Токтогулова Гүлнахар, Тамчы булак ыйык жери

This post is also available in: Англисче

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Токтогулова Гүлнахар, 45 жашта, Кара-Буура районунун Тамчы булак айылындагы Тамчы булак мазарында кароолчу.

Маалымат алган: Жусупова Назира, Талас мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүнүн студенти.

- Мен Манас районунун Чоң Капка айылында туулгам. Кызыл Жылдыз орто мектебин, Тараз педагогикалык университетин бүтүргөм. Кесибим – орус тили боюнча филолог. Он беш жыл мектепте иштегем, анан 12 жыл балдар менен үйдө отурдум. Азыр үч жылдан бери айылдык кеңеш кызматында иштейм.

Менин 10 балам бар. Жетөө ЖОЖдо, үчөө мектепте. Жолдошум айыл өкмөтү (жооптуу катчы) болуп иштейт. Эки келиним жана бир неберем бар. Небереме 5 ай болду.

- Бул жерде турганыңызга канча болду?

- Биздин мазар булактын жанында жашаганыбызга 8-9 жыл болду. Балам мазарга келгендерге жол көрсөтөт. Келгендерге идиш же төшөнчүлөрүн беребиз. Мазардын четинде 70-80 түп алма бар. Жарымы түшүм берип жатат. Азыр алма бактын четине келгендер үчүн жамгырдан навес салалы деп жатабыз. Биз булактын чет-тегеректерин тазалап, тегерегине тал отургуздук. Кышкысын мазарга эл аз келет. Бирок келип куран окушат, же түлөө өткөзүшөт.

Биз өзүбүз дагы суунун курамында эмнелер болду экен деп кызыгабыз, суунун анализин алайын деген ниет бар. Биз деле сооп үчүн шарт түзгөнгө аракет кылабыз. Менин чоң балам намаз окуйт. Мен куран окубайм, мен шайык эмесмин, биз мазардын чет-тегерегин тазалап турабыз.

- Кыргызчылыгыңыз барбы?

- Кыргызчылык меникинде жок, бирок жолдошум Казакстандагы табып болгон экен. Тоодон же талаадан чөп-чар менен дарылаган экен. Мен зикирге катышпайм, менин кичинекей Нур деген балам катышат.

- Бул мазардын ыйыктыгы эмнеде?

- Бул мазардын ыйыктыгы менин түшүнүгүмдө: элдин ден-соолугуна пайдалуу. Илгери хандын, же байдын ханшасы көмүлгөн жер экен. Нары терең кеткен үңкүрдө көп байлык коюлган экен. Өйдө жагынын үңкүрдөн суу агып турат. Ошол үчүн тамчы булак деп койгон. Ошол жердин ээси кара дөө экен. Бирөөлөр оору кишилерди алып келет мазарга, сууларын идиштерге куюшат, анан ден-соолук сурашат. Түшүм жакшы болсун деп мазар аркылуу сурашат.

Мазардын сырдуулугу ушунда, мазарга барган апалар ичине киргенде башкача болобуз деп, ичине киришпейт. Өзүбүздү башкача сезебиз деп коркушат.

- Өзүңүз мазарга барасызбы?

- Мазарга жуунуп-тазаланып барабыз, балдарды да баргыла дейм. Балдар тумоолоп калганда барып жуунуп келишет. Мазарга келгендерге да жуунгула деп айтам, келген конокторго булактан арак ичпегиле дейбиз.

- Бул булактын тарыхын билесизби?

- Жаш ханзада ушул жерде каза болгон экен. Колуктусу менен коюлган. Ошондон кийин байлыкты ачабыз деп келгендерге 100 жыл болгон экен, ошондон бери ыйык болуп калган экен. Мурда бир сыртка чыгып турган таш бар болчу, азыр ал түшүп калган. Мергенчилер келет мазар жакка камышты өрттөйбүз деп, анткени ал камышта түлкүлөр бар, биз аларды тоокторду жесе дагы тийбейбиз.

- Бул жерде кандай ырымдар аткарылат?

- Мазарга нан бышырып келишет. Куран окутушат. Көбүнесе апрелде же майда келишет. Кой сойгондо кишилер көбүрөөк келишет, анан мазарга жакын жашаган кишилерге эт таратышат. Түлөө өткөзүшөт. Жар салышат.

- Келгендер жарды каякка салышат?

- Булактын төмөн жагына сала беришет.

- Ал эми күн суук болуп калсачы?

- Эгер жаан жаап жатса үйгө келишет, тамактарын жешет. Бирок жарды күн суукка деле карашпайт, сала беришет.

- Мазар сиздин менчигиңиз деп эсептейсизби?

- Мазардын эч кимге менчик болбой, жалпы элдик болгону туура. Анткени эл барып сыйынат. Болгону карай турган киши болбосо экскурсияга келе тургандар көп. Курулуштар жүргүзүлсө жакшы болот эле. Ал деле эл үчүн жасалмак. Иши кылып булганбаса болду. Навес салабыз. Анткени кээде жаан жаап калат. Келгендердин көбү жерди оюп кемеге казышат. Өзүбүз кемеге коюп коёлу дегенбиз. Бизге Казакстандан көп коноктор келишет, анан алар бул жердин аурасы жакшы деп жыргап, эс алып кетишет. Биздин сууну аян дешет. Бир жолу мазардын суусун алып кетишкен, бир айдан кийин барсам деле суусу бузулбаптыр.

- Сиз булактын суусун ичечизби?

- Ооба, ушул булактан суу ичебиз, булак менен огород сугарабыз. Анан 1999-жылдан баштап ыйык булак экен деп элдер келе башташты. Келгенде суусун да алып кетишет. Анткени ичине кирсең, жар да, суу тамчылап агып турат. Анан көбүнчө суусу көз, ич ооруганга жакшы экен деп идиштерге куюп кетишет.

- Булак үйүңүздүн жанында болгондон кийин сиздерге таасири тийдиби?

- Биз бул жерге келгенден баштап эле мен булактын суусун жакшы көрөм. Көз, ич ооруганда ичсек жакшы болуп калабыз. Ошон үчүн мен Бишкекке алып барып, лабороториядан өткөрүп, суунун курамын билейин дегем. Келген апалар «касиеттүү жерде отурасыңар, буюрса жакшы болот» деп калышат. Анан үйгө коноктор келсе, бейчеки ал жакка барбагыла дейм. Мира эженин баласы башынан бирдеке болсо керек, ушул мазарга келгенден кийин жакшы болуп кетти.

- Мазардын жанынан дары чөптөрдү байкадыңыз беле?

- Ит мурун бар, илгери чычырканактын ашы да болгон, азыр жок. Ит мурун болсо өттү айдайт, анан анда С витамини көп да, ал иммунитетти сактайт, ошондой эле боор ооругандарга жакшы. Биз өзүбүз да ит мурундан компот жасап ичебиз. Анан кээде арасында бүлдүркөн да кездешет. Анан мен өзүм ит мурундун көчөттөрүн, долонону да отургузуп коеюн дегем. Булактарга таш төшөп чыксак деп да ойлогонбуз. Таш төшөлсө суу да тазараак болмок. Өзгөчө жаан жааганда ылай болуп кетет, жердин сырткы катмары да шор келгендиктен суу да туздуураак болуп калат.

- Негизи бул булактын суусу кайдан келет?

- Бул суу тоонун мөңгүлөрүнөн жердин алды менен агып келип, тоонун боорунан чыгат. Келгендер да айтышат, башың ооруса булакка барып куран оку деп. Анан көптөр эле ээси кара дөө дешет. Нан алып барып ээсине куран окусаң жеңилдеп каласың дешет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>