Рыскул уулу Бактыбек

This post is also available in: Орусча

Рыскул уулу Бактыбек, 1962-жылкы. Талас району. Жон-Арык айылы.

Мазар – адамдын бир нерсеге зар болуп, муктаждыгын чечүү акыбалына келип калганда, ошого зар нерсе чыккан. Жаратканга кайсыл жерден тилек жетет, аны илгерки ата-бабалар бизге көрсөтүп берген. Мисалы Ала-Тоо деген жер бар. Бул техникалык ката десек болот. Бул Алла-Тоо деп аталат. Биздин тил менен теңир тоо болуп эсептелинет. Теңир сүйгөн жер болгон. Күмүштак деген жер бар. Күмүштөн так жасаса болот деген. Анткени ошол жерде аябай күмүш көп болгон. Күмүштактын суусун ичкенде, адамдагы ашказан оорулары айыккан. Малды дагы Күмүштак суусун кечирген. Мазарлардан медицинанын акылы жетпеген ооруулар айыгып жатат.

Касиет деген жандуу нерсе, адамга ыйыктардын жакындоосу. Тилинде мөөрү бар адамдарды касиеттүү адамдар деп аташкан.

Кыргыздар баарын алдын-ала билген. Кыргыздарда жайчы деген касиет болгон. Айды карап эле баардык аба-ырайын билип турушкан.

Эми бизде аба-ырайын билген адамды жайчы деп коет. Анан куучу деген түшүнүк болгон. Ата-бабалар оорунун эки эле түрүн айтышкан. Ысык, суук. Анан ысык, сууктарда өздөрүнчө эркек, ургаачы деп экиге бөлүшкөн. Анан жандуу илдет, жансыз илдет деп айтышкан. Жандуу илдетке илээшкери бар адамдар кирген. Мына ушинтип бөлүп келишкен.

Чийге кебезди ороп, майга салып күйгүзүп, анан ошолордун жытына рухтардын келээрин билишкен. Ал нерсе шам деп аталган. Анан аян менен алып жүрүшкөн. Адамдар ар нерсени ойлоп табышкан. Адамдын жаралышын туш кийизге салып билишкен. Туш кийиздин бир бөлүгүн төрткө бөлүп, 40 күн адам кан болоорун, анан 40 күн эт, анан 40 күндөн кийин сөөк болоорун билишкен. Аялзатынын кийиминен эле карап, жашын билген. Аял эмне кийет, келин эмне кийет, кыз эмне кийээрин билишкен. Кыргыз эли ушунчалык кыйын, кыраакы эл болгон. Кыргыздарда баланын төрөлүшү да башкача, Умай эне бизде эле жамбашына так калтырат экен, башка өлкөлөрдө мындай болгон эмес.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>