Абдыраимов Кашымбек, Кең-Колдогу Чыпынын мазары

This post is also available in: Англисче

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Абдыраимов Кашымбек, 1934-2005, Талас районундагы, Кең-Колдогу Чыпынын мазарынын шайыгы.

Маалымат алган: Мамекова Бүбүзина, Талас мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүнүн студенти.

- Эмне үчүн Чыпынын мазары мазар болуп калган?

- Чыпы деген олуя адам болгон. Ал 80 жашка чыкканда Кең-Колдун Бел конуш деген жайлоосунан өлөт. Ал өлөөрдө: «Мени Манас атанын күмбөзүнө койгула» – деп айткан дешет. Анан өлгөндө жолдон келе жатып өлүгү Кара шоро жайлоосуна түшүп калат экен. Анан өздөрү да ырым кылышып, түшкөн жерине коюп коюшат. Анан өлөөрүндө: «Мен койлордун «тыпыратма» оорусун басам. Менин күмбөзүм түбөлүккө мазар болуп калсын» – деген экен. Ошондон бери Чыпынын мүрзөсү мазар болуп келе жатат.

- Ал киши канчанчы жылы туулганын билбейсизби?

- Болжол менен 1782-жылы туулган. Кушчу уруусунан чыккан. Азыркы Карасуу айылынан.

- Азыр ал жерге бүбү-бакшылар келишеби?

- Бүбү-бакшылар издеп келишет. Азыр белгисиз болуп калган, мен мурун кирпич менен тегерегин тороп, мазар экенин белгилүү кылып койгом. Кийин кайра эле жамгырга жуулуп олтуруп, жок болуп калат экен. Мурун элдер койлорун тыпыратма болуп ооруганда алып барышчу эле, азыркылар көп билбей, эл көп каттабай калды.

- Сиз мазарды ондогондон кийин үйүңүздө өзгөрүү болдубу? Мазардын касиети бар бекен?

- Албетте, мазардын касиети бар болгондо да кандай дейсиң. Мага 5-күн сайын ошол жерден арбактар көрүнүп, ыраазылыгын билдиргендей болушат. Анан малдарыбыз көп төлдөп, турмушубуз бир топ оңолду.

- Чыпынын дагы кандай касиеттерин угуп калдыңыз?

- Ал менин чон атам Кызыл баш Кудайбергендин үйүндө чоңойгон экен. Анан ошол теңтуш балдарына азыр жамгыр жаайт десе жамгыр жаап, ылдый аккан сууну тетири агызып койчу дешет.

- Мазар дегенди кандай түшүнөсүз?

- Мазар деген – адамдардын сыйынган үйлөрү. Биринчи – Кудайга, экинчи – арбактарга сыйынабыз.

- Мазардан сыр көрдүңүзбү?

- Мен бир күнү ошол мазарга таңда барып, тегерек-четиндеги чөптөрдү оруп жатсам, аркамда бир ак сакалчан киши турат. Мен башында коркуп кеттим. Анан кайра өзүмө келип баамдасам, ошол Чыпы олуя экен.

- Ишиңизге акы төлөнчү беле?

- Кайдагы акы төлөнмөк эле. Өзүм эле бала-чакам менен барып карап турчумун. Менин карап турушума өзү аян берген. Ошол себептен барып калдым. Мен мурун: «Айланайын, ушул мазарга жардам берип койсоңор, сообу тийээр эле» – деп Манас ордонун директору Жеңиш Чынаевге да кайрылгам. Ал мырза «ооба, ооба» деп эле коет. Ушуну силер бир аракет кылсанар жакшы болоор эле.

- Өзүңүз мазарга сыйынасызбы?

- Ооба, айланайын. Мазарга сыйынуу биздин каныбызга сиңип калган өнөкөт да. Кыргыздар мазарга тээ өткөн замандардан бери эле сыйынып келе жатат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>