Култаев Бейшенбай

This post is also available in: Орусча

Култаев Бейшенбай, 71 жашта. Кара-Буура р-ну, Молотов айылы

Мен кичинекей кезимде малды билбей чоңойгом. Мыкты деген Атантайдын жалгыз эшеги бар болчу, ошону менен базарга барып келгенин көрчүбүз. Мен чоң атамды эмес, өз атамды да көргөн жокмун. Апам 53-жылы 37 жашында кайтып кетти. Анан бир аз эс тартканы ар кимдин үйүндө малын кайтарып чоңойдук. Колхоздун коюн, туугандардын коюн бактык.

Ал убакта мал көп деле ооручу эмес. Буту сынып калып деген болчу, анан башка оорусун билбейм.

Каатчылык болду. Мал деген жок болду. Апам тамекиде иштечү. Түн жарымында туруп алып Умаркул деген акебиз бар эле, ошолор аялдары менен чогуу чыгып алышып алыс талаага кетишчү. Түндө чыгып таап келген майда картошкаларын эртең менен туруп көрчүбүз, колхоздукубу же кимдики, анда түшүнүк жетчү эмес. Ошол картошкаларды сууга кайнатып, туз салып жечүбүз, ал учурда нан жок. Биз бала кезде мындай мал күткөндөр жок болчу. Малабек дегендин 5-6 эчкиси бар болчу. Бирин-экин элде эшек болчу. Анан колхоздо мал болсо керек.

Мен кичине кезимден бери эле тоодо чоңойдум. Биздин жакынкы тегеректеги айылдарда угуп калганым, Алымбай деген эле жалгыз уста киши болчу. Аны боз үйдөн керегелерин жасайт деп укчумун. Анан алыскы Бейшеке тарапта көп болсо керек, айылы чоң, эли көп. Ал жакка каттабагандан кийин андай кишилерди кайдан билмек элек. Анан согуштан эки буту жок Акыш деген келген. Ал айылдагы мыкты өтүкчү болчу, батинкелерди жамап, маасы тикчү.

Аялдар таардан чепкен тигип, шым тигип, өзүбүздүн эле аялдар, азыркыдай сатылма кийимдер кайдан,  баарын колго тигип кийишчү.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.