Сапарбаев Баймырза, Маймак ата ыйык жери

This post is also available in: Англисче

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Сапарбаев Баймырза, кыргыз, 16 жылдан бери Кара-Буура районунун Сулумаймак айылындагы Маймак ата мазарында кароолчу.

Маалымат алган: Жусупова Назира, Талас мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүнүн студенти.

- Мен 1959-жылы 2-декабрда Суулуу Маймак айылында туулгам. Мектепти бүткөндөн кийин Жоон-Төбө айылындагы 13-айыл чарба техникумунан гидромилериацияны аяктагам. 10 жылдай ушул эле айылда чабан, андан соң водопроводчик болуп иштедим. Водопровод Суулуу Маймак мазарынын жанында жайгашкан. Анан Союз тарап, мен ушул водопроводко отурукташып калдым. Азыркы убакта дыйканмын. 1990-жылы үйлөнгөм, 2 кыз, 1 балам бар. Өзүм 11 бир тууганмын.

- Сизди ал жерге кароолчу кылып ким койду эле?

- Союздун убагында өкмөт мени жиберген, башкача айтканда жумуш аркылуу баргам. Анан ошондон бери мазарга отуруп калдым.

- Ошол 15 жылдын ичинде мазарда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болдубу?

- Эл келет, булактарга беттерин жууйт, ичишет. Кээ бирлери жакшы болуп калдым деп кайра дагы келишет. Көбүнчө жара басып кеткендер бул мазардан жакшы болуп кетишет. Анан ал убак динге катуу тыюу салынган Союз убагы эле. Мен келген элди байкабай калчу экем, анткени алар бекинип келип жүрүшкөн экен. 3-4 жылдан бери ачык каттап калышты.

- Ошондо бул мазарга элдин каттамы кандай, күнүнө, жумасына?

- 1997-1998-жылдан баштап эл аябай көп каттай баштады. Ал эми азыр төртүнчү, үчүнчү күндөрү көп келишет, алардын ичинен көрбөй калгандарым канча. Жумасына 4-5, айына 20 дан ашык адам келет.

- Келген элдер сиздикине кайрылышпайбы?

- Кээ бирлери үйгө келишет, ал эми машина менен келгендер кайрылбай кетип калышат.

- Келгендер кандай ырым-жырымдарды жасашат?

- Көбүнчө суусун ыйык көрүшөт, жуунушат, алып кетишет. Башы ооругандар баштарын жуушат. Анан булактардын жанында чоң таш бар болчу, ошого да зыярат кылышат, колдорун, баштарын тийгизишет. Андан кийин түлөө, кудай тамак да өткөзүшөт.

- Ошол түлөөдөн калган тамактарын сизге беришеби?

- Элдер түлөө, кудай тамак өткөрүшкөндө мени да чакырышат, чогуу жейбиз. Ооруп айыккандар атайын айылдын элин дагы чакырат түлөөсүнө, көбүнчө Таластан келишет. Мазардын жанында ата-бабалардын жаткан жери, башкача айтканда бейит бар, ошол жерге куран окутушат.

- Сиз мазардан кандайдыр бир күтүлбөгөн нерселерди, сырларды көргөн жоксузбу?

- Сырларын келген бүбү-бакшылар айтып отурушат. Ошол жердин пири тайлак экен, жылан экен дешет. Көрдүк деп айтып калгандарын угуп калам, бирок мен эчтеке деле көргөн жокмун.

- Өзүңүздүн тукумуңузда мазарга тиешелүү адамдар болгон бекен?

- Менин таякемдин кыргызчылыгы болуп, ошол мазарга келип зыярат кылып турган экен. Жара-параларды айыктырган экен.

- Өзүңүз мазарга зыярат кылып турасызбы?

- Ооба, мен Маймак атанын мазарына эле зыярат кылам, башка мазарларга барган эмесмин. Анан зыярат кылып келген адамдарга кайсыл жерди басыш керек, эмне кылыш керек, көрсөтүп турам.

- Мазардын аянты кимге карайт?

- Ал жер менин үлүшүм, башкача айтканда жеке менчик. Союз убагында мага бөлүнүп берилген. Ошол учурда мени сууга кароолчу кылышкан да. Мен азыр эки жумушту аткарып келем. Суун карайм, бул – өкмөттүн жумушу. Экинчиден, мазарды да карап, тазалап жүрөм. Анан элдер мазардын кароолчулары мазардын жанында ит да, кой да багып мазарды булгашат деп ойлошот, ушундай сөздөрдү укканда жаман болосуң.

- Кароолчу катары сиз кандай иштерди аткарасыз?

- Жаман чөптөрүн жулам, жол салгам. Анан көп эле элдер мал жайышат, кирип кеткен малдарын чыгарам, болушунча мал киргизбегенге аракет кылам. Келген элдерге мазарды көрсөтөм, бул жерге зыярат кылгыла, наркы бетке өтпөгүлө, бейитке куран окугула деп. Анан үйгө келип калышса куран окуп берем. Мазардан го өздөрү окушат. Эл кудай тамак, түлөө өткөргөнгө там жок деп көбүнчө айылда өткөрүлөт. Анан ошон үчүн бастырма эле куруп беришсе деп ойлогом.

- Сизден башка ушул убакка чейин мазарда кароолчу болгон бекен?

- Негизинен мазардын жанында отурукташкандар көп болгон, бирок алар мазарды тазалап, карап жүрүшкөндөрүн билбейм. Алар көбүнчө сууну кайтарышкан. Анткени ушул жердеги суудан элдер иччү да. Анан сууга бирөөлөр ар кандай хлор-плорду салып жибербесин деп кароолчу кылып өкмөт коюп жүргөн. Мени да өкмөт койгон, кийин эгемендүүлүк мезгилинде жер мага жеке менчикке берилген. Менин билишимче бул жерде биринчи Саткей деген чал отурган экен. Андан кийин менин чоң атам Ажыбек деген адам 10-12-жылдай отурган. Андан соң Абдыкай, Зарыл деген адамдар 2-3 айдай эле отуруп кетишкен. Анан мен отурдум. Отурукташканыма 15 жыл болуп калды. (Анан ушул мазардан Баймырза байкенин эжеси айыккан экен. Ал эже эчтеке билбей эле жатып калчу экен, анан мазарга келип жакшы болуп калдым деп айтат. – Ж.Н.). Турдугул байкенин сөзү боюнча ушул мазарга Бакайырлык Дубашов Жаныш деген молдо март айында дайыма келет. Ал молдо элди көрөт. Үйүндө атайын эл көрө турган бөлмөсү да бар экен. Эми кылычтарын көрсөң укмуш, кылычтар менен дарылайт. Элге кылычтарынан берет кээде. Элдер аны бакшы деп коюшат. Өзү 50 гө келип калган жаш адам. Эл көргөндөн башка эч иш кылбайт экен. Бул мазарга Нарындан, Оштон, Жалал-Абаддан келишет. Менин эжемдин сөзү боюнча мазарга Токтогулдан бир көзү көрбөгөн бала келип, бир ай бою зыярат кылып жүрдү. Анан кетип жатканда көзү көрүп кетти. Айтор, бул жерге көп эле адамдар келишет, бирок биз көбүн көрбөй калабыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>