Раимбердиев Бакир

This post is also available in: Орусча

Раимбердиев Бакир, 90 жашта. Бакайата району, Өзгөрүш айылы

Кыргыздар көчмөн болгондуктан, дайым көчүп жүрүшкөн, там салган эмес. Бир кара үйү болсо, анан он кою бар болсо, аларды того көчүрүп жашай берген. Кара үй деген – боз үй, кедей болгондон кийин ак туурдук таба албай койгон да. Ошентип тоо, талааларда жашай беришкен. Кышында миң кой бата турган таш короо кылып. малын багышкан. Күндүз эшикте кайтарып жүрүшөт, күн батканда ошол короого камашат, малдар жата берчү.

Илгери мал ылаңдап калса, мүрзөлөргө алып барып түнөтчү, бир күн түнөтүшкөн. Ошондо оору кетип калган. Анда догдур, дары-дармек деген жок болгон. Эгерде абдан оору болсо, союп салышкан. Жокчулук, жутчулук учурунда малы жок кедейлер, байлардын малын кайтарып жан сактап келишкен.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.