Бегалиев Жуматай

This post is also available in: Орусча

Бегалиев Жуматай, 83  жашта. Талас району, Жон-Арык айылы

Алгач кыргыздар мал күткөнчө, анын жайын күт дешкен, жайын күт дегени короо-сарайын даярда деген. Маселен, кыргыздар көчүп жүрүшөт, кышында малдын жаткан жери кургак болуш керек болгон. Малдын баласы чуңкурда жаткан. Кышында Таштан таш короо жасашкан, байлар болсо минген атына бастырма кылышкан. Чанда адам гана бастырма кылган, анын үстүн чым менен жапкан. Ал эмес үй тамдарды дагы чым менен жабышкан. Илгери жаан көп жаачу, жаан жааганда чымдан жамгыр өтүп кетчү. Анан кадимки күлдү алып, чымдын үстүнө төгүп койчубуз, жаан өтпөй калчу. Ал эми азыр жыргал заман, кой үстүнө торгой уялаган заман, суу, свет, отундун баары үйдө.

Ал эми мал ооруларын өздөрү эле дарылап коюшкан, маселен мал шарп болуп келе жатса туз берип койгон. Ал тузду Токтогулдан алып келишкен, шамшыкал туздарды. Ошол туздарды короого таштап коюшкан, мал жалай берген, ал туздар малды семиртет дагы экен, абдан таза туз болгон, ошондуктан аны өзүбүз дагы пайдаланчубуз, кийин-кийин гана туздар чыгып баштабадыбы. Илгери чөптүн баары таза, анан дары экен. Ошондой таза чөптөрдү мал жеп эч ылаңдачу эмес экен. Көзүмө алигиче элестейт, жайлоого барганда кызыл-тазыл чөптөр, ошолордун баары дары экен да. Маселен, кар кеткенден кийин текей чыгат, аны жечүбүз, андан кийин сарымсак, ышкын чыгат, аларды жечүбүз.

Катуу жокчулук, жутчулук болгондо кыргыздар малдарын кантип сактап калышкан? Лакап бар кыргызда, коен жылы койду алды, көкүрөктүү койду алды деген лакап бар, коен жылында эчтеке албай, тоют жок болуп, малдын баары кырылып калган экен. Кечээ эле 1960-жылдары май же июнь айларында кар калың жаап, токойдогу бака теректердин бутактарын бергенде мал ачкалыктан бүтүн бойдон бат эле аймап жеп койгон. Ал бутактар малдын ичегисин тешип чыгып, андан дагы көп мал кырылып калган. ошентип колхоздун малы кырылып калган. Биздин үйгө атчан бирөө келип калса, биздин койлор тиги аттын куйругун аймап коюшкан, ачка да. Калганы калды, өлгөнү өлдү. Ачка болгондо казактар биздин кыргыздарга келип 1-2 жыл жашашкан. Луговое, Мерке деген жердеги казактар кыргыздар менен куда-сөөк, тааныш экен. Алар тааныштарына келишип жашашкан. Анда деле ачкачылык болуп, кетип баратканда эле жерге жыгылып өлө беришкен, мен өз көзүм менен көрдүм.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.