Чөкөй уулу Турдубек

This post is also available in: Орусча

Чөкөй уулу Турдубек, 1936-жылкы. Кара-Буура району, Молотов айылы

Илгери кыргыздар мал менен көчөдө жашашкан эмес, тоодо жашашкан. Кыскасы кыргыздардын бардык жашоосу мал менен өткөн. Жандык мал багышкан. Кой-эчки, жылкы баласын, уй багышкан, бирин-серин төө кармашкан. Төө деген бул чөптү көп ойлонбогон, кургак таштак жерде камгак менен оокат кылып жүрө берет.

Ал убакта ветеринарияны бүткөн азыркыдай врачтар болгон эмес, кыргыздын аксакалдары эгерде ат ооруп калса, жаталак болуп калса, жаталак деген тердеп турган атка муздак суу ичирип койсо, ичеги карынына суук тийип калат экен. Ошол тердеп турган малды жылуулап жаап койсо кайра айыгып кеткен экен. Эми бирин-серин өлүп калган, бирок азыркыдай көп эмес. Себеби тоодо даамдуу, таза чөптөр өскөн. Ошол үчүн илгери жугуштуу оорулар аз болгон да, азыр тим эле оорунун түрлөрү көп болуп кетпедиби.

Койлор талаага түшкөндө, талаада оттоп жүрүп тумшуктары турпакка тийип, ээктери кесилип, сөөл болуп, ээк ооруу менен оорушкан. Анан чөп жей алышпай, ошондон да койлор өлүп турушкан. Аны илгери тоодо тарапран деген чөп болчу, анан ошол дарыны оозуна сыйпап, 1 күн жайытка чыгарбай коюшкан, анан эле басылып калган.

Мурунку убакта мындай кой сарайлары болгон эмес, баары эле жайытта жүргөн, көбүнчө, кар оор жаап калганда ал жактан чөп жей албай бул жакка жакага түшчү.  Эми ал убакта бардык оокат-тирилик мал менен болгон да.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.