Абылов Абдыжапар: «Мен мазарлардын касиеттүүлүгүнө азыр абдан ишенем»

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Мен мазарлардан Кулкожокмат Ясавинин мазарын билем, бирок алгач анын устатына барыш керек экен. Устаты болсо Арсланбаб экен. Арсланбабка барып келгенден кийин гана Кулкожокмат Ясавиге барыш керек экен. Ал Кулкожокмат эстелигин Аксак Темирлан деген курдуруптур. Куруп жатканда эртеси күнү келип карашса, кыштардын бардыгы чачылып калыптыр. Кайра баштан аяк курушуп, эртеси күнү келишсе дагы чачылып калганын көрүшөт, таң калышат. Кароолчу койдурушса, билбейбиз эмне болуп чачылганын дешет. Анан ошол жерде Эшен-олуя чалыш киши бар экен. Анан олуялар билбесе, андан башка эч ким билбейт деп ошого барышат. Барып жөн-жайын айтып түшүндүргөндөн кийин биринчи мунун устаты Арсланбабка кур, анан кийин орун болот. Арсланбабка курбаса, мунун орду болбойт дептир. Ошентип Арсланбабка курушуптур, ал Кулкожокмат Ясавиден 60 чакырым алыстыкта турат экен. Анан бир жолу Өзгөрүштөгү Райкан деген эже менен бардым. Ал жерге ал жылына барат. Экөөбүз барганда төртүнчү келишим деди. Жылына барып жатып жүргөн үйү да бар экен. Ал үй чынында өзбектердики экен. Ошол жерге 100 киши келсе 100ү кетип жатат. Мурда Кулкожокмат Ясавинин эстелигине эч ким барчу эмес. Анын ичинде бир тай казан деген казан бар экен, 40 кулачтуу казан. Ошонун саймасы эми абдан кооз, шумдук. Ошол казанды эми Ленинграддагы Эрмитаждын музейине алып кетишиптир болчу. Ошол жактан көрдүк деп элдер айтышчу, ошону кайра алып келишиптир.

Иранда дүйнө жүзү боюнча эң чоң мечит бар, Меккеде да андай мечит жок экен. Ошол мечиттин бийиктиги 70 м. экен. Ошого Казакстандын президенти Кунаев барыптыр. Ал эки жолку баатыр, партбюронун мүчөсү болгон. Ирандын чоң молдолору бу казактын ханы деп суроо беришет. «Казакстандын Түркстан шаарынан Кулкожокмат Ясави деген пайгамбар өткөн, ошонун эстелиги бар экен. Биз советтер союзу мусулмандарды атып, камап, кордук көрсөтүп, ар кандай эстеликтерди бузуп, же мамлекеттик мекемеге айландырып салган деп угабыз. Зыярат болбой калган экен, ал жакка же болбосо биз барат элек, чек арадан өткөзбөйт, ошонун акыбалы кандай?» – деп сурашат. Кунаев ал жөнүндө билбейт экен, «ал жөнүндө түшүнүгүм жок» дейт экен, «анда сен орустун чочко багары экенсиң, биз сени хан орустун бир тармагын бийлеген адам деп жүрсөк, сени менен эми сүйлөшпөйбүз» деп коюшуптур. Ошол жерден Кунаев уят болуптур. Анан ал Алматыга келип сураса, «бар, эмне болгонун биз да билбейбиз, өкмөт сыйынтпайт, намаз окутпайт» дешет. Анан кийин Кунаев ошол жерге барса, аскер казармасы экен, анан казарманы башка жакка дайындап, ал жерди реставрацияга бериптир. Кунаевдин күчү менен 25 жыл бою ремонт жүрүптүр, айланасын кооздоп жол салып, плита коюп, жанына жаңы мечит салдырыптыр.

Бир жаман жери – Кулкожокмат Ясави 63 жашка келгенде пайгамбар жашынан ашык жашабайм деп жердин алдына жай кылып, жер алдына кирип кетиптир. Зыяратка барган кишилер жер алдына түшүп баарын көрүп чыгышчу. Жер алды көп бөлмөлүү да. Ошол жерде бир шам күйүп турчу экен. Ошол күйгөн шамдар менен казандар кайнап тамактар бышып турат экен. Анан Кунаев мунун эмне керемети бар, бул кантип күйүп турат, сырын билели деп буздуруптур. Ошол жерди изилдеп мен да ушундай салдырып күйгүзөм деген экен. Ал болсо кудай тааламдын керемети менен күйүп турчу да, ошо боюнча күйбөй өчүп калыптыр, кайра кыштарын орду-орду боюнча койдурат, баары бир күйбөй коюптур. Зыярат кылганы баргандар, топурагынан алып кетишет экен. Азыр эми топурагы түгөнөйүн деп калыптыр, ал эми жердин алдын килем менен жаап, эшигин тосмолоп салышыптыр. Эми зыяратка барган кишилер кумурскадай көп. Арсланбабка зыяратка студенттер мугалимдер менен барышат экен. Мазарды баалабаган ушу кыргыздар экен, жада калса ал жакка орустар да барат. Арсланбабтын жанында мейманканалар бар экен, барган кишилер ошолорго жатышат. Бир барсак, бир дагы мейманкана бош эмес.

Биз мазарга барганда ар кандай мазарлардын ээлерин көрөбүз. Мен мисал үчүн Ак терек мазарына барып, ак сакалчан киши жана чоң жылан көргөм. Биринчи көргөндө кадимкидей корктум, бирок мазардын ээси экенин билип сыр бербедим. Андан башка мазарлардан деле көргөм. Кээде көрбөй калабыз, кээде көрөбүз, эми ар кандай болот да.

Мындай бир окуя айтып берейин. Ушул жашоодо бир кыз болуптур. Ал кыз кудайдын бар экенине ушунчалык ишенчү экен. Ал кыз кудай жөнүндө көптөгөн китептерди окуп жүргөндө ага атасы каршы болуп, «кудай деген жок, экинчи бул китепти окуба» – деп катуу талап коет экен. Бардык жакшы сапаттарды үйрөнгөн кыз атасынын сөзүн эки кылбай, китептерди аргасыздан окубай, кудай жок деген чечимге келип жүргөн күндөрдүн биринде кыз катуу ооруй баштайт. Атасынын алып барбаган жери калбай калат. Кыздын оорусу күндөн-күнгө катуулай баштаган кезде атасы түш көрөт. Түшүндө ак сакалчан киши сен бизге шек келтирдиң, эми кызыңды биз алып кетебиз дешиптир. Ошондо баягы адам кечирим сурап, кыздын жанын сактап калгыла десе, макул болбой коюшуптур. Ошентип кыз көз жумат. Ошондон баштап тигил киши кыргызчылыктын бар экенине, мазарлардын касиеттүүлүгүнө абдан катуу ишенип калган экен. Мен да ушул китепти окугандан бери абдан ишенем. Мен, мисалы, мазарга сыйынсам, тилегеним орундалат. Мен мазарлардын касиеттүүлүгүнө азыр абдан ишенем.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>