Манжылы-Ата ыйык жеринин касиеттери

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

XVII кылымда жашап өткөн Карга акенин:[1] «Жоо күсөсөң жоңгорго чабаарсың, жан күсөсөң Манжылыга бараарсың», - деген сөзүн эске алсак, ошол заманда эле Манжылы-Ата мазары азыркыдай эле касиеттүү ыйык жер катары белгилүү болгондугун түшүнөбүз. Кыргызда «Баш сурасаң – Манжылы-Атага, байлык сурасаң – Чолпон-Атага, ден соолук сурасаң – Ысык-Атага, так сурасаң – Кочкор-Атага бар» – деген кеп бар эмеспи. Байыртан эле кыргыз эли касиеттүү күчкө ээ жерлердин сырларын түшүнө билишкен.

Манжылы-Ата Ысык-Көлдүн Тоң аймагынын чыгыш тарабында жайгашып, өзүнө жети мазарды камтыйт: Манжылы-Ата, Умай-Эне, Кырк-Чилтен, Көбөк баатыр, Илим, Бала, Бугу эне, Мойт аке. Булардын ар биринде булак бар жана ошол булактардын суусунда жети башка даам сезилет. Даамына жараша алар жети башка дарылык касиетке ээ.

Чынында, Манжылы-Ата эмне себептен мазар болуп калганы тууралуу так маалымат жок. Залкар манасчы Мамбет Чокморовдун айтканы боюнча, Жакып менен Чыйырды баласы жоктун айынан так ушул Манжылы-Атага келип, датын айтып, бата алышкан. Ал эми, эл ичиндеги Манжылы-Ата жөнүндөгү уламыштардын бирине кайрылсак, дарыгерчилик жана билимдүүлүгү менен эл ичинде чоң кадыр-баркка ээ Манжылы деген адам жашап өткөн. Күнү бүтүп өлгөндө, сөөгүн азыркы Манжылы-Ата мазарына коюшат. Кийин эл ооруп, же акыл-кеңешке муктаж болуп калышса, Манжылыны унутушпай, сөөгү коюлган жерге арыз-муңун айтып, бара беришет. Ошондон баштап Манжылы-Атага эл зыярат кылып калган деген аңыз бар.

Дагы бир элдик божомолдо, Манжылы-Ата мазарына кылычы менен Европаны багынткан Атилла хандын сөөгү коюлган, ошондон улам эл зыярат кылып калган деп айтылат. Деги эле Манжылы-Ата мазары жөнүндө аңыз-кептер эл ичинде көп.

Ал эми, алтай элинде «манжылы» деп күчтүү шамандар кийе турган, өзгөчөлөнүп жасалган тонду айтышат экен. Данил Мамыевдын[2] айтуусунда, Манжылы тонун шамандар «жер астына түшүү» же «оо дүйнөгө баруу» деп аталган ырымды кылганда кийишет. Шамандын жер астына түшүү сапарында Манжылы тону өз жардамын көрсөтөт деген ишеним бар болчу.

Илгери маркумдун сөөгүн ата-бабасы коюлган жерге алып барып коюу – чоң милдет жана сыймык болгон. Көлдөгү Бугу уруусу деп аталган: Арык, Мырзакул, Асан, Кара, Токоч – беш мырзанын атасы Орозбактынын сөөгү Анжиян тарапка коюлган. Ошондон улам көлдүктөр ата-бабабыздын сөөгү жаткан жерге алып барабыз дешип, маркумдардын сөөгүн түштүккө, Анжиян тарапка алып барып көмүшчү. Бул тарыхта жана санжырада кеңири айтылат. Көлдөгү жети акенин бири Алдаяр уулу Мойт аке көзү өтөөр алдында жалпы көл элине керээз кылып: «Мен өлгөндө, сөөгүмдү Манжылы-Атага койгула. Мага жай казганда, жайымдан бир жез казан, бир сузгу, эки аяк (кесе) чыгат. Мындан ары сөөктү Анжиянга артып, убара болбогула. Манжылы-Атада сыр болот, ошол сырга топук кылып жашагыла», – деген экен. Мойт аке жүзгө чыга жашап, жай мезгилинде Текес жергесинде өлөт. Керээзин унут кылбаган Бугу эли сөөгүн төөгө артып келип, Манжылы-Атага коюшат. Айткандай эле, жайын казганда бир жез казан, бир сузгу, эки аяк чыккан экен. Мойт акени коюп келген эл тарайлы деп жатышса, көл тараптан бир ак тайлак чуркап чыгып, Манжылы-Ата коктусун өрдөп барып, жок болуп кетет. Көл жакшылары жана жалпы эл Мойттун Манжылы-Атада сыр болот дегени ушул экен деп, жакшылыкка жорушат. Ошондон кийин көл эли маркумдун сөөгүн Анжиян тарапка алып барбай, көлдүн тегеретесине коюп калышкан экен.

Манжылы-Ата мазарын ээн таштабай дайыма карап, көзөмөлдөп турган кароолчулар болгон. Кароолчулардын милдети – мазардын тазалыгын сактоо жана келген элди мазар менен тааныштырып, тарыхын айтып берүү. Болжолдуу 17- кылымдын аягында – 18-кылымдын башында Манжылы-Атаны караган Көбөк дубана деген киши болгон. Ал билимдүү болгондуктан, Манжылы-Атага мечит курган дешет. Дубалынын бийиктиги бир метрден ашык келген мечиттин калдыгы азыр да бар. Андан кийин көзү ачыктыгы бар касиеттүү адамдар Мойт аке, Ботокан, Майтык дубана, айтылуу манасчы Мамбет Чокморов кароолчу болгон.

Ботокан Тоң аймагындагы өтө бай адамдардын бири экен. Манжылы-Ата мазарына мал жайдырбай, касиеттүү жерди тебелеген болбойт деп, көчүп-конгон элди мазарга жакын кондурбай, көбүнчө тазалыгын караган экен. Өлөөр алдында балдарына керээз кылып: «Менин сөөгүмдү Манжылы-Атага Мойт акенин жанына койгула», – деп айтат. Балдары анын бул керээзин аткарышкан.

Майтык аттуу киши дубана болгон. Ал жин оорусу менен жабыркагандарды Манжылы-Ата мазарына алып барып, от жагып, дарылачу экен. Ал киши мазарды көзү өткөнчө караган деп элде уламыш калган.

Мамбет Чокморовдун Манжылы-Атага кароолчу болуу убагы совет дооруна туура келген. Ошол себептен ал элди мазарга түнкүсүн алып барып, зыярат кылдырып, дем салчу экен. Мамбет Чокморов менен барып, бирге зыярат кылган адамдардын айтуусунда, ал кезде мазарда азыркыдай үй жок, жөн эле таштан жасалган бири чоң, бири кичине, эки очок бар болчу. Советтик бийликтин тыюу салганына карабай, түнкүсүн эл көп бараар эле деп айтышат карыялар[3].

Азыркы убакта Манжылы-Ата мазарынын кароолчусу – Жакыпов Кадырбек. Элдин айтуусунда, ал киши Манжылы-Атага келгенден кийин, мазардын шарттары бир топ оңолду. Зыяратка келген эл жатып кеткидей төрт бөлмөлүү үй, тамак-аш бышырып, чай кайнатканга ашкана, тазалык үчүн даараткана, атайын мал союучу жер салынып жана электр жарыгы орнотулуп, зыяратчыларга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Жакыпов Кадырбек «Айгине» маданий-изилдөө борборунун сунуштоосунун негизинде, Кристенсен уюмунун каржылоосунун астында, 2008-жылдын октябрь айында Испания өлкөсүнүн Барселона шаарында өткөн Дүйнөнү Коргоо Курултайына Кыргызстандын атынан барган эки адамдын бири болуп катышып келди. Ал жерден Жакыпов Кадырбек кыргыз дүйнөсүндө ыйыктыгы, сыйкырдуулугу, касиеттүүлүгү менен таанымал болгон Манжылы-Ата мазары тууралуу дүйнө элдерине маалымат берип келди. Мунун өзү кыргыз элинин нукура салттарын дүйнөгө таанытуу аракети болду деп айтсак, ашык болбос.

Дагы белгилей кетчү нерсе, Манжылы-Ата мазарына келген ислам дининдеги адамдар үчүн коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун көмөгү астында мечит салынган. Деги эле Манжылы-Ата мазарына келген зыяратчылар үчүн бардык шарт бар десек эч жаңылыштык болбос. Себеби исламдын негизинде окуп, билим алган адамдар Манжылы-Ата мазарына зыяратка келип калышса, атайын намаз окуганга мечит бар. Ал эми кыргызчылыктын туу чокусу болгон теңирчиликти кармап жүргөндөр келген болсо, жөн гана табияттын койнунда Манжылы-Ата, Мойт аке жана башка адамдардын коргонуна зыярат кылышат

Манжылы-Ата мазарына ар кыл тармактагы адамдар барышат. Бири ден соолук тилеп, дагы бири жол сурап, бала көрбөй жүргөндөр бала тилеп, жөн гана таазим кылып баргандар да болот. Манжылы-Атадан шыпаа болуп, ден соолугун түзөп алгандар, ой-тилек, максатына жетип алгандар эл ичинде абдан көп.

Манжылы-Ата мазарынын дагы бир өзгөчөлүгү, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн адамдардын атайын келип, зыярат кылгандыгында. Жайдак тоолуу, боз топурактуу келген жерде жайгашкан Манжылы-Ата мазарында ар тараптан элди тарткан кандай сыр бар?

Бул бөлүмдөн сиздер кыргыз жергесиндеги ыйык мазарлардын бири болгон Манжылы-Ата мазары жөнүндө ар кыл маанайдагы маңыздуу маалыматтарды ала аласыздар.

[1] Көл жергесинен чыккан жети акенин эъ улуусу. Сарт аке менен Тилекмат акеге батасын берген. Карга аке жөнүндө маалыматты ушул китептин …бб. караъыз.

[2] Данил Мамыев – Алтайдагы Каракол «+ч Энмек» жаратылыш паркынын түзүүчүсү жана жетекчиси. «Теъри» Жан-дүйнө Экологиясынын Мектеби» уюмунун жетекчиси (1996), Улуту алтай, тодош уруусунан. Кесиби – геолог, географ, альпинист. Парзы – ыйык жерлерди коргоо.

[3] Совет учурундагы мазар басуу салтынын абалын караъыз: Мазарлардын совет учурундагы тажрыйбасы // «Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде», – Бишкек, 2007 – 329-351-бб.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>