Чоңмурунова Чачыкей, Чынар терек ыйык жери

This post is also available in: Англисче

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Чоңмурунова Чачыкей, 68 жашта, Талас районунун Көк-Токой айылындагы Чынар терек мазарынын шайыгы

Маалымат алган: Асанакунова Назгүл, Талас мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүнүн студенти.

- Шайыктык жолуна кандай келип калдыңыз?

- Менин шайык болуп калганымдын себеби, өзүм 21 жашымдан баштап мазар басып, айылга жакын жердеги мазарга болгон элдин каттамын көрүп, мазардын ыйыктыгын түшүнүп, Манас атанын китебин окуп, китептен Айчүрөк апанын конгон жери Таластын токоюнун ичиндеги чынар терек экендигин билгем. Ошондо менде толкундоо сезими башталды. Чынар терекке көп барчу болдум. Энергияны көп алдым. Ошон үчүн Чынар теректи байырлап калдым. Чынар теректин касиети күчтүү да. Биз бала кезде Суусамырды карай өтүп баратканда Чынар теректин дүмүрү ак болуп турчу экен. Ал Манас атамдын убагынан бери кичинеден жок болуп отуруп, анан жанагы терек дүмүрдөн чыккан терек экен. Аябай кейидим. Кийин кеч ойлондум, Кылычбек мага айтпай туруп жерди ченеп берип коюптур да. Көбүрөөк ченесе болмок, мазардын жанында салынган там кеңирирээк болгондо болмок, аябай тар болуп калган.

- 21 жашыңыздан тартып мазар басканыңызга эмне түрткү болду?

- Көп жыл оорудум, кыйналдым. Мени ыйык күч абдан бийик жерден бастырып койду. Ошо менен кыйналып, анан Бейшекелик Бейшенаалы мырза калпа болуп Чаткалга барып, Чаткалга баргандан кийин эле мендеги нерсе өөрчүй баштады. Өзүмдө жаш кезимден тубаса нур бар экен. 21имден баштап нур менен карап атам, мен кечээ жакындан, 1981-жылдан баштадым. Намаз окуганды үйрөндүм. Нур менен дегенде эми бул сеанс эмес, кагылайын. Сеанс менен кара деп мага көп айтышты. Бирок сеанс мага жооп бербейт деп койдум. Колум менен кармап туруп дем салам. Ошо. Кисталарды, миомолорду, бүт эле ооруларды, бир бөйрөктөн башкасын, кармайм, балам. Бирок айыктырдым деп айта албайм. Бардыгы Кудай тааламдын шыпаасы менен. Айтор, кирген пенде кур кетпейт, айылдагы бала-чака түгөл мага кайрылышат. Бишкектен жанагы итий болгон балдар келет. Былтыр Оштон келип, мени алып кетишти, Ошко барып келдим. Иши кылып айыкса болду.

- Чынар терек мазарына кайсы жылдан бери шайыксыз?

- Айгине тобу келгенден бери. Ага чейин мен барган учурда Көл, эки жактан келген кишилер чүпүрөк байлайт, ошолордун жибин жума сайын чечип турдум. Куран окуп, тегерек-четин тазалап жаттым, суу алып келиш, арык салыш колумдан келбейт, колдон келсе ичине бак-дарак, арча тиксек деп коем. Анан Манас атанын күмбөзүнө байырлап жүрдүм. Көндүрүп. Манас атанын иштөөчүлөрүнүн 17-си болуп чыктым баягы тойдо. Кароол чокунун башына чейин бөлүшүп алдык. Мага музейдин арты тийди. Үйдөн 5 жылдык арчаны алып келип көчүрүп, азыр эми жакшынакай болуп өсүп турат. 8 метрге жетип калды. Анан кейин 2001-жылы үйдөн жаңгак өндүрүп келип туруп, бир түп жаңгакты Манас атанын күмбөзүнүн бет маңдайына отургуздум. Азыр өсүп калды. Эми эмдиги жылы мөмө алыш керек. Ошентип өзүмдү өзүм мазарларга жакын сезем. Мен үйдө болбой, ушул мазарда болсо дейм.

- Мазарга барганда өзүңүздү кандай сезесиз?

- Өзүмдү мусулман катары сезем. Бирок элге тилейм. Бир нерселерди көрөөр-көрбөсүм купуя сыр. Сезилет да. Ал мазарга эртең барам дегенде, бир күн мурун берилип калат. Мисалы, үчүн талмалуу, калтырак баскан кишини көрөсүң. Анын элеси сага бир күн мурун келген болот. Калтырап-титиреп, ачууң келип калат. Туталанасың.

- Өзүңүзгө келген адамдарды мазарларга алып барасызбы?

- Алып барам. Төрөбөгөн аялдарды. 11-12 жыл төрөбөгөндөр төрөп кетишет.

- Канча убакытта төрөшөт?

- 1-1,5 жылда. Жол ачтырганы келишет. Кыздардын сүйгөн балдары жолун тороп коюшат, Кудай тааламдын шыпаасы менен алардын жолун ачабыз. Байланып келишет. Үй-пүйүнө бирдеме чачып кетишет. Ошону тазалап бер десе, тазалап берем. Баары Куран жолу менен болот. Ыраазычылык билдиришип, дептер толтурушат. 8-март сайын келип турушат жанымдагылар. Каалоолорун айтышат. Көбүнчө Таластагы женский врачтар киста болгондорго операция жасайбыз дегенде биринен-бири угуп, менин кабарымды эшитип, врачка эмес, мага келишет.

- Кантип айыктырасыз?

- Дем менен, анан кол менен, нур менен кармайм. Анан Алланын шыпаасы менен жакшы болушат. Кишини кармап, ал кишини узаткандан кийин, ал киши жакшы болмойун таң эрте багымдатта 3 жолу Куран сүрөөсүн окуйм. Убактымдын кеткени үчүн да шашпайм. Теспени алганда бир сүрөөнү айтканда бир эле теспени жылдырасың да. Мисалы, ыклас сүрөөсүн толук окуп бүткөндө 1 эле теспени жылдырасың. Мен ошентип отуруп теспени жүз жолу жылдырган болом, жүз жолу кайталап окуйм. Мага кишинин айыгып кеткени жакшы да. Айтор, эшиктен келген кур кетпейт. Элди үч эле күн кармайм. Мен бир эле күн кармайм деп айтам, эртең жакшы болосуң дейм. Бирок өздөрү эртеси да келишет. Эл сыяктуу 10-15 күндөп кармабайм, ашып кетсе эң кыйын оорулууларды 7 күн кармайм. Мисалы, бир кичинекей бала эртеден кечке күл дөбөдө, күл төккөн жерде ойноптур. Өзү 4 жашар бала. Ошондо бир нерсе тийип кеткен окшойт, моюну кыйшайып, сүйлөбөй калыптыр. Апасы башка баласы менен айылга кетип, кайра келсе, баласы жаңкыдай, бирок аны деле байкабайт. Кооз болуп аткан го деп кармап отура берет да, баласынын сүйлөбөй калганын кечинде байкайт. Көчөнүн башындагы молдого алып барат, андан болбойт. Догдурдан болбойт, анан кайтып мага алып келишет. Жон арыктагы Жөжө дегендин баласынын баласы ал. Мен ошондо аябай кыйналдым да. Өзүмдүн карылыкка саал алдырганымды сездим. Кыйналдым, себеби өзүмө дем салбаптырмын. Күн батарда келди, дем салганга бир саат убакыт кетти. Алла Таалам шыпаа кылды окшойт. Айттым, эртең менен мойну түзөлсө келгиле, түзөлбөсө келбегиле дедим. Моюну түзөлүп калыптыр. Мен намаз окугандан кийин, эртең менен саат 6да келишти. Экинчи ирет дем салдым, баш-аягы үч ирет дем салдым. Үчүнчү күнү батамды алганы келип кетишти. Кеткенден кийин кейидим да. Бекер кылган экем. Жолуктура албай атам азыр. Ноябрда келип да бир 3 ирет дем салдырып кетсе жакшы болот эле. Айтам деп унутуп коюптурмун. Оорулууларга ошентип кейийм, балам.

- Өзүңүзгө да дем сала аласызбы?

- Сала албайм. Ооруп калганда врачтарга көрүнбөйм. Өзүм аракет кылып кетирем. Көлгө барып түшкөндө бир сайып кетти, экинчи жолу дагы сайды, мага жакпайт экен дедим, ваннага түшкөндө бир сайып кетти. Бутум баспай калдым. 50 сомдук массажынан, грязынан алдым, өзүмө руксат берилбеген жерге барган окшойм.

Жеке турмушумдагы кызыктуу окуя: Арашан мазарына көп барам. Бараардан мурун 5 күн мурда абышкам түш көрүптүр. Арашанга чейин жөө барчубуз. Абышкам: «Сен жөө барбайт экенсиң. Сени 3 бала коштоп барат экен» – деп калды. Мен: «Сен эмне менин ордума бүбү боло баштагансыңбы» – деп койдум. Белгилүү күн келгенде мазарга жөө жөнөдүм. 7-8 кишибиз. Жанымдагы Бакен деген келин оозу кыйшайып, ошону алып баратам. Шарт-шарт дегенинен артты карасак, 3 атчан. «Өкүл кызым деп ушул атчандар алып кетсе болот эле» – деп кыйкырды тиги келин. «Тааныбагандар эле алып кетмек беле» – деп мен кыйкырдым. Балдар тээтигинче өтүп барып, кайра бурулду. Алар менин кайнимдин балдарынын балдары экен, мени үнүмдөн таанышыптыр чоң апам турбайбы деп. Кайра кайрылышып, экөө бир атка миништи да, жорго атты мага бошотуп беришти. Мингенден кийин оокатымды алып берип атышса баштыгымдагы литр банкедеги сүт ташка барып түштү. Ошондо жарылбайт банке. Арашанга буйрук.

- Сизге келген оорулуулардын эң оору кайсы?

- Оозу кыйшайып келген келинден, кисталардан кыйналдым. Зобдорду кармадым. Ишарат аркылуу айрымдарын гана мазарга алып барам. Киши ээрчитким келбейт. Мазарга, Чаткалга барганда таятамдын арбагы колдоду, ал жайчы болчу экен. Өзүм Чачыкей апанын ташынын жанынан төрөлгөндүктөн, атымды да Чачыкей коюшуптур. Төрөлгөндөн эле кандайдыр бир байланыш болгону чын го. Кең-Колдун ичиндеги мазарлардын бардыгы үчүн бир жерге зыярат кылуу үчүн кире беришине, Ак-Теректин жанына там курсак деп чырылдап жүргөнүм ошо. «Мен сенин отуң менен кирип, күлүң менен чыгайын» деп Айчүрөк ападан суранганда ошерде бир үйдөй болгон таш бар, ошондо «Эр издеген бетпак, сен кимсиң?» деп кыйкырганда, Чачыке апа ташка сийип жиберген да, таштар бөлүнүп-бөлүнүп кеткен экен, Чачыкей апа мазарындагы чоң таштарда ошондой издер бар. Чачыкей апа да касиеттүү жер да.

7 ден 8 ге кеткенде Актилек атам жолуккан мага. Үстүмө тон кийгизип, колума мылтык карматып, ошондо, атам куучу киши экен, куучулугун мага тапшырган. Аялдар кыйналып төрөгөндө, дегеле кыйналгандарга кагаз эзип берип, же бирдемени эзип ичирип койсом эле кыйналбайт. Аял төрөп бүткөнчө тишимди кычырата берем.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>