшикке чыгып теректин түбүндөгү булакка барып шам жагып, куран окуп отурдук. Ошондо куранды бүтүп, алакан жайып дуба кылып атканда шатыраган үндүн келе жатканы угулган. Бата кылып аркамды карасам эч ким жок. Аялыма угулбаптыр. Кудайга шүгүр, азыр балдарым, кыздарым бар.

Эң алгач Унут устатым Казакстан, Түркстанга чейин ээрчитип жүрдү. Андан тышкары Ыдырыс, Ак терек, Бозтектир ата, Боотерек ата, Кочкор ата мазарларына барып жүрдүм. Кочкор ата мазарына барарда түшүмө аян берген. Түшүмдө эмнегедир эки колумду бирдей оор бир нерсе чаап өттү. Эртеси эмнегедир баргым келген жок. Бирок, мени менен бара турган кишилерди күттүрүп койбоюн деп бармак болдум. Жолдон эмнегедир ойлонуп бараттым. Кочкор ата мазарына барып, баарыбыз машинадан түшүп булакка карап отуруп куран окуп жатканда алыстан мен жак капталдан кыпкызыл от учуп келип булакка кирди. Жанымдагылар көрдүбү билбейм, сураган жокмун. Анан жолго чыгып баягы машина менен келе жатып, дөңдөн чыга бергенде машинанын тормузу кармабай, машина артты көздөй тартты. Биз машинадан түшө калып баарыбыз машинанын дөңгөлөгүнө таш кое баштадык. Ошондо эмнегедир биринчи таш койгондо колумду дөңгөлөктүн учу сүрүп кетти. Экинчи койгондо баш бармагымдын тырмагын оорутуп таш сүрүп кетти. Ошол замат баягы түшүм эсиме келип, эмнегедир колумдун ооруганы түшүмө дал келип жатты. Анан бир нерсеге учурап калбайын деп калдым. Ошентип жанымдагы кишилер менен машинаны дөңдөн түртүп чыгып, жол тарттык.

Мазарга өз эрежеси, ишеним менен келсең эч жамандык көрбөйсүң. Ушуга байланыштуу элдин оозунан «эки кошуна тууралу» укканымды айтып берейин. Кайсы бир күнү бир кошунанын бир карын майы жоголот. Ал кошунасынан көрүп, аны күнөөлөйт. Ал мойнуна албай «сен мени ак жерден каралаба» десе, беркиси «Эгер ак болсоң Калпа атаны (мазарды) барып чап» деген экен. Кошуна-колоңдор баары күбө болуп, ээрчип Калпа атага келип, тигил Калпа атаны балта менен чаап, ошол замат мүдүрүлүп кеткен экен.

Биздин мурунку карыяларыбыздын бири жаш эле бой жетип калган жигиттерге «балдар бул Калпа ата мазарын карап заара кылбагыла, бул жер ыйык жер» деген экен. Алар аны укпай эмне болмок эле деп арасынан бирөө чыга калып, Калпа атаны карап заара кылып аткан учурда бир шуулдаган катуу үн чыккан экен. Кийин көп өтпөй баягы заара кылган бала үй-бүлө курганга да жетпей өлүптүр.

Ал эми азыркы эле учурубуздагы арак ичип жүргөн, үй-бүлөлүү эле баланын Калпа ата мазарынан көргөн сырын, өз оозунан укканымды айтайын. Ат минип келе жатып аябай мас экен. Калпа ата мазарына келгенде аты баспай коюптур. «Бир убакта чытырман токойдун ичинде жүрөм, аттан түшүп жөө бастым, атты жетелеп келип бир талга байладым. Анан уктап калыптырмын. Эртеси таңга маал турсам атым бир куурайда эле байланып туруптур» дейт.

Дагы ушул эле айылдык жигитибиз мас болуп, Калпа ата мазарынын тушуна келгенде бир коргон тосулуп курчап калгандыгын айтат, тырмышып, аябай асылып, баягы коргондон чыга албай коет, анан уктап калып, эртеси турса, эч кандай коргон деле жок экен.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>