Мамбеткулова Жүрсүн

This post is also available in: Англисче

Мамбеткулова Жүрсүн, 65 жашта, Жети-Өгүз айылы

22.02.2010 11:20-11:35
Улуттук тамак-аштардан айтып берейин.
Бир короо койду көгөнгө байлап, түштөн кийин койлорду саачубуз. Чоң казан сүт болчу, аны уютчу. Уютканда, козунун жумурунан бөлтөк-бөлтөк ууз чыгат, аны сүткө эзип, 1-2 күн уютат. Казандагы сүттү жылымык кылып, уюган сүттү кошуп алып, таң атканча бир калыпта, отко кайнатат. Сапсары болуп козунун этинен да күчтүу болот. Ага тоголок камыр салып ийчү, камырын жесең да сонун. Бул тамак эжигей деп аталат.
Ноорузда көжө деген жасалчу. Арпаны адегенде чийкилей күүшөп, аны 3 жолу сапырып, чала кууруп кайра күүшөп, сүрсүгөн эттин сорпосуна бышырып алып келишчү. Күрүчтүн өзүндөй болуп калат.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>