Мазар басуу жана зыярат кылуу тажрыйбаларынан

This post is also available in: Англисче

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Талас университетинин бүтүрүүчүсү Иманалиева Дамиранын Кочкор ата мазарына болгон зыяратка катышуусу:

“Булакка Элмира эже жана анын эки кызы болуп бардык. Кайнар булакка 20-30 метрдей жетпей Аалихан мазарына куран окуп, бетибизди чайып, суусунан ооз тийдип, андан кийин Кайнар булакка бардык. Мазардын короосу бар экен, ошол короосунан киргенден баштап Элмира эже 10 мүнөттөй ыйлады, кайрат кылыңыз десем, ата-бабам көрүнүп жатпайбы деп жооп кайтарды. Мурда карыя адамдардан уккан элем, кудайга ыйлап, сыздап, боздоп берилип сыйынуу керек деп, бул кудайга берилгендикти билдирсе керек. Андан кийин куран окуду, анан мен окудум, булактын суусунан ооз тийдик, анан кызы башын булактын суусуна жууду (башы ооруйт экен), бир аз отуруп, тилектерибизди айтып, дагы бир ирет куран тилеп үйгө кайттык.

Мазарда 40 мүнөттөй болдук. Эң таң калычтуусу булакта ак тактар бар экен. Ал тактар ар кандай таризде болуп турат, бирде адамдын башы болсо, бирде адам жаралгандагы түйүлдүккө окшошот. Булак болсо бирде тогуз болуп кайнаса, бирде жети болуп кайнайт экен. Аялдар, кыз-келиндер сыртта тамак жасап жаткан экен. Мен бир эже, бир байке менен барган элем. Барып үйгө кирдик, алып барган нандарыбызды дасторконго коюп, Алмаш эже (Кочкор ата мазарынын кароолчусу) куран окуду. Менин жанымдагы Рахат эже 7 тандыр нан, жарым кило вафли, конфет алып барыптыр, мен болсо 2 нан, жарым кило конфет, жарым кило пряник алып барган элем. 20 мүнөттөн кийин, ошол учурда саат кечки беш жарым эле, дасторкон жазышты, жанагы кыз-келиндер, тамак алып келишти (эт менен кесме куурушуптур). Баарыбыз чай ичип, кыз-келиндер дасторконду (андагы тамактарды келгендер аздап алып кетишти, мазарда дагы калды, башкача айтканда, кароолчуга да), кемегенин башын тазалап, андан кийин Кочкор ата мазарынын чыгыш жагындагы дөңсөө тоолордон арча апкелишип (үйлөрүнө), дагы бир ирет куран тилешип, үйлөрүнө бет алышты».

С.З.: Мен мазарга барганда биринчи эле сыйынам, андан кийин куран окутабыз (алгач сени алып барган бүбүлөр куран тилешет, андан соң сен куран окуйсуң), андан кийин тамак бышырып ичебиз куран тилеп, сооп болсун деп, андан кийин мазардын жанындагы тамды, тамак ичкен жерди тазалап, сыйынып, анан үйгө кетебиз.

К.: Тилек кылып ишенип келем. Келгенде эле куран окуйм, талдарды кучактап тилек кылам, алып келген тамак-аш болсо бышыра турган болсо, бышырып, даяр болсо дасторкон жайып куран окуп жеп, баарын жыйып, тазалап, кетээр алдында дагы куран окуп, зыяратыбыз кабыл болсун деп анан кетебиз.

Т.: Мазарга барганда мен сөзсүз түрдө булактын суусун ичип, бети-колумду жууймун. Бирок жуубай деле кете берсе болот, бирок ошол булактын суусунун касиети мага жугуп калсын деген ниетте жуунам. Эми кээ бирөөлөр бар, ичи ооруйт, кээ бирөөлөрдүн өпкө-боору ооруйт, же дезинтерия болуп, ичи токтобойт, бирөөлөр сууктан, бирөөлөр ысыктан оорушат. Ошол ысыктан ооругандарга булактын суусунан чачып койсо басылат экен. Бирок бул ырым-жырымды көбүнчө бүбүлөр жасайт, биз жасабайбыз, биздики жөн гана дем салуу.

А.: Мазарга барардын алдында бир күн мурун үйдөн жуунуп, тазаланабыз. 7 оймо жасайбыз. Аны даарат менен камырын жасап, бышырабыз, дааратсыз жасоого болбойт. Ортосун да тешпейбиз. Эгерде колубуздан келсе бейиштин тамагы деп 7 даам алып барабыз. Көбүнчө ак алып барам, сүт, айран ж.б. Алгач алып бара турган тамактарга мазарга баратабыз деп багыштап, үйдөн куран окуйбуз, кудай жол бер деп тиленип, ак кийим кийип туруп анан кетебиз, мазарга түз барып эч жакка кайрылбай түз келебиз.

К.: Жети оймо алып, куран окуйбуз, намаз окуйбуз. Ар бир булагынан суу ичебиз. Зыярат кылган ошо да. Отурабыз, ошондо кагылайын Алла таала кандай белги көрсөтсө да ошону көрөбүз. Белгиси болбосо кайра кетебиз. Эркек, аял дебей ичинен салам айтып, кулдук урат. Ошондо мага жүгүнүп жатат деп олуялар да бизге кулдук урушат.

Сейде: Шаркыратма мазарына барганда мага эки булак айтылды. Кетип бара жатканда Айман эже булак көрсөтөм деди, анан баратып эки булакка сыйынып, колубузду жуудук. Таштан жасалган чорго кумгандын оозундай экен. Бир жагынан жылуу суу, бир жагынан муздак суу чыгып жатат, ошонун бир жагында күмүш топчу, илгерки тыйындар жатат. Аны эмне себептен таштайт билбейм, өзүм таштаган эмесмин. Мен күмбөздөгү жашикчеге эле акча таштап коем.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>