Дүйшөнов Додон

This post is also available in: Орусча

Дүйшөнов Додон, 71жашта. Бакай-Ата району, Таш-Кудук айылы

Мурда кыргыздар эч нерсе айдаганды билчу эмес, болгону беде гана айдап койгон. Кийинчерээк картошка айдаган. Мына азыр гана өзүнчө бөлүнүп жашагандан кийин жашылча-жемиштерди, кызылча, буурчак айдаганды биле баштабадыбы. Айтмакчы жүгөрү, буудай да айдаган, буудайды өздөрү нан кылып жегенге, ал эми жүгөрүнү – малга. Кайсы гана мал болбосун, жүгөрү жакшы семиртет. Кыргыз эли мал-келдүү болгон да. Мал болгондон кийин чөп керек. Азыр баары керек, бүт түрү менен алектенип жатат.

Илгери трактор жок кезде соко менен жер айдаган, анан кадимки кетмен, күрөк менен эле иштеген да. Атайын курал-жарагы болгонун билбейт экем, бирок жер айдаганга жыгачтан учу темир соко жасап, өгүздөр менен айдаган, бирок анда азыркыдай гектар-гектар көп эмес, бир аз гана болгон. Чийне деген чөп чогулткуч болгон. Азыркы тыралар бар го, ошонун чоңу болгон да. Аттарга кошкон араба бар го, ошонукундай ок жыгачы болгон. Ошону атка кошуп, чоң-чоң темирлерден ийилип жасалган чийнени кошуп чөп чогулткан. Чөп көп болгондон кийин, аттар бат да, таза да жыйнаган. Эки атка кошчу, себеби андан көп болсо аттар өздөрү түртүшүп кыйналып калган, бир атка кошсо, ага да оор болуп калган

Азыр чөптү шыр эле комбайнга майдалатып калбадыбы, бирок жанагы Көк-Таштагы Бакир молдокеники бар, майдалатпагандар арендага алып чогултат.

Сабизди бул жакка мен алып келгем. Биз кыргыздар мал менен жүрө берип, жерге көңүл бурган эмеспиз, байлыктын баары жерде экенин билген эмеспиз.  Дунгандар, уйгурлар жерге жакшы го, биз анча көңүл бурбайбыз, чынында кендин баары жерде да, эми таза эле жаман деп жаратпай салбай, азыр жакшы иштетип жаткан кез. Бекеринен калган сөздөр эмес да «Эл эмгегин жер жебейт»,  «Жер алдында алтын казык» деген. Мен гектарлап айдап, колхоз эмес район, облус боюнча тонналап түшүм алып, эң алдыңкы болуп жүрчүм. Бир жерге айдай берсең болбойт, жерди которуштуруп туруу керек. Мисалы беде айдалган жер күчтүү болот, бедени бузганда ордуна башка нерсе себүү керек.

Эмне үчүн беде айдалган жер күчтүү болот? Мен эч кимден уккан да жокмун, эч жерден окуган да жокмун, өзүмчө ойлойм да, беденин тамыры туш тарапка жайылып кетет, анан ал жер кыртышынын күчүн көп албайт. А азыр эмне, баарынын атайын дарылары бар,  курт-кумурскаларынын дарысы, түшүмдүүлүгүнүн дарысы дегендей. Селитрадан башка эч нерсе чыга электе өзүм эмне кылчу элем, ошону айтып берейин. Мисалы, тооктун, көгүчкөндүн богун он күндөп сууга ачытып, ошону берчүмүн, жетпей калган жери менен андай кык суусун ичкен жеринин айырмасы асман менен жердей болот. Азыркы химикаттарга караганда эң сонун, мен азыр да берем. жетпегенине айла жок. дары алам. Ал дарылардын жерге зыяны бар экен да, чени болбосо болбойт. Мурунку колхоз тараганда селитра берилген жер экен, ошол жерге пияз айдагам. Тим эле иттин башындай болду го. Бирок эч жерге өткөрө албай койдум. Көрсө ал кургабайт экен, улам эле өнүп, көгүн кесип, ак башын өткөрөйүн десем эле кайра көгөрүп чыгып туруп алды.

Эми минтип жерлер жылдан жылга отуруп бара жатат. жалаң фасоль болуп атып. Үрөнгө да абдан көңүл буруу керек. «Эмнени эксең, ошону аласың» деген бар го. Кээ бирлер боло берет дешет, андай эмес, ар бир урукту колдон өткөрүү керек

Дагы бир нерсе, жерге деле жаш баладай мамиле кылуу керек. Отоо басып кетпеш үчүн тоңдурма деп коет, күзүндө айдап салат, кышы менен жатпайбы, кар жаайт, жаан жаайт, эзилет, кыртыш аралашат, отоо чоптор өлөт, жазда айда да сээп сал, бүттү. Анан да кетмендин үнүн укканда өсүмдүк бат чоңоет дешет.

Түшүмдүн болушу жылга сөзсүз карайт, аба-ырайына да карайт, жаанчыл болот, кургакчыл болот. Күн ачык болбосо дагы жакшы болбойт. Айтмакчы жылан жылында кургакчыл болуп, түшүм жакшы болбойт, мен ушуну дайыма байкайм.

Жети күн жааган жамгырдан желип өткөн суу артык дегендей, албетте, сугарасың. Ошондо да ар нерсенин өз орду бар, суунун, күн жаагандын дегендей. Ар нерсени шартына карата иш кыласың; бадыраңга сууну бат-бат салбасаң ачуу болуп кетет, помидорго кызараарда сууну тартпасаң бышпайт, жүгөрүнү шамалда сугарууга болбойт. Себеби тамыры бошоп калганда кулап калса куурай же жыйнаганга кыйын болот.

Анан дагы бир нерсе, бир жылы мөмө-жемиш бар, бир жылы жок дегендей. Ар бир жазда эл аман-эсен болсун, жерибиз жемиштүү болсо экен деп кудай тамак өткөрүлөт, кээ бирлер жааматтан тышкары да жер башына барып мал союп, куран айтып, кошуналарын чакырып ырымдангандар да бар. Бирок баары бир эми мен кудайдан тилеп койдум деп жатып алса болбойт, «карабаса катын кетет» дегендей, карабаса болбойт а.

Жер менен адамдын мамилесин чагылдырган элдик уламыштарды деле билбейм. Буудай жөнүндө билген бир аңызым бар. Биз иттин ырыскысы менен жашап жатабыз да, мурун буудай түбүнө чейин алчу экен, анан бир келин кутуруп, кагаз алып чыккандан эринип. баласынын көчүгүн чөнтөгүндөгү нан менен аарчып салат экен, ошондо буудай нандар таарынып кеткен жана да кудай таала да нааразы болуп буудайды шыпырып бара жатканда ит улуп, ыйлап, суранып алып калган экен, ошол менен жашап жатабыз да, башка билгеним жок

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.