Исаков Бектур, Талас аймагы

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Исаков Бектур:

«Ыйык жер таюу деген – тууган жерге сыйынуунун эң жогорку түрү»

Кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүнө анын дүйнөнү таанып-билүүсү кирет. Ошол дүйнөнү таанып-билүүсүндө эки чоң уюл бар. Бирөө – ата таануу, башкача айтканда, улут таанымы. Демек, жанагы арбакка сыйынуу дегенге караганда таюу деген айтылат кыргызда. Ыйык жер таюу болсо экинчи уюл болуп эсептелет. Ушул 2 уюлдан бүткүл кыргыздын дүйнөнү таанып-билүүсү өсүп чыгат.

Биринчи уюлу – ошол ата таанымы, ата арбагы, муну кайыпка десе болот, кайыпка айланып калган. Жанагы бүткүл дүйнөнүн философиялык жыйынтыгы дагы ошонун натыйжасы катары атанын арбагына сыйынуу менен байланышта жүрөт. Мисалы, бул башка диндегилердей эмес. Кыргыздыкы башка. Ошондо бул барып отуруп элиңди тааны дегенге алып келет. Демек, сен өзүңдүн атаң, чоң атаң, анан ошондон барып кыргызга куя турганыңды, ошого чейинкилерди кароо, сактоо, жакшы нерселерин бүт билүү, сен ошонун тукуму экениңди, ошонун каны экениңди сездире билүү да зарыл. Арбак дегенде эле бүт башкача маанини бербейт. Биерде эл, демек, калк деген түшүнүк бар. Сени өстүргөн, алдейлеп чоңойткон эл түшүнүгү болуш керек. Элдеги патриоттук түшүнүк жатат биерде. Бул арбакка сыйынуу. Ошол үчүн арбакка арнап мал союу деген болгон, элди чакырып тамак берген ошондон болгон. Жанагы дайым аш бергени эскерүү, эстеп туруу дегенди туюнтат. Ошонун ичинде булар жанагы санжыра менен коштолгон. Санжырада улуттун өзүнүн кандайдыр бир жок болуп кетпестиги, эң таза болгондо да ата-энелерин даана билүү маданияты бар. Анан нары жагындагы атактууларын билип кете берет. Андан нары эс тутумунда кармалбайт. Жаман бала болсо дагы эркек бала болсо, бака баштуу болуп калган күндө дагы Ата Журттун ата конушунда турат. Бул ата таанымы боюнча.

Экинчи – ыйык жер таюу. Ыйык жер таюу деген – ошол жерге сыйынуунун эң жогорку түрү. Ыйык жер таюу байыртадан эле болгон. Жанагы өзүңөр изилдеп жүргөн Арашанга тайынуу, ошого келип түнөп кетүү, анан дагы кийин мына бу Зулпукор деле жердин аты. Аны кээде Манастын куралы катары карашат. Андан башка Кыргызстанда жүздөгөн укмуштай жерлер бар. өзгөчө үңкүрлөр бар. Ошол жерлерде жанагы суулар бар. өзүң айтып жаткан Арашандан далай айыгып кеткен көп кишилер бар. Эми кеп ал ыйык жерди эскиликтин калдыгы катары түшүнүүдө эмес. Бул – журтка сыйынуу. Демек, жерге сыйынуу, ушундан бул Мекен түшүнүгүнө чейин өсүп жетет. Демек, элиңдин жашаган мекенине кадыресе сыйынасың. Жалаң эле тиги ыйык жерлерге эмес. Андан башка мына бу сөөк коюлган жерлерге, мүрзөлөргө, күмбөздөргө сыйынуу жүргөн. Кадыресе оболу жанагы туулган жердин топурагы деп топуракты тумар катары тагып алууга чейин барган. Жалатып оозанткан. Жердеги топурагынан кичинекей небересине оозандырганда ага эки нерсе келип кошулуп жатат. Биринчи, ата арбагы, экинчи, ыйык жер тайымы. Экөө келип кошулат дагы Ата Мекен түшүнүгү келип чыгат. Ыйык жер таюу деген мекенди, демек, эл жашаган журтту түшүндүргөн дагы, а ата арбагы элин түшүндүргөн. Мал союу аркылуу, сыйынуу аркылуу, ыйык жерге жип, чүпүрөк байлоо, таазим этүү, ошонун тегерегин тазалап коюу, же болбосо отуруп ошондон кандайдыр бир жеңилденип, тазарып кетүү – ушу сыяктанган нерселердин бардыгы биригип келип, адамда кандайдыр бир купуя нерсени, элине, анан мекенине сыймыктанууну эки эселеп жараткан. Мунун өзү балага кичинекейинен баштап берилген. Улуу кишилер кичинекейинен баштап жанагы топурактан таткандан кийин, ошол бала «мени көрүнбөгөн күчтөр, демек, ата-бабам колдоп турат. Менин жерим мени колдоп турат» – дешип, ошон үчүн ак кийип, талаа-түздө жүргөндө мокочо чыга калат, же тигиндей-мындай кылат деген түшүнүктөн алыс, эрдемсип жүрүшкөн. Жанагы кыргыздагы жүрөктүүлүккө тарбиялаган башат ушул жакта.

Ушул экөө биригип келип дүйнө таануу, андан келип Теңир таануу келип чыгат. Бери жагы 2000-3000, нары жагы 4000-5000 жылдардын аралыгындагы кыргыздардын Теңир таанымы делет. Демек, ата – асман, жер – эне. Демек, ошо Теңир таанымы келип чыгат дагы, ушул көз карашты кыргыздар тээ байыркы мезгилден бери алып жүрүшөт, жанагы биздин 2200 деген жылга байлап жатканыбыз бекер эле. Нары жакка кеткен байыркы тарых менен, ошо бир кездерде бул түндүк Кытай деп аталган, ошолорго таасир эткен. Ошолордон келип олтуруп жанагы 2 уюлду өздөрү өздөштүрүп алган. Жанагы Япониядагы айрым синтоизм айрым тармактарга чейин таасир эткен. Кытайдын азыр жанагы кебелбеген бакыбат мамлекет болгону – ошол жанагы 2 уюлду бекем кармаганы. Бизди көп нерселер жолдон чыгарып турат. Батыштын тарбиясы болсун, мейли чыгыштыкы болсун, мейли диний башка нерселер болсун, жолдон чыгарып турат.

Менин ата мурасым – сенин да ата мурасың. Муну бир кезде феодалдык калдык, патриархалдык калдык деп тетири, окчун карап калганбыз да. Ал – тетири эмес эле, христианчылыктан дагы, исламчылыктан дагы, башка батыштын көп нерселеринен дагы жогору турган нерсе да. Биз кайра ошондон кийин кол жууп калганбыз.

Мен ыйык жерге эмне максат менен барам? Мен өзүм жеңилденип калам. Мына, азыр жогору жактагы булакка бардык. Мына, азыр сен иче турган чай ошо Каныкей булактыкы. Кадимки «Манас» эпосундагы кара суу чыккан, оргуган булак ушул. Кышында да тоңчу эмес.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>