Каниметова Ракыя

This post is also available in: Англисче

Каниметова Ракыя, 76 жашта, мугалим, учурда ардактуу эс алууда, Ак-Кочкор айылы

22.02.2010. уб. 15:40-16:11

Кыргыздын улуттук тамак-аштарынын бири бул сүт азыктарынан жасалган тамактар болуп эсептелет. Мындан кымызды эле алсак, анын абдан баалуулугун ата-бабалар илгери билген да. Кымыз чындыгында кургак учукка абдан жакшы жардам берет экен. Башка оорууларга деле жакшы. Бүгүнкү күндө кымызга абдан чоң көңүл бурулуп аткан кез. Бээни саап келип эле сүтүн дароо иче баштаса, бул да жакшы. Лениндин сөзү менен айтканда: «Элди кайсы жакка үндөсөң, ошол жакка кете берет». Бирок туура жолго үндөсөң, өзүнүн денине кам көрүү менен жыйынтык чыгарат экен. Жанагы сүтүн ичкенге караганда, саамал болгон кезинде ичсе, ошондо организмде реакциянын жүрүшү тезирээк болот. Кымыздын касиети өтө чоң.

Жылкы чөптөрдүн өтө жакшысын жейт да. Ошол жеген тамагына жараша, андан чыккан продукция да жакшы болот.
Бул жылкынын экинчи пайдасы. Жанагы казысы бар го, ошонун касиети өтө чоң болуп атпайбы. Кандай жерге койсоң да тоңбойт. Мунун составындагы витаминдер башка эттерге караганда өтө чоң. Ата-бабаларыбыздын чучук жеп, кымыз ичиши бул бизге калтырган чоң белек. Азыр биз эмес башка элдер да кымыз десе, чуркап ичип атпайбы. Биздин ата-бабалар эч кандай илим жок эле булардын баалуулугун билген да.
Ал эми үчүнчүдөн айта турган нерсе, жылкынын казы-карта, ич этинен жасалган гулазык деген болот да. Аны кысыр тай же кулунду семиртип, анан гулазык жасаган. Анын технологиясы да башкача. Казанга сала коюп эле башка эттердей бышырбайт. Аны 4-5 саат жакшынакай бышырып, көлөкө жерге кургатып, арпа же буудайдын талканын аралаштырып кошуп жасайт.

Кыргыз эли көчмөн эл болгон да. Андан бир кашык сууга эзип жеп алса, аябай күчтүү болгондуктан, биринчи-экинчиси менен тамак жегендей болот, ошондой эле ал узак жолдо бузулбайт, экинчиден женил. Муну жегенде тим эле тердейт.
Уйдун, эчкинин да эти жакшы. Айрыкча эчкинин эти дары болот. Бул өзү тоонун бийик бетине чыгып, чөптүн гүлүн терип жегендиктен бул малдын эти айырмаланып турганы ушундан. Ал эми саздак жерде жүргөн малдын эти супсагыраак келет. Мисалы, Түп менен Маяктын малынын эти айырмаланып турат. Маяктын малынын эти даамдуу, семиз болот. Мына ушуну ата-бабалар билген. Алар жердин жакшы, жаманын билишкен, жерди жакшы колдоно билишкен.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>