Курманалиев Токтоназар

This post is also available in: Орусча

Курманалиев Токтоназар, 83 жашта. Кара-Буура району, Молотов айылы

Илгери кыргыздар малды жакшы көргөнү менен малга жакшы кам көрүшчү эмес. Колдо техника болбосо, тоют деген болгон эмес. Малды жалаң жайыт менен багышкан.

Кой баласы тополоң деген оору менен ооруган. Уйлар шарп болгон, туз менен эле жууп дарылап коюшкан. Тополоң болуп ооруганда, мазарга алып барып эле түнөтүп коюшкан. Жылкылар «сакоо» деп коёт, ошол оору менен ооручу, анан качан өзү жарылганда чыдагандары мал болуп кетет же өлүп калышкан. Эч кандай дары-дармек болгон эмес ал убакта. Кийин Совет өкмөтү чыгып калганда жакшы болду.

Каатчылык, ачарчылык убакта малды бийик, оттуу жерлерди издешип, ошол жактарга айдап жиберишкен.

Койдун жүнүн кыркып алып, ийик менен ийрип, анан таар чепкен соккон, кандагай шым токушкан. Илгери турмуш-тиричиликке эмне керек болсо, ошол нерсенин баары кол менен жасалчу. Кой кыргыз баласынын эң негизги жашоо булагы болгон. Этин жешкен, жүнүн кийим кылышкан, кумалагы менен отун кылышкан. Бир да нерсеси тек кеткен эмес, жүнү менен эң негизги боз үйүн кылышкан.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.