Салымбаев Турапай

This post is also available in: Орусча

Салымбаев Турапай, 86 жашта. Бакай-Ата району,  Таш-Кудук айылы

Илгери кыргыздар малга, итке эң сонун кам көргөн. Анткени «Ат – адамдын канаты» деп кыргыздар илгертеден эле айтып келет. Уйдун пири – Зеңги баба, эчкинин пири – Чычаң ата, койдун пири – Чолпон ата,  төөнүн пири – Ойсул ата, жылкынын пири  – Камбар ата деп билип, сыйлап келген. Уй  тууганда ууз көйө жасап, Зеңги бабама атап куран окуп, көчөнү чакырабыз. Баары эле сүтүн сатып, бул нерсе азыр калып бара жатат.

Анда азыркыдай кылып чөп жыйноо жок болчу, жалаң гана тоого баккан. Азыркыга тоют камдап жатпайбы, жер айдап, арпа, буудай, сулуу, жүгөрү кылып. Мурда жер айдалса деле, аз эле айдалчу. Ал жегенге гана жетчү.

Малды алып, жайында жайлоого барып, кышында кыштоого көчүп кетчүбүз. Боз үйдө жашачубуз, малдын көңүн жагып кыштап, жазында март айында төшкө, айылдын үстүнө көчүп келчүбүз. Ал жак кыштоодой эмес да, эртерээк көгөрөт, малдын мурдуна чөп илинсе эле болду, эптеп мал өлбөсүн деп эле чөп издеп көчө берген.

Кыргыздар малдын түрүнөн жылкы, уй, кой, төө, эчки баккан. Жылкыны унаа катарында пайдалануу үчүн, уйду сүтү үчүн азык болсун деп, букаларды жер айдаганга, ал кезде трактор деген жок болгон да, сокого кошуу үчүн багышкан. Менин атамдын эки өгүзү болчу, абдан бакчубуз, күчтүү болбосо жер айдай албай калат, эгин эгилбесе биз ачка калабыз. Койлор эң керек болгон да, ансыз кыргыздын күнүн элестетип болбойт. Союп жейсиң, жүнүн кийиз төрбөлжүн кылат, терисинен кийим жасайт.

Мал ооруларынан азыркыдай эле боору курт, котур болуп кетчү, өпкө, түйнөк, жаталак болуп калчу. Азыр жакшы, бардык оорунун  дарылары бар, ал кезде көбү эле өлүп калчу. Котур болгондо кларинге салчубуз,  боору курт туз жебегенден болот, ошон үчүн малды атайы тоодогу туздуу болгон жакка айдап барчубуз, туздуу жерлер ак болуп, өзү эле билинет, көрүнөт, койлор өздөрү жалап алат. Түйнөк деген адамда деле бар го, сокур ичеги деген, ысык ташты акырын бассаң жылуу өткөндө жазылып кетчү.

Жаталак туура эмес сугаргандан болот, чөп салбай туруп ачка сугарып салсаң, жаталак болуп калат, анда жем салуу керек, жем жесе ашказаны иштеп, өзү да кубатына келет.

Жем бергенден кийин сууну да кайра дароо берсе болбойт, анда жем бутуна түшүп кетти деп коет, анда баспай калат. Анда эчтеке кылып деле дарылабайсың, качан өзү тыңып басканча, бирок бара турган жериңе жете албай чолок болосуң да. Баарынан да торпоктор кара беде жеп алып ичи көөп ооруйт, анда деле дары бербей эле кубалачы токтотпой чуркатсаң  ичи өтүп өтүп кетет, анан жеңилдеп калат

Катуу  суук болгондо же жутчулукта малды сактай албайсың, кырылып калат. Бирок биз катуу жутчулукту көргөн жокпуз, мурун жылан жылы деген болгон экен, 29 жылы. Ошондо кургакчыл болуп эгин чыкпай калган, жаан болбосо жайлоодогу чөптөр деле күйүп кетет да, ошентип катуу жутчулук болгон дешет. Жутчулуктан кудай сактасын, мал кырылса эл да кырылат да, мал менен болуп жаткандан кийин оокатыбыз. Андан кийин деле жылан жылдарын көрүп эле жатпайбызбы, кудай сактасын, кургакчыл болгонун деле байкаган жокпуз

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.