Мамбеталиев Байыш

This post is also available in: Орусча

Мамбеталиев Байыш, 54  жашта. Талас району, Көк-Кашат айылы

Кыргыздар илгери конок, таруу айдашкан, азыр биз экөөнүн айырмасын билбейбиз. Конок деген таруудан чоң-чоң болгон экен. Абдан жакшы түшүм алышкан экен, андан бозо салып ичишкен экен. Бозодон калган акшагын топ деп коет, аны малга беришкен. Арпаны башынан эле айдашкан.

Дыйканчылыкта колдонгон курал-жарактардан дан бастырган ташты көрүп калдык, кадимки эле сай ташты дан баса тургандай кылып чегип, аны өгүзгө, атка чиркеп дан бастырышкан. 1917-жылкы революциядан кийин деле ошентип данды таш менен бастырып, анан сапырып алышкан. Бизде эки таш болчу, бирөө менен дан бастырса, бирөө менен сай-сай жөөк салчу. Аны эч сваркасы жок эле кол менен тешип, темир кадап жөөк салган. Аларды кырман таштар деп коюшчу. Кийин ал таштарды музейге деп алып кетишти. Кийин комбайн чыгып калганда, ошол кырман таш менен көң тебелешкен. Айыл боюнча ал ташты сурап алып, көң бастырышаар эле. Уйдун, аттын кыктарын жайып, ага суудан чачып, ташты атка байлап ары-бери бастырышаар эле. Анан ал койдун көңүндөй сонун көң болуп калчу.  Азыр болсо кыкты көчө көчөгө жаткызып жатат, ал көң болбой эле кык болуп отунга жарабай калып жатат. А тиги койдун көңүндөй капкатуу сонун болчу. Малдарды өз убагында билген, өгүз ат кайсыл убакта чычат ошону эл билген, ошол убакта жетелеп алып кеткен. Же болбосо эгинди бастырып жатканда баарын булгап таштайт да, илгерки элдин баары эле абдан көсөм болгон экен. Тал-теректерден башка нерселерден эмне болоорун, аба-ырайынын кандай болоорун алдын ала билген.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.