Исабеков Канатбек

This post is also available in: Орусча

Исабеков Канатбек, 79  жашта. Талас району, Кырк-Казык айылы

Илгери кыргыздар малга абдан жакшы кам көрүшкөн. Илгери жер көп, мал аз болгондуктан чөп жактан жетишип турушкан. Кышында болсо тоонун күңгөй бетине кыштоолоткон, анткени андай жерде кар жукараак жана чөп болгон. Жайкысын чөп көп болгондуктан кышкыга чөп жыйнап алышкан, арпа, буудай себишкен, аларды жем кылып беришкен. Ал эми совет мезгилинин учурунда силос, сенаж кылып чөп дайындаган пайда болду, а илгери андай жок болчу, жөн эле боолап алышкан.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.