Атамбеков Алияр, Жалал-Абад аймагы

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Атамбеков Алияр, 44 жашта, тиш догдур, Таш-Көмүр шаары, , Жалал-Абад аймагы

Бул жердин суусу тишке пайдалуу

Менин бул жерде жашаганыма 20 жылдан өтүп калды. Өзүм 1965-жылы Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылында төрөлгөм. Мектепти бүткөн соң Фрунзе (Бишкек) шаарына барып, мединститутка окууга кирдим. Институтту бүтүп, ушул шаарга келип иштеп калдым. Мен Шор-Булак (Байыз-Булак) ыйык жери жөнүндө көбүрөөк билем. Өзүм да бул жакка бат-бат келип турам. Мындан башка Каз-Булак деген ыйык жер бар деп айтышат, бирок мен ал жакка барбагам.

Шор-Булакка көп келишимдин себеби кесибиме байланыштуу деп ойлоймун. Менин кесибим тиш догдурлук болгондуктан, өзүмдүн клиенттериме тиштерин ушул булактын суусуна чайкап жүрүшүн дайыма сунуш кылам. Себеби, туздуу суу менен тиш чайкап жүрсө, тишке пайдалуу. Тиш терилеринде стоматит жана башка оорулар болбойт. Тишти жулгандан кийин дагы туздуу суу менен бат-бат чайкап турса, тиштин эти ырбап кетпестен бат айыгат. Сууга туз салып жасалма туздуу суу колдонгондон көрө, жаратылыштын өзүнүн туздуу суусун колдонуу чоң натыйжа берет. Ошондуктан мен бул жердин суусунан алып барып, адамдардын тиштерин дарылоодо колдоном. Мындан сырткары дагы бул булактын суусу аллергия, жара жана башка тери оорууларын айыктыраарын билем.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>