Акмат кызы Саманчы “Манжылы менин турмушума көп эле жардам берди”

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Акмат кызы Саманчы “Манжылы менин турмушума көп эле жардам берди”

1936-жылы Тоң районунун Жер-Үй айылында төрөлгөн. 1954-жылдан 1968-жылга чейин чабан, 1968-жылдан баштап, эс алууга чыкканга чейин Бөкөмбаев айылдык төрөт үйүндө ооруларды тейлөөчү жана оорукана тазалыгын сактоочу, кенже медицина кызматчысы катары эмгектенген.

Мазарларга ден соолуктун айынан көп каттадым. Жаш кезимден эле ооруп, көп жерге, баш-аягын эсептесем, 32 молдо, табып акеге бардым. Манжылыга да көп бардым. Манжылынын башында Ак-Терек деген жер бар. Мына ошол жерге биринчи барганда, бугумду чыгарып, аябай ыйлагам. Андан кийин мына Манжылыга барам, тээ башына чейин кыдырып келип, аян албайм, бирок аябай сергип, буту-колума жакшы таасир алам. Манжылыга көпкө чейин барбай калсам, ооруй берем. Түн ичинде да өзүм аябай кыйналам. Муундарым, буту-колум, ички органдарым жаш кезимден эле ооруйт. Көпчүлүгүн кыргызча дарылаган кишилерге барып жүрүп, алардан деле пайда көрдүм, анан Манжылыга барып, өзүмө-өзүм табыпкер болуп жүрөм. Чөп дарыларды да көп ичем. Ошонун ортосунда көбүрөөк Манжылыга барышым керек.

Чөптөрдү өзүм чогултам. Ашказан, жүрөк, бөйрөк ооруса жалбыз, бака жалбырак, боор ооруса бөрү карагаттын түбүн кургатып алып ичем. Бала-бакыранын, өзүмдүн тамагым ооруса, адырашман деген чөптү ичебиз.

Мен кишилердин башын теңдейм, көзгө конок консо[1], көздөрүн үйлөйм, ырым жасап берем. «Менин колум эмес, Умай эненин, Алла-Тааланын өзүнүн колу», – дейм. Мен тамыр кармабайм. Бирок оюмдагыны аткарам.

Манжылыга негизи 1996-жылдан бери барып жүрөм. Кудагыйым бар, ошол экөөбүз кеңешип-кептешип туруп эле, барып жүрдүк. Ал киши баралы дейт, же болбосо өзүм деле көңүл буруп турганда барышым керек.

Союз убагында Ү. деген ысымдагы райкомдун жетекчисинин тушунда бир эле ирет барып калдым. Андан кийин ал киши тыйып койгон, эмнеге тыйып койгон себебин деле билбейбиз. Ал убакта жумуш күчөп турган да, ошол жумушту таштап коюп эле, Манжылыга кетип жатышат деген ой менен тыйып койсо керек деп ойлойм. Ал киши ачыктан ачык эле тыйды.

Мен алгачкы барган учурда мазарда тулга бар болчу, чайнектерди асып коюп, баргандар чай кайнатып ичишчү. Бир жолу мазарды жакшы билген бир байбиче жолугуп, бирге зыярат кылып, Манжылыны төрүнө чейин көргөм.

Совет мезгилинде Манжылыдагы Умай эненин мазарын трактор менен түртүп салышкан. Барган сайын ошол жердин эки эмчеги кадимкидей билинип, сезилип турат. Көп адамдар барган сайын, ошого өкүнөт. Азыр мазар шайыгы Кадырбек 5 бөлмө там салды. Так ошол жерде Умай эненин мазары болуп, кадимкидей сүт чыгып турчу. Мен өзүм байкаган жокмун, элден уктум. Түрттүрүп салган киши оорулуу болуп жүрүп, ошол жерге кайра өзү боз ат союп, кечирим сурап, бата алды.

Мазарга барганда шам жакпайм. Бирок үйдөн балдарым сасык тумоолошсо, анда үйдү тазалап, шам жагам. Ден соолук бер, ак жол ачып бер, балдарым азыткыдан алыс болсун, өз ырыскысы өзүнө буюрсун деп, мазарга тиленип барам. Балдарыма ыйман сурап, жол сурап, анан өзүмө ден соолук сурап барам. Элге берсин, журтка берсин, эл ичинде балдарга берсин деп тиленип барам.

Мазар менин турмушумда көп эле жардам берди. Балдарыма жол ачып берди. Биз кудай деген кишибиз, ниетибизди койбосок, пейилибизди койбосок, кантип оңолобуз. Азыр жакшы балдардын баары тескери жолго түшүп – молдобуз эле дешет. Алар мазарларга каршы чыгып жатышат. Чындыгында, муну мен туура эмес деймин. Алла Таала кечирсин, мен туурасын туура деп эле айтам.

Мен билгендерден Мамбет ава[2] баласын ээрчитип алып, Манжылыга көп барып жүрчү. Бул киши ак көйнөк, ак дамбалчан болуп, кырдан ары башына чейин чыгып, кыр менен ылдый карай түшүп, түн ичинде такай басчу экен. Ал акыркы убакта, азыркыдай заман боло электе деле барып жүрдү. Мен анда өзүм ниетимди көп койгон эмесмин го, ал убакта капа болуп жүрүп, ал кишиге көп моюн бербептирмин. Эмне үчүн бул киши Манжылыга барса, кошо барып жүрбөдүм экен деп азыр ойлонуп калам. Далыдан кармап туруп, жүрөк көтөрчү бул киши. Абышкам өлгөндө, үйгө келип, куран окутуп: «Байкушум, түйшүкчөөл элең, эми мындан кийин да түйшүк тартасың», – деп жүрөгүмдү көтөрүп, маңдайымдан үч жолу сылап койду.

Мамбет ава ачылып жүргөн убакта, аябай кыйналып жүрүптүр. Биздин туугандар, мунун бетин ачалы деп, боз үйдү тигип туруп, ачыкка чыгаралы дешип, «Манас» айттырган экен. Ошондон кийин бул киши ачылыптыр. Бул төргө отуруп алып, анан эшиктин алдына жылып барып, адегенде ачыла албай коюптур, андан кийин элдер суранып, элдин батасын алгандан кийин ачылган экен.


[1] Көзгө конок конуу – көздүн ичинде кичинекей ак тактын пайда болуп, көздү өйкөшү. Муну дарылай турган атайын адамдар болот: биринчиден, ал адамдын өзүнүн көзүндө калы болушу керек, экинчиден, ал адам бир ата, бир энеден жалгыз, бир туугансыз болушу керек. Табыпчылыктын бардык түрү кан кууйт. Көз үйлөй турган адамдын ата-бабасында ошондой касиеттүү адам болгон болушу керек. Ал урпагы аркылуу жанагы ырымды аткартат. Эгер аткарбай койсо, ал урпагынын өзүнүн көзү оорукчан болуп калышы мүмкүн. Ошондой касиеттүү эркек же аял гана бир чыныга суу куюп, колуна 7 буудайды алып, белгилүү бир сөздөрдү айтуу менен, ар бир буудайды көздөн тегеретип, чыныдагы сууга сала берет. Сууга түшкөн буудайлардын учунан шар түрүндөгү көбүкчөлөр чыгып, мунун өзү көздөгү коноктун чыгып жаткандагысын жышааналайт (Кыргызчылык жолундагы Эргешбай Ажыбаевдин айтуусу боюнча).

[2] Мамбет Чокморов – манасчы.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>