Асаналиев Үсөнбек, Акелердин улуусу Карга аке

This post is also available in: Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

1932-жылы Жети-Өгүз районунун Даркан айылында туулган. 1950-жылы Каракол шаарындагы мугалимдер институтун, 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин бүтүргөн. Даркан орто мектебинде мугалим (1956-59), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер (1959-68), Кыргыз Советтик Энциклопедиясында редакция башчысы, жооптуу катчы (1968-71), КМУнун филология факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын улук окутуучусу, доценти, кафедра башчысы болуп эмгектенген.

1993-2001-жылдары Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун доценти, кафедра башчысы, 2002-жылы аталган университеттин «Ардактуу профессору», 2001-жылдан Ж.Баласагын атындагы КМУУнун ректоратынын кеңешчиси, кыргыз тил илими кафедрасынын профессору болгон.

Эл агартуунун отличниги (1985), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери (1999). Филология илимдеринин доктору, профессор. 2002-жылдан бери Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык ардагер.

Бир канча илимий эмгектердин, адабий котормолордун автору, акын, комузчу. Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар, Журналисттер Союздарынын мүчөсү. «Сөз – сөөлөт» (1999), «Ой – оомат» (2002), «Кеп – кербен» (2002), «Арзуу» (2003), «Жакшы сөз – жан азыгы» (2008), «Сап санат» жана башка адабий китептердин жана «Ак сөз арыбайт» (1971), «Хакас эл жомоктору» (1975), «Чыгыш элдеринин макал-лакаптары» (1980), «Орус эл жомоктору» (1985), «Белорус эл жомоктору» (1987) котормо китептеринин автору.

…Эгемендиктин аркасы менен Ысык-Көлдөгү акелердин арбагы козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Карга аке – бугунун желдең уруусунан чыккан улуу инсан. Жүз он жаш жашады: 1718-1828. Улуу жашка баргыча, он уулдуу болгон. Оозунда сөзү, калкка калыстыгы бар бул адам аркы кылымдарда жашап, калмак-жунгарлардын калабасынын да капшабына кабылган: «Жонгорлуу жоодон сактасын, жоболоңдуу доодон сактасын», «Ойроттон шок чыгат, оюндан от чыгат», «Коктуу калмак кор кылды, колотуңду тор кылды», «Калмак каймагыңа көз артпайт, аймагыңа көз артат» – деп, калк тагдырына кабыргасы кайышкан, жоого кыраакы болууга чакырган.

Карга ата, Карга бий аталып келген улуу адамдын өмүрү да идеологиялык коркунучтан улам өзүнүн эле атка минер, тың чыкма урпактарынын ата-тегинен коркуп-үркүүсүнүн айынан унут болууга айланган.

Атактуу санжырачы Садык аксакал, куйма кулак Курманаалы карыялар, Супатай аталар айтып, анын мугалим уулу Абдылда алардан жазып калбаганда, Карганын сөздөрү да калмак эмес экен.

Садык аксакал: «Касиеттүү Карга атамдын кайран сөзүн уккула!» – деп, күйүп-бышып кетер эле.

Мен да кызыгып, далай сөздөрүн жазып алып, өзүм үчүн эле сактап койгом. Мындай күн келерин анда ким билген. Карга атаны акелердин катарына алып чыккан өзүнүн калыстыгы, замандаш Сарт аке, Тилекмат аке, Боронбайдын сый-урматы, өзүнүн нуска сөздөрү, азыркы муундун адилет баасы болуп отурат…

XVIII кылымдын орто ченинде Орто Азиялык элдердин каардуу душманы – жунгарларды (калмактарды) кыргыз уруулары кытайлардын жардамы менен өзүнүн мурунку жерлеринен кууп чыгып, кайта келишип отурукташат. Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Нарын дарыясынын бойлоруна көчүп келип конуш алышат. Калмак жеңилген соң, Карга аке калкы менен Жуукуну байырлаган. Ал киши өмүр өткүчө: «Көлдөй көл болобу да, Жуукудай жер болобу? Жуукунун суусу – жуурат, балыгы – май. Бул жер – анык бейиштин жайы. Тоосу малга жай. Сырты сынга толгон карагайсыз Тарагай! Бир жаралган кооз дүнүйө! Урпак-тукумга буюрсун, аларга ыйык Ата конуш болсун!» – деп суктанып, айыл конгон экен.

Карга аке – калыс, акылман, алдыны көрө билген көсөмдүгү менен калкына кадыры өткөн адам. Ой чабыты кенен, чечен, эл тагдырын ойлогон, элге жакшылык тилеген, жакшылык жасай билген, батагөй инсан болуптур. Ал калк ынтымагын жогору баалап: «Эккенден дан чыгат, эрегиштен жан чыгат», «Ынтымак оңдуу болбой, ырыскы жөндүү болбойт», «Калыстыгы жок бийдин калкка кереги жок» өңдүү акылман сөздөрү бүгүнкү күн үчүн да, келечек муундар үчүн да айтылган керээз, насааттай туюлат.

Артына сөз калтырбаса, акенин акелик касиети кайсы. Бийликти да, байлыкты да, душман запкысын да башынан өткөргөн улуу даанышмандын турмуштук көз караштары өзгөчө баалуу. Элде: «Калыстыкты Каргадан үйрөн», «Карга акенин касиети, оозунда осуяты бар», – деген кептер бекеринен сакталып калган эмес.

Карга аке журт биримдигин, жоодон сак болууну, коогалаңдуу жаңжал кор кылгандыгын, ойрот, калмак оң кылбасын кабыргасы кайышып, өтө тынчсызданып: «Чыккан күндүн да батаары бар, тирүүнүн кайтаар катары бар. Улуу жаштын учурунан өттүм. Бизге чейин да бир катар акылмандар өткөн. Калктын тынчы кетип, калмактын азабынан кайда барбады, кайда калбады. «Калмак – кара көпөлөк, каптаса чаңды көтөрөт» дешчү эле. Жоонун жоругун билбей, кордугун көрдүк. Жоо бар жерде жоболоң, ырк кеткен жерде тополоң. Жоонун жолунан чыккылык кылбасын. Жоо аябайт, жаш-карыңа карабайт. Алсыз басынат, арсыз чабылат. Алыңа карап айбат кыласың, карууңа карап кайрат кыласың. Жоо күчтүү болсо – качасың, кайгыга батасың. Эр башынан эмне өтпөйт. «Калмактын камчысы кайрылбасын, калкым Көлдөн айрылбасын» деген ичимде бугум, көңүлдө зарым жаныма тынчтык берчү эмес. Кудай элдин тилегин кабыл кылды. Калмактын камчысын каруусунан какты, калмак жоо ниетинен тапты. Бешенебизге жазган Көлүбүз өзүбүзгө буюрду. «Ала болсоң, алдыңдагыны алдырасың». Биримдикте, бир тилекте болуп ырыскыга буюрган ата конуш жерибизди, чакан элибизди бириктирип, таштын уюмундай биригели. Бирлик болбогон тирлик курусун. «Чачкын болсок – чабылабыз, бир балаага кабылабыз. Бүтүн болбосок – бүлүнөбүз, санаасы бузукка бүгүлөбүз», – деп айткан экен.

Көл бийлерин баш коштурган башчысы болбогон соң, бир мыкты көрөгөч көсөмдү тандоо керек эле. Аны мезгил, шарт талап кылган. Ар кимиси ар кандай ойдо болушуп: «Бул ишке Карга бийдин калыстык оюн угалы», – дешет. Ошондо Карга аке: «Оюмду ортого салайын, адам баласы азаптан да акыл үйрөнөт. Кара жоо канчаларды ойго салбады. Биримдиги жок, чилдей тараган элди душман четинен кырат. Билегибиз башка болсо да, тилегибиз бир болсун. Майда бийлер болгонубуз – чабалдык. Бир чоң бий болбосо болбойт. Көлгө бир башчы керек. Бир кишиге баш иели. Он өлчөп бир кесели. Жүрүмү түз, жүрөгү таза, калктын кадырына жеткен, кандай ишти болсо да калыс чечкен, кедейди байдан кем көрбөгөн, тең көргөн, ар урукту баш коштуруп бел кылган, баарын бир боор эл кылган, алысты көрө билген, жалгандан чынды бөлө билген, адилет, эки сүйлөбөгөн, эстүү, тектүү, салабаты бар султанды тандаганыбыз оң. Казак султанындай султан күтөлү. Башчыны байкап тандайлы, артында оозду карманып, өкүнүп калбайлы. Башчы жаңылса – баарынын жаңылганы, балаага кабылганы. Өзүмчүл болбосун. Өзүмчүл өрттөн жаман. Өзүмчүлдүн өчү көп болот, журт бузулат. Ынтымак-ырк кетет. Тазаны тандайлы. Мен угуп, билгенден Боронбайдан мыктысы да, ыктуусу да жок. Бийликке тутка болор Боронбайдан башка уулду көрө албай турам. Эл эп көрсө, Көлгө Боронбайдын султан болгону ылайык. Султандын ордосу Жуукуда болсун. Көптөн бери көңүлүмдө жүргөн – Боронбай. Менин оюм ушул», – деп бүтүм чыгара сүйлөптүр.

Жүйөлүү айтылган кепти көл бийлери да эп көрүп, Карга акенин көңүлдөгү ойду тапканына ынанып, Жуукуда өткөн шайлоо жыйынында баары Боронбайды султандыкка көтөрүшкөн экен.

Боронбай бийлик башына келгенден кийин, наркты сактаган Карга карыя ак боз жорго жетелетип келип:

Э, Боронбай султаным!

Бийликтин күчү – биримдик,

Биримдиктин жогунан,

Калмактан качып бүлүндүк.

Жолубуздун башчысы болдуң,

Журтубуздун сакчысы болдуң.

Ар урук элди курап ал,

Адилет сурап ал.

Көбүн көп деп көкөлөтпө,

Көбүнө азын чөгөлөтпө.

Бирин ашынтпа,

Бирине бирин басынтпа…

Узун карап, тең сана.

Бир сөзүң жерде калбасын,

Канатың талбасын.

Жүрөгүң кабында болсун,

Акылың табында болсун.

Сен – түндүк, биз – уукпуз,

Бирде жылуу, бирде суукпуз.

Оң, солун өзүң билерсиң,

Көңүлүңө илерсиң.

Таман жериң жатка кетпесин.

Жериңе көз арткандар максатына жетпесин.

Кар эрибей сел болбойт,

Калк жыйылбай эл болбойт.

Башчы акылман болбосо,

Башка журт менен тең болбойт.

Кан кара өзгөй болсо – өлгөнү,

Өзүн-өзү тирүүлөй көмгөнү.

Кан жаңылса, кадыры кетет,

Калк кыйналса, сабыры кетет.

Жакыныңдан алыс бол,

Жалпы журтка калыс бол.

Казакка канатташ бол,

Оруска сабакташ бол.

Көл толкуса толкусун, эл толкубасын,

Бейпил жашап чочубасын.

Жериңди сакта, элиңди сакта,

Элиңдин үмүтүн акта!

Калкыңды өмүрүң өткүчө билип жүр,

Мына бул ак боз жоргону минип жүр,

- деп бата берген экен.

Файзулла Ногаев орус тыңчысы болгон. Бул көптү көргөн, билимдүү адам ишин калкка кадыр-баркы бар калыс Карга бийден баштаган. Орустун күчү, куралы, адилети жөнүндө айтып, ал кишини катуу ынандырган. Орус маалыматын татардан алган Карга бий да Кокон, Кытай бийлиги менен салыштыра келип, оруска кошулууну оң көрөт. Ошондон улам: «Коконго кошулсак кор болобуз, Кытайга кошулсак кыйноосун көрөбүз, Оруска кошулсак оңорбуз, тынч жашай турган болорбуз», – деп бекем ишенимге кирет. Ногаев Файзулла Карга аке менен катуу достук мамиледе болот, көздөгөн максатын орундатат. Файзулланын укум-тукум урпактары даркандык болуп, ушул тапка чейин урук ыражасына кирип, тамаша-чынын аралаштырып: «Биз – Тууманын тун уулубуз. Карга аке – таятабыз, жээнибиз да бар», – деп калышат.

… Катуу ишенимге муюган Карга аке бийлерге орус жайын да айтып, алардын да макулдугуна жетишет, бийлерди Ногаев Файзулла менен бир нече жолу жолуктурат. Ошентип, бир пикирге келишкен соң, бийлер оруска кол созуш үчүн Файзуллага кат жаздырып, 1824-жылы жөнөтүшкөн. Бул даректүү катта «Карга Мендегулов» деп да жазылганы тарыхка чоң документ болуп отурат.

Карга калыс да, алыс да караган адам болгон экен. «Атаганат, оруска көл кыргызы эле эмес, бүт кыргыз карасак, ошондо күчтүү болор белек? Арга түгөнсө, ар кайсыга баш катат тура?» – деп татар миссионер менен эчен жолу ой бөлүшөт. Бул иш, көл бийлеринин баарынын көңүлүндөгү көйгөй эле. Карга аке бу иштин чоо-жайын Боронбайга айтып, акыры Боронбайдын аракети менен ишке ашкандыгы ар кимге аян. Оруска кошулуунун жолу да оңойго турган эмес. Анын да азап-машакаты арбын болгон. Ошентип, тагдыр таразасы оруска кошулууга оогон. Бийлерди үгүттөп, тилмечтик кылып, орустардын маалыматын берген Файзулла көл кыргызынын оруска кошулуусуна ынтызар болгон, көп эмгек жумшаган…

Карга бийдин өмүрү кайнаган калаймандын чордонунда өткөн. Калмак жапырыгы, бөлөк эл, бөтөн жерде болуу, чабылып-чачылуу, көлгө келүү, ыдыраган элдин биригүүсү, оруска кошулуу маселелери, эл тагдыры анын жанына жай берген эмес.

Ал эл бирдигин туу тутуп, ынтымакты көздөө менен, терең, акылмандыкка сугарылган олуттуу ойлорду айткан даанышман болгон. 18-кылымдын башында туулган Карга акенин дайын-дареги ушул күнгө чейин урпактарга жеткени ал кишинин элге кылган эмгеги, артында калган асыл сөздөрү болуп отурат:

Жолдо жооң болбосун,

Башта дооң болбосун.

Уулуң угумдуу,

Айтканың жугумдуу болсун!

Түндүгүң түшпөсүн,

Тууганың түтпөсүн,

Ырыскың бүтпөсүн,

Керегең бек болсун,

Кебиң эп болсун.

Уулга кубат берсин,

Келинге уят берсин.

Барк-баалуу баш берсин,

Бак дөөлөттүү жаш берсин.

Ирегең майлуу болсун.

Ишиң жайлуу болсун.

Өлүп көбөйгөн мал берсин,

Ооруп айыккан жан берсин.

Малыңа мал кошулсун.

Жаныңа жан кошулсун,

Тузуңду ак санаган татсын.

Кара санаган пейилинен тапсын.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>