Абдуллаева Тамара “ Манжылы-Атанын сырын көп көрдүм”

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Абдуллаева Тамара “ Манжылы-Атанын сырын көп көрдүм”

1949-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Орто билими бар. 8-классты окуп жаткан кезде Көлгө көчүп келишип, 1966-жылы турмушка чыккан. Тогуз баланын энеси. Азыр Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында жашайт.

Башынан чоң аталарыбыз чоң молдо экен. Тоңдо жашаган чоң атам чоң молдо болчу. Уйгур. Сур эшек менен көчө кыдырып, бала-бакыра эмдечү. Негизи арак ичпеген, молдонун үй-бүлөсүндө чоңойдум. Алардын көзү өтүп кетти, анан Жаргылчакка келгенде, бала-бакыралуу болуп, бирок жетишпеген жашоо болду.

Ак-Теректик Калипа деген байбиче бар болчу. Түнкүсүн учуп кетчү экен. Менин 1971-жылкы уулумду аруу кармап[1], ошол кишиден жакшы болгон. Ал киши көчүрүү ырымын жасаган. Уулум менен тоокко шилекей алмаштырткан. Байбиченин айтуусу боюнча, өзүбүз чоң ак тоок алып барганбыз. «Эми бул тоокту урбагыла, сокпогула, таза жем чачып жүргүлө», – деди. Ал тооктун баламдан көчкөн илдети кармаганда эле, тырпырап, эки буту асманды карап, көзү чакчаңдап жүрүп, жөжө болуп калды. Анан өлүп калды, ошондон кийин эле сен көр, мен көр болуп, балам жакшы болуп кетти. Балам аруусу кармаганда, көзү чакчайып, оозунан көбүк чыгып эле, такыр кетип калчу. Ал кезде алты айлык эле. Ошондо менин балам анан дагы бирөөнүн баласы кармаптыр. Мен жетишпеген турмуштун айынан баламды догдурга эмес, байбичеге алып баргам.

Тукумубузда актык бар экенин жогоруда айттым. Бизге такыр ичкенге болбойт. Жаргылчакка турмушка чыккан кызым Тоңдо училищада окуп калды. Ал убакта мен оозума арак алып жүргөм, анан көп деле ишене бербей, мазарга жаңыдан барып жүргөм. Бир күнү ошол кызым айылга келип, кайра окуусуна кетип бара жаткан. Аны узатып, жол тозуп чыгып калдым. Өзүм иштеген дүкөндүн астында турганбыз, жол тозуп. Чогуу иштеген кесиптештерим дүкөндүн эшигин илип алышып эле, майрамдын асты деп ичип жатышат. Шилекей куюлуп, мен да жетип барып, 100 грамм ичип калсам деп жаттым. Же автобус келбейт. Бир кезде келди, кызымды салдым. Анан кирейин деп дүкөндүн астына келсем, бутума мык каккандай болуп, аттай албай калдым. Дүкөн жакка бассам эле баспайм, мындай бассам эле басам. Анан корктум: «Кудай айланайын, бирдеме болуп жатат го, кой кирбейин да, ичпейин, кетейин», – деп үйгө барсам, башка кызым дүкөнгө кирип, ичкилик ичким келгендигин билбедиби. «Дүкөнгө кирип арак ичейин дептирсиз, ичпей эле ырас келиптирсиз», – деди дароо эле.

Дагы бир жолу дүкөнгө барсам: «Кызың билбейт, чарчап жатасың, полду тыңыраак жууйсуң, кел 100 грамм ичип ал», – деп, ичирип коюшкан сатуучулар. Анан ичип алып, кечке пол жуудум, аны деле унутуп калыптырмын, анан үйгө барсам эле, эшиктин астынан кызым чалкасынан жыгылды. Аны көрүп, Кудай деп, кечирим сурап жаттым. Кызым эсине келгенде: «Эмне ичтиниз!», – деп айтты. Ошондон кийин мага бала керек деп, ичкиликти таштап, «Кудай айланайын, жакшы эле ичирдиң, эми өзүң ынсап бер», – деп коштоштум. Ошондо 40-45 жашта болчумун.

Биринчи баскан мазарым Манжылы болду. Мазар басайын деген деле, бала-бакыра эмдейн деген деле оюм жок болчу. «Аны деле бир Кудай таалам жакшы көргөн кишисине берет, ичкеним арак болсо, мага кандай келсин?», – деп ойлочумун да. Көрсө, канча күнөө кылсаң деле, Кудай таалам кечиримдүү экен. Кечирип эле, түз жолго салып коёт турбайбы.

Ошентип, чалынып жүрдүк. Анан 1979-жылкы кызымды 1989-жылы аруу кармады. Ошондо Бишкектен академиядан жумушчуларды текшеребиз деп, медиктер барган. Кызымды биринчи ошолорго алып бардым. «Калчылдап жатат» десем, Жанна деген психолог аял көрдү дагы, тез аранын ичинде Бишкекке алып баруу керектигин айтты. Келе жатып чоң энемдин сөзүн ойлодум, ал киши: «Аруу дегенди бала-бакырага кудай таалам сүйүп берет, жакшы жакка берет, муну көтөрө алган көтөрө алат, көтөрө албаганы бул жалганда кыйналат», – деп айтчу. Ошол чоң энемдин сөзүн эстедим да, балким кудайым сүйүп, бул жашоонун кыйынчылыгын жакшы эле тарттык, ошого боору ооруп, актык берип жатабы деп, баламды жуунтуп алып, Ак-Теректе көз ачык жаш кыз бар экен, жакшы кармана албай калып, майып болуп калыптыр, ошол кызга бардык. Барсак эле, тилин жакшы түшүнбөй койдум, энеси которуп берет экен. «Кызыңардын касиети бар экен, дем салдыргыла, догдурлабагыла», – деди. Анан 7 күн, Чычкан айылында Айткурман деген молдо бар болчу, ошого алып барып окуттум. Андан кийин Манжылы-Атанын азыркы шайыгы Кадырбекке алып барып, окуттум. Ал кезде Покровкада поликлиниканын жанында кыргызча жаңы бөлүм ачылып, Кадырбек[2] ошондо иштеп жаткан. Ал киши дагы: «Касиеттери бар экен, эки жакка алып барбаңыз», – деди. Андан кийин келип эле, кызым баспай калды. Ак-Терекке бир көзү ачык аял келиптир, ошол билет экен дегенинен, ага бардым. «Тескери дуба салып коюптур», – деп айтты. Шам жагып, сүйлөп жатканда билем, аябай өпкөм көөп ыйлап жатыптырмын. «Сиз киши көрсөңүз болот экен, мурда киши көрчү белеңиз?», – деп сурады. «Жок, чоң энемден көргөн ырым-жырымды жасап эле, балдарымды догдурлаткан жокмун. Анда-мында ооруганда эле, ырым-жырым жасап койсом, эртеси жакшы болуп калчу» – десем, «Киши көрсөңүз болот экен, сизге берилип жатат», – деди. Ошону менен 15 күн ал жерде, Ак-Терек мазарында жүрдүк, андан кийин Манжылыда 3 ай жаттык. Баягы кызым ээлигип, көлдү көздөй качып кетет. Иши кылып, ушинтип кубалашып жүрүп, аягында дубасы чечилди. Бул жөнүндө өзүмө аян берилди.

Ошол Манжылыда жүргөнүбүздө, түшүмдө кара баштыктын ичинен бир купкуу болгон азиз чыгып жатыптыр. Башы – кызымдын башы. Соймоңдоп чыгып жатат, анан эле келме келтирип: «Кызым дубадан кутулуп, жакшы жакка ооду», – дедим. Ошондон кийин кызымдыкы мага оодарылганын касиеттер айтты. «Ата-бабанын руху менен сезимиңизге келет, ошону айтсаңыз эле болот», – дешти. Кандай температура болуп, эки-үч күн чыдабаган балдар келсе дагы, кармалап койсом, жакшы болуп калат. Эртеси эмне болду экен деп ойлонуп, тынчсызданам, бирок, жакшы болот.

Көптү билиш керек экен. Мен аракет жасап, бирок, көп жерди баса алган жокмун, себеби жолдошум каршы болуп туруп алды. Бала-бакыра да бир этектен тартты. Бул - жашоодогу бир сыноо экен да.

Мазарлардан Жетиген ата мазарына баргым келет, барып зыярат кылганда, жеңилдеп калам, арыз-муңумду айтып, сүйлөшүп алам. Манжылы-Атанын касиети аябай эле чоң, элдин баарын эле аздыр-көптүр колдойт. Эмне тилек менен барса, ошолордун тилеги кабыл болот.

Бизди Манжылыга баргыла деп, ээрчитип жүргөн устатыбыз айткан. Бирок, ал киши чечилип айтчу эмес, кийин азап тартып калды. Берилгенди айтыш керек экен. Адамдарга туура түшүндүрүш керек. «Айтпа!» деген да жерлери болот экен, аны деле көп түшүндүргөн жок. Бирок устатымдын сөзүн эки кылбай Манжылыгы бардык, жүрдүк. Бизди жети күнгө барсаңар болот деген. Биз болсо, жети күн эмес, андан көп жүрдүк.

Жети-Өгүзгө барып, курорттун ары жагында карагайга түнөдүк. Чыракта көлдүн жээгинде чоң бак бар экен. Ошол жерде да аябай рух төгүлгөн деп, ал жакка түнөдүк. Шам жакканда, көзүмө эч нерсе көрүнбөйт, бирок касиеттердин айтканын айтып берем.

Менде көзүм көрбөгөнү менен, сезимдер болот. Мисалы, Улан[3] биринчи күнү кыйналып жатканда, байкеси Мыктыбек чакырып келди. Аңыраңдап эле, эшиктен кирип барсам, бирөө төшүмдөн түрткөндөй болду. Тышка кетенчиктеп барып, кайра жүгүнүп кирсем эле, жарык күйгөндөй болду. Аягына отуруп дем салсам эле, Солтобай атанын «Жинди суу» деген ыры бар экен, ошону Улан аябай айтып берди. «Уланды Мыктыбек тигил жакка алып барат, бул жакка алып барат», – деп, башка бир күчтөрдүн айтканын Улан өз оозу менен айтып берди. Баягы рухтар кирип алып, баланы айттырат экен. Мен ошол учурда баланын жанын чыгарып, өздөрү кирип, айттырып, рухтар анан кайра баланын жанын өздөрү салып коёт го деп ойлойм. Улан аябай кыйналып жатыптыр, «Стакан, арак, жоготкула!» – деп эле кыйкырат. Пайгамбарыбыз деле Сина тоосуна барып, жел кайып ахывалда куранды түшүргөн экен. Бул да ошондой. Өзүн-өзү билбей, катуу кыйналат. Керек болсо, мындай кыйнаганда, кишилерди учурманын кыры менен бастырат. Ошол кезде алардын жанында куран окулса, кыйналгандар тез эс алып, күч кирип калат.

Улан кичинесинен эле аябай кыйналды. Ооруп, эч нерсени, мисалы, арак ичилген жерлерди, ызы-чууну көп сүйбөй өстү. Буларга тынчтык керек экен. Үйүндөгүлөр «ооруду» деп эле жүрүштү. Биринчи класска кирээрде алып келгенде, мен: «Көзүндө калы бар экен, касиеттүү экен, догдурлабагыла», – десем, ата-эне деген ага болбойт да. Анын үстүнө ишенбейт. Болбой эле догдурлашты, бала ушинтип эле кыйналып жүрдү. Ал кезде аябай түшүнгөн киши болгон жок. Мен деле аябай жакшы түшүнүп кете элекмин. Улуу күчтөр өздөрү жакындап, тарбиялайт экен. Алардын таасиринде калган адам эч кимге кошулбай, түнт боло баштайт экен.

Кызымдын айынан мазарларды көп бастым. Бир жолу Манжылы-Атада отурганда, мындай окуя болду: Асманда бир да булут жок. Биз зыярат кылып жүрөбүз, анан бир машина келе жатат. Биз чоңдор келе жатат деп, жолдун ары жагына өтүп кеттик. Көрсө, алардын машинасында кою, анан бир жашик арагы бар экен. Ошол кезде кыздарыбыз сүйлөй албай жүрүшкөн. Менин кызым дагы бир эженин кызын ээрчитип жүргөнмүн. Экөө тең эле бирдей стакандын сүрөтүн тартты. Булар ушуну алып келатат деп, экөө таш алып, таяк алып, машинасын чагабыз деп жүгүрүштү. Биз антип алар менен кармашып жатканда эле, кайдан-жайдан кара булут келип, баягы Манжылы-Атаны кыян каптап кетсе болобу. Баягылар мазарга жетпей кайра тартышты. Алар жолго жетип-жете электе, баягы кара булут каякка кеткенин билбейбиз, баарыбыз шөлбүрөп суу болуп калдык.

Андан кийин да, шам жагып, зыярат кылып, караңгыга чейин отурчубуз. Бир күнү эле тиги кыздар жыгылып-жыгылып калды. «Булардын үстүн жаап койгула, буларды Ташкентке медресеге алып кетти», – деди берки кызды ээрчитип жүргөн эже. Мен ишенген жокмун. Экөө эки жерде дым чыкпай эле жатышат. Тура калып эле, мечиттин сүрөтүн тартышты. Экөөнүкү тең окшош экен. Ошол сүрөтүн эмдигиче катып жүрөм.

Айылга келгенде, бир күнү биздикинде үч күндүк ак чилтенге отурдук. Ак чилтен – бул зыярат кылып, ар кайсы рухтар, касиеттер менен байланыш түзүү. Терезе парданы ак полотнайдан тартып койдук. Индиядан касиеттер учуп келип, анан бизге суроо салды. Индияча сүйлөдү, биз түшүнбөйбүз. «Салам айткыла», – деди. Үч дин аябай бааланат турбайбы: Христианчылык, Буддизм жана Ислам. Ушул үч диндин өкүлдөрү келди, жүгүнүп салам айттык, анан тиги эженин кызы индияча сүйлөдү, бизге суроо берди. Биз жооп бере албай калдык, түшүнбөйбүз да. Берки эже деле которгонду билбейт. Салам айтып эле, тынч-тынч калдык. Анан кыргызча деле которуп беришкен жок.

Ак чилтен учурунда ага катышкан адамдар уктабай, үйдөн чыкпай, оокат кылганды токтотуп, жакындары даярдап берген тамакты жеп, толук көңүл буруу менен зыярат, сыйынуу кылышы керек. Бир киши даарат кылып туруп, тамак жасап, алып келип берип турушу керек дегенинен, бизге тамакты Жаргылчактагы кызым алып келип турду. Биз үч күн ак чилтенге отурдук. Даарат алабыз, киребиз, отурабыз, тамак ичебиз, анан куран окуп эле, сыйынып отурдук. Үч күн уктаган жокпуз. Мен, кызым, эже, анын кызы жана дагы Бекболот деген, дархандык бир бала болдук.

Чилтенге отурганга түрткү мындай болду. Көлдүн жээгинде шам жагып отурсак, ошол жерден бизди ээрчитип жүргөн аял: «Ак чилтенге отургула», – деп айтты. Ал покровкалык Алтын деген аял болчу. Анын бир кызы да ушундай актыгы болуп, өзүн-өзү кармана албай, жип менен кетип калыптыр. Андан кийин биз менен ээрчип жүргөн кызы да өзүн-өзү кармана албай, бычак менен классташын бутка сайып, анан ушул жолго түшүптүр.

Мен Алтын менен мындайча таанышып калгам: менин кызымдын калчылдаганы басылбаганынан, Жаргылчакта Калича деген кудагыйым бар, илгертеден эле бала-бакыра эмдейт. Ак-Терек мазарын ээлеп, үй салып жүрөт, ошол кишиге: «Кызым дагы эле жакшы боло албай жатат», – деп, айттым. (Анда кудагый боло элекмин. Бир кызымды ошол киши ак чилтенден кийин келин кылып алды). Айтсам, «Алтын деген аял Ак-Байбиче мазарына келип, зыярат кылып жүрөт, сен кичине камырыңды жасап алып, эртең менен эрте кел», – деди. Наныбызды жасап алып, жөө, эртең менен эрте чыктык. Барсак эле, Алтын кишилери менен автобустан түшүштү. Барып эле, мен биринчи шам жакканда, боздоп ыйлап калдым. Ошондо: «Сен киши көрсөң болот экен», – деп Алтын айтты. Ошондон баштап эле чогуу жүрүп калдык.

Ак Байбиче мазарына биринчи мындай барып калганбыз. Кызымдын түшүнө Ак-Байбиче мазары кириптир. «Балериналар жүрөт», – деп айтты. Балерина эмес эле, периштелер болсо керек деп ойлойм. Кызымдын түшүнө киргенден кийин, ал кайсы жерде болушу экен деп, Калича ападан сурагам. Ал киши мазар кайда экенин айтып берди. Ошол касиеттүү жайга барсак, эки жерде аябай окшош теректер өсүп турат, булактары бар. Бирөөнүн ээси – ак тайлак, бирөөсүнүкү – азиздер. Аякта да көпкө жүрдүк. Баргандан кийин, кызым: «Мен так ушул жерди түшүмдө көргөм», – деп айтпадыбы.

Кызым экөөбүзгө ар кайсы мазарларга түнөшүбүз керектигин айтышты. Манжылы-Атага барганыбызда, келме келтирип, куран окудук. Булактан мен апапакай чоң бакаларды көрдүм. Ээси ошол экен. Ошол барышыбызда Манжылыда кызым менен үч ай түнөдүк. «Жети күн түнөйсүңөр, жети күндүк азык алып алгыла», – деп айтышкан. Анан улам эле күн узартып жатып, 3 ай жүрүп калдык. Көлдүн жээгине да жаттык, күн да жаап жатты, бирок эртең менен турсак, жууркан-төшөгүбүз деле суу эмес. Эч кандай деле кыйынчылык болгон жок. Курсагыбыз деле ачкан жок. Берекелүү болуп жатты. Барган кишилердин токочу калат, эти калат. Кем-карч болгон жок, берекеси болду. Үч ай жаттык. Кыздар ээлигип ары-бери качып кетет, күндө эртең менен таң атпай токоч бышырабыз, зыярат кылабыз. Азыр айтканда, көп убакыт болуп кетип жатпайбы. Ал убакта билинген эмес. Ошондон кийин кызым жакшы болду.

Манжылыда жүргөндө, дагы бир жолу түш көрдүм. Манжылыда сары чычкандар бар эле. Ошолорго токочтун күкүмүн чачып койчумун. Бир күнү түш көрсөм, эки чычкан келип, колума канат салды. Канат салганынан колумду жумуп, кайра ачсам эле, кичинекей баланын жүрөгү болуп калат. Жүрөк кадимкидей солкулдап атат. Дагы бир жолу уктап жатсам, колум чыгып калыптыр. Анан бир от келип эле колума сайылды, өзүм уйку-соонун ортосундамын. Ошондо Кудай-таалам бирдеме берди го деп калдым.

Кызым эмне болуп жатканын башында такыр түшүнчү эмесмин. Башында коркчумун да. Кийинки күндөрү: «Өзү кыз болсо, айланайын, ак сүтүмө деле ыраазымын, аласаң болсо, ал», – деп калгам. Себеби, чоң эле кыз көтөрүлүп, чабылып эле жатса азап экен го. Кадимкидей басып келе жатып эле, чалкасынан кетет, тепкич-пепкичти деле билбейт. Тепкичтен деле ыргып кетет. Чай ичип жатсак, жерге тарс жыгылат. Карасам, бирөө акырын эле чаап, жаткыра койгондой болот. Себеби, жараткандын бар экенин билиш үчүн, бул касиеттер адам баласынын жүрөгүн ойготот экен.

Бир жолу Жети-Өгүзгө бара жатабыз, кызымды ортого алып алганбыз. Ээрчитип жүргөн аял, анын кызы, баарыбыз баратабыз. Эшиктин кандай ачылып кеткенин билбейм, эшикти шарт ачып эле, кызым түшүп калса болобу. Чоң бир таштын түбүнө түшүптүр. Катуу кетип бара жаткан машине кайра артка келди. Башы ташка тийди го деп, баарыбыз коркуп жаттык. Отуруп куран окуй койгула деди колдоочулар, куран окусак эле, «Эмне болду?» – деп, кызым туруп жатпайбы. Аман-эсен. Башы да эч нерсе болбоптур. Көрсө, чын дили менен берилип жатабы, чын дили менен кудай деп жатабы деп, касиеттер бизди сынайт экен. Ушунун баары сыноо болот экен.

Көлдүн таасири абдан чоң. «Мени чакырып жатат» – деп, кызым эки күндүн биринде көл жакка каччу. «Ак сакал абышка көрүнөт, чакырат», – деп эле калчу. Көлдүн ичинен чыгып, «Бери кел», – деп чакырат экен. Моюнуна чейин кирип кеткен күндөрү да болду. Мен чабак да билбейм. «Кармап келип бер» – деп, Бекболот деген балага жалдырачумун. Көрсө, антпей эле, отуруп эле кудайга жалынып, куран окусак, кайра келет экен. Азыр балдарым ичкиликти көтөрө албайт. Кичине ичип алып, ээлигип, антип-минткенде отуруп алып, куран окуп жиберсем, өзүнөн-өзү келишет. А мурун арттарынан эле издеп жүрчүмүн.

Биздин айылда бир мезгилде көп бала жип менен кайтыш болду. Ошол мезгилде түшүмө кирди. Көлдө толкун болуп, жээкте орустардын гробу жатыптыр. 7-8 гроб турат. Эртеси туруп эле, эми жакшылык болсун деп тиленип койдум, ошол жылы жалаң жаш балдар муунуп, каза болушту. Эч кимисинин себеби жок. Бул азгырык болот экен.

Мен көлгө түшпөйм. Бизге болбойт экен. Сыйынып жатсак, анан кайра түшкөн болбойт. Мен мурун түшчүмүн. «Бул жолду басканда, түшпөгүлө, эмнеге сыйынасыңар, эмнеге түшөсүңөр? Жөн гана зыярат кылгыла», – деген күчтөр. Бирок өзүм бала кезде ооруп, көлдөн айыгыптырмын. Энем кыргыз-уйгурга тийип, мен төрөлгөндөн кийин, кудалаган жери бар экен, таштап кетип калыптыр. Мени чоң энем багып чоңойтуптур. Кичине кезимде итий болуп, аябай ооруп, 3 жашка чейин баспай, жүдөптүрмүн. Анан Тоңго алып келип, ал жактан көлгө салышыптыр. Чоң атам менен чоң энем көлдөн жакшы болгондугумду айтып калышчу. Мага аябай таасир берген дейт. Көлдүн тегерегин көп басып, мазар аталарга барып, көлгө сыйынып калганымдын ошол бала кезги окуяга байланышы болуш керек. Азыр көлгө түшпөгөнүмдүн себеби – Көлдү сыйлаймын.


[1] Аруу кармоо - оорунун түрү: аба жетпегендиктен, адам муунуп жыгылат, оозунан көбүк чыгат. Көбүнчө бул оору балдарда жолугат. Кыргыздардын ишениминде, бул оорунун аркасында кандайдыр бир арбактардын же башка улуу күчтөрдүн талабы болот.

[2] Кадырбек Жакыпов – мазардын азыркы шайыгы.

[3] Манасчы Улан Исмаилов. Тамара апа экөө бир айылдан болушат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>