Жаңыбердиев Таштанбек Турдалиевич

This post is also available in: Орусча

Жаңыбердиев Таштанбек Турдалиевич. 64 жашта. Талас району, Кырк-Казык айылы

Илгери кыргыздар малга абдан жакшы кам көргөн. Мал менен жашап келишкен. Мал ооруларынан күйдүргү, кара жаме, карасан деген болгон. Илгери бруцеллёз, туберкулез, баланча-түкүнчө деген болгон эмес. Себеп дегенде мал жеринен таза болгон. Мисалы котур болгондо жөн эле муздак сууга салып койчу, жүнүн кыркып салчу. Анда дагы чанда болчу. Жердин баары таза, чөптөр таза болгон. Илгери сарай деген болгон эмес, талаада эле туулган. Ошол жактан чоңоюшкан. Кышында деле талаада болушкан. Тоют деген кийин эле чыкпадыбы. Илгери жылкыларга эч кандай прививка болгон эмес. Мына мен институтту 70-жылы бүттүм. Ошол жылдан баштап прививка башталды. Азыр кудай өзү кечирсин, «грипп лошадей» деген бар. Башкасын кой, жылкылар грипп менен ооруп баштады. Ушул оорулардын баары чет мамлекеттерден келди. Мисалы, жылкылар сатылып алынды, биздин жылкылар ошол жакка барып жатат.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.