Сааткан эне, 72 жашта, Аксы району, Ак-Суу айылы, Жалал-Абад аймагы

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Жүрөгүм ооруп имам-атага баргам

Мен ушул жерде чоңойгом. Менин атам Бишкекте бир эмес, эки-үч окууну бүтүп келген адам. Ал жогору кызматтарда иштеп журүп, кийин молдо болуп кеткен. Атам молдо болгондон кийин бизге ыйык жерлер жөнүндө көп айтып берчү. Мен ошол атамдын айткандарынан айтып берейин.

Илгери бир пайгамбарлардын үй-бүлөсү жашаптыр. Ал үй-бүлөдө балдары көп экен, анан бир гана жалгыз кызы бар экен. Ал эң кичинекей Кара-Кыз эне болгон экен. Анын улуу акелери – Имам-Ата, Баба-Ата, Падыша-Ата, Камбар-Ата, Чолпон-Ата. Булар пайгамбарлар болушкан экен. Анан буларды каапырлар кууп келет да, пайгамбарлар туш-туш тарапка, тоо-тоолорго качып, ошол жерлерде калып кетишиптир.

Ал пайгамбарлар Аравиядан келген араб экен. Аравиядан келишкенинин себеби, Мухаммед пайгамбар төрөлгөндө ага каршы адамдар аны өлтүрөбүз дешет. «Мухаммед бардык адамдарды динге киргизет экен, ага жолтоо кылыш керек», – деп, ага каршылар пайгамбарды кууп калат экен. Ошентип бардыгына Мухаммед пайгамбарды издегиле деп издөө салып калышат. Анан аны издеп баратып, Нил дарыясынын көпүрөсүнөн баягы Мухаммед пайгамбарды көрүп калышат. Мухаммед пайгамбар Нил дарыясындагы көпүрөдөн өтүп келе жаткан болот. Ал киши абдан сулуу киши экен, селде оронуп келе жаткан экен. Ошо пайгамбар көпүрөдөн өтүп келе жатса, баягы Мухаммедке каршы эки адамдын алдынан чыгат. Баягылар кол берип учурашат. Учурашкандан кийин Мухаммед экенин таанып калышат да: «Кайсыл кишисиң? Сен кимсиң?», – деп сурашат. Алар Мухаммедди таап алабызбы деп ойлоп жүрүшкөн. «Мен Мухаммедмин», -дейт баягы киши. Берки эки адам Мухаммедин жүзүн көргөндөн кийин бул Мухаммед пайгамбар менен кол алып учурашкан адам дагы кандайдыр бир кудайдын керемети менен динге кирип калат деген ишеничтен улам, ушундан көрө боюбузду сууга таштап жиберели деп, сууга секиришет экен ошол көпүрөдөн. Бирок суудан экөө кучакташып барып, анан бир жерден Мухаммед пайгамбар менен кол алып учурашкан киши кандайдыр бир керемет менен суудан чыгып калыптыр. Ал эми экинчиси, учурашпаганы болсо суу менен кетип калыптыр. А Мухаммедке кол берип учурашканы ушул жерден суудан чыгыптыр. Анан чыгып келсе ушул жерде согуш болот, абдан кыргын жаман согуш болот. Мен ушу согуш-кыргын болгон дегенине ишенем, себеби, кайсыл жерди казбагын, кайсыл жерге там салбагын сөзсүз түрдө сөөк чыгат. Анан биз аларды башка жакка алып барып, куран окуп, көмүп коебуз. Бир далайын ошол ордуна эле көмөбүз, анан эмне кылабыз. Анан согуш болгондон кийин баягы бул жердин ымамы калбай калат да. Ошондо ымам сурайт экен да. Ошондо баягы Мухаммед пайгамбарга колун берип учурашкан кишини «Мына ушул силерге ымам болот» – деп, берет экен. Анан ушул киши Имам-Ата болуп калыптыр.

Ушул Имам-Атага келип зыярат кылса болот деп айтышат, себеби, бул Меккеден, Аравиядан келген киши да. Ошондуктан бул жерге, анан Ала-Букада Совет-Булан деген ыйык жер бар, ошол жерге дагы барган адамдар ажы катары боло берет имиш. Булл жерлердин экинчи Мекке боло турган күчү бар экен. Мунун баары эски китепте бар экен. Муну мен таякемден уккам. Таякем ошол жолдун боюнда, Майлуу-Сайда жашайт, ага Өзбекстандан көп кишилер келип, ушул Имам-Атаны сурашыптыр. «Эмнеге силер Имам-Атаны сурайсыңар?» – десе, «Биз эски китептен бул ыйык жер жөнүндө окуганбыз, эски араб китептерде дагы ушул Имам-Ата жөнүндө жазылат. Ошондуктан биз азыр аны издеп келе жатабыз. Меккеге жетпегендер ушул жерге келип зыярат кылып кетсе, ошол Меккеге барганы менен барабар, ажы болуп эсептелине берет экен», – деп жооп берген экен. Мен ишенген жерим ошол.

Менин бир кызым, эки бир тууганым удаа өтүп кетти. Ошого кайгырып жүрүп, жүрөгүм ооруп калды. Анан Имам-Атага баргам. Башта деле барып жүргөнбүз. Бирок ошол ооруп калгандан кийин эки жолу бардым, эки жолу тең мени бирөө ээрчитип барган. Ошол жерге бардым, жазууларды көрдүм, кабырдын ичине мени киргизип сыйындырды. Ал жерге кирсе болбойт дешет, бирок мага кирип сыйынганга уруксат беришти. Кирип, сыйынып анан аркам менен чыгып кеттим. Анан ошондон кийин мен калыбыма келип, жакшы болуп, басып кеттим.

Мен барганда мындай болду, шайык: «Бул жерге шам тикпегиле. Бул кудайга туура келбейт», – деди. Мен мал сойбой эле жеңил эле оймо-соймо жасап алып бардым эле. Биз барсак, тээ алыстан Сузакбы же Базар-Коргондонбу мал союп келгендер бар экен. Анан алар бизди чакырды. «Эми сиз аксакалсыз, биз менен келип отуруңуз», – деп чакырышты. Чай ичтик, малдын этин жедик. Анан ошентип калгандарын ар жак, бер жакта жашаган элдерге таратып бердик. Мына ошентип сыйынып келдим, кагылайын.

Имам-Атага Өзбекстандан дагы көп келишет. Бул жердин жаратылышы кооз, абасы таза, суусу тунук, өзү ыйык жер. Эми шарт түзүп, жолун оңдоп койсо, чет мамлекеттерден деле коп келишмек. Бул жердеги булактын суусун келгендер алып кетишет, себеби бул суунун касиети чоң, айыкпаган жара-жураны жууса айыгып калат. Мындан сырткары бул жерге балалуу болоюн, бактылуу болоюн, бир жерге тынайын деп дагы сыйынып келишет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>