Токтогул району

This post is also available in: Орусча

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана толукталып бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

1. Шамшыкал ата

Токтогул шаарчасы

Кароолчусу – Акылбек

Кетмен-Төбөдөгү ыйык саналган жердин бири эсептелген Шамшыкал туз кени Токтогул шаарчасынан 30 чакырым чыгышта, деңиз деңгээлинен 1287 м. бийиктикте жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – кабыр. Ал Шамшыкал тоосунда жайгашкан. Ал тоонун үстүнөн туз кени чыгат. Бүбү-бакшыларда “актыкты моюнга алуу” деген салт бар. Кабырдын жанынан ак матаны жазып, үстүнөн атташат экен. Матаны аттаган адам кудайдын адамы делип эл үчүн кызмат кылат экен, ал ак мата ошол жерде жайгашкан кабырдын жанындагы баканга байланат экен. Азыркы күндө ал нерсе бир аз азйып баратат (атын жашырган адамдын маалыматы).

Кабырдын алдында туз казган карьер жайгашкан, ал жерге туура эмес жол менен келген (ичимдик ичип ж.б.) адамдар туз казса, чыкпай койчу экен. Ал эми казылган туздун орду кайра толуп турчу дейт. Транспорт өнүккөн мезгилде ошол жерден машина менен ала турган карьер ачылып, туура эмес пайдалангандан туз бербей койгон деп бүбү-бакшылар айтышат, ошол себептен туз казган машиналар ошол жерде калып калган экен (кийин алып кете алган эмес).(атын жашырган адамдын маалыматы)

Кабырдын чыгыш тарабында Чилтен деген үңкүр бар. Ичине жылаандар уялап турат. Ал жерге кырк чилтен деп сыйынып адамдар кырк күн болушат экен. Адамдар суу, тамак аш алып келип берип турушат.

Оозеки тарыхы:

Кароолчу Акылбектин айтымында: “Шамшыкал ата араб, пайгамбарыбыздын сакабаларынын бири болгон. Бир кезде дабат кылып жүрүп ушул жерден каза болуп, ушул жерге коюлуп калган. Өзүнүн аты –Самсы. “Самсы калды” деп айтылып жатып, ушул жер Самсыкалды деп аталып калган дагы, кийин Шамшыкалды болуп калган”.

«Шамшыкал атанын шайыктары жашаган Тоскоол ата, Мүйүздүү Ыйык жер ата, Кайнар булак, Кара булак деген Ыйык жерлер бар» (…).

Жергиликтүү Алмаздын айтканы: “Эл баккан адам болгон деп билем. Туз жүктөп келип, ошол жерге калып калган дешет. Ал жерден кийин тузду малга алмашып, элин багып келген экен. Көзү ачыктардын айтымында Торкен айылынын үстүндө атынын жалы менен тосуп турат экен. Ал жердин чөбүн жеген мал да этин чымыр сактайт. Ошол жердин ыйыктыгынан мал эгиздүү да болот деген ата-бабалардын сөзү айтылып келсе, кийин СССРдин чабандары да сыймыктанып келген. Техника өнүгө электе бөлөк айылдан 40-50 адам ат менен келип казып кетип, эртеси ошол жер кайра толуп турган экен. Техника менен казган мезгилде да аттырылган жер эртеси билинбей турган. Туура эмес сүйлөп, ичимдик ичип барган адамдарга туз чыккан эмес деген да сөздөр айтылат. Туз алып жаткан мезгилде жакпаган адам мас абалда болуп сүйлөгөндө, жөн турган машинасы жүрүп барып жардан учуп кеткен экен”.

Шайык Керээз ата:

“Шамшы кал,

Тоскоол ата тозо көр,

Мүйүздүү Ыйык жер сүзө көр,

Көз жашым агылса булак чык,

Шор арылса туз чык”

- деп айтылган”.

“7 бир тууган болгон: Шамшыкал ата, Салп ата, Коргон ата, Каракаш ата, Карасакал ата, Кара булак ата, Кара кыз апа. Калгандары дгы – өздөрүнчө Ыйык жерлар”.

“Бул тоодо Кара-Булак, Ак байбиче, Ак кожо, Ак тайлак деген периштелер да бар. Кырк чилтен – кыргыз кожонун чилтени. Арстан деген Бүргөндүлүк бала жатып чыккан”.

Ислам институтун бүткөн Сүйүндүн пикири:

“Дин негизининен ыйык жерлерге каршы, бирок толук эмес. Ислам дини 73 фирхага бөлүнөт. Эң туурасы ошол бутак ахли сунет Валь жамаат – бизче сүннөткө бекем болгондор. Сүннөт – эң тазасы, улуу жетекчи, жол башчы, алар менен салыштырмалуу баарына тегиз мамиле жасаган. Азыр да андай жетекчи жок. Еврей ислам динине каршы. Мухаммед пайгамбар арабдан чыкты. Хизбуд Талибан еврей болгон, бул Ислам дининен кийин чыккан. Анын максаты Мухаммед башкарган дин бизден аз болуш керек деген, бирок Куранга өзгөртүү киргизе алган эмес, агымды бузат. Ал эми андан мурда чыккан шаманизм Адам атадан калган. Кудай: “Мен пенделериме кимден эмнени сураса, мен ал аркылуу ошол нерсени берем”, – деген. Мунун өзү Ыйык жер аркылуу сураганга Ыйык жер аркылуу берем деген мааниде. Мегн Ыйык жерлерге сыйынбайм, бирок сыйлаймын”.

Айыл аксакалынын маалыматтары:

1) Шамшыкал тоосунун ыйыктыгына баа жеткис, бирок бул, менин оюмча, Кудайга сыйынуу үчүн бара турган точка деп эсептейм, Шамшыкал ата аркылуу кудайга сыйынам деп барыш керек. Шамшыкал ата кудайдын элчиси деген маалыматта болуу керек.

2) Шамшыкал деген адам төө менен туз ташып жүргөн мезгилде, ошол жерге эс алып олтурганда, белгисиз тараптан “Шамшы кал” деген үн чыгат.

3) Ошол тоодо кербендер өтүп жаткан мезгилде бир ботосу адашып калган деген да сөздөр бар. Ал бото боздоп ыйлап, көз жашы ошол жерге сиңип, жердин даамы да шор даамданган.

4) Илимпоздордун айтымында кен байлык туздун радиусу жер алдында – 100 чакырым. Борбору Шамшыкал тоосу болгон туз өзү да ыйык, Шамшыкал деген бийик даражалуу адамдын сөөгү ошол тоонун чокусуна өзүнүн өтүнүчү боюнча коюлган.

5) Шамшыкал ата деген – биз төрөлгөндө эле кулагыбызга сиңген сөз. Бизди ошол колдоп турат, булагынан майып балдар оңолуп кетет, илгертен көк жөтөл да ушул жердин булагынан айыккан. Анын өзүнүн булагын Киндик деп атап коюшат.

Замир Нургазиев: “Шамшыкал деген адам элин туз менен баккан. Ал Керимбай болуштун мезгилинде тузду малга алмашканы Талас жерине барып тузду “бул жаздык”, “бул болсо күздүк” – деп бөлүп берген экен. Ал жердин башчысы тоого алып чыгып, тузду өсүп чыгат деп эктирип салган экен”.

Балыкчылык менен кесип кылган адам: “Мен ыйыктыгына анча маани берчү эмесмин. Айылда жин оорусу менен бир кыз ооруп калган. Ошол кыз жаз мезгили келе баштаганда ошол тоону көздөй кача берчү экен. Бир күнү кийимдеринин баарын чечип качып баратканын көрүп таң калганбыз. Күн суук болсо да үч күн ошол Ыйык жердын жанында тура бериптир. Анан бир агасы издеп барганда, машинанын үнү сыяктуу үн угулуп, жетип барса ошол жерде машина, карындашы гана турган болот. Кыз ошону менен айыгып кетет”.

«Менин билишимче Шамшыкал-Ата кудайдын кудурети менен жаралган. Илгери Азирети айып, Арстанбап, Шамшыкал деген үч бир тууган болгон. Бул ыйык жер ошолордун бири Шамшыкалдын атынан калган.

Бул жер илгерки ачкачылык учурунда канча деген пенделерибиздин өмүрүн сактап калган. Ал жакта булак бар. Жеп-ичерге эч нерсе таппаган адамдар ошондо туздан жалашып, анан артынан ошол булактан суу ичишип, турмуштун кыйын учурунда аман калышкан экен. Ошондой эле бул ыйык Шамшыкал-Атага канчалаган адамдар келишет. Көбүнчө бул жакка үчүнчү күнү нан, токочторун жасап алышып, бакыт тилегендер, балалуу болбогондор, иши жүрүшпөгөндөр, жолунан адашкандар келишет. Булакка зыярат кылышып, шам жактырып, төлгө ачтырып, жакшылыктан үмүт кылып, келип-кетип турушат.

Бул ыйык жердинэң башкы өзгөчөлүгү деп эмнени айткым келет? Канчалаган адамдар барып, ал тузду жардырып да, жөн да алып кетишсе да, анын орду эртеси эле кайра толуп калат. Мындай кудурети күчтүү жердин башка Ыйык жерлерден айрымасы ушунда болсо керек.

Мен өзүм бүбү болгондуктан, бул жалган жашоодо көптөгөн адамдарды көрдүм. Көпчүлүгү менен ушул Шамшыкал-Атага келип, төлгө да ачып берип жүрдүм. Баары эле күн мурунтан келишип, менин барып келишимди өтүнүшүп, өзүлөр алып барып, кайра үйгө чейин жеткирип коюшчу. Менин билишиме караганда, ошолордун көбүнүн кийин иши жүрүшүп, перзенттүү болушуп, үй-бүлө күтүшүп, өзүлөрүнүн бактыларын табышты. Мына ушуга да Шамшыкал-Атанын таасири тийди» (Аты-жөнүн атоодон баш тарткан бүбү, Көтөрмө айылынын жашоочусу).

2. Үч-Терек

Үч-Терек айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер

Ыйык жердин түрү – терек.

Оозеки тарыхы:

Илгери бул айылда бөксө дөбөдө үч терек болгон экен. Бул учур согуш мезгилине туура келет. Айылда аты белгилүү эле киши жокчулуктун айынан үч теректин бирөөсүн кыйып отун кылып жакмак болот. Айыл аксакалдарынын теректерди кыйбаш керек экендиги жөнүндөгү акылын укпайт. Теректи кыйып жаткан мезгилде аянычтуу үндөр угулат. Балта тийген сайын ал жеринен кан сызылат. Бир теректи кыйып бүткөнчө ал кишинин колдору калтырак болуп, өзүн алсыз сезе баштаган экен. Кыйып бүтүп эс алып олтурганда, көзүнөн, андан кийин кулагынан кан сызылып агыптыр. Акыры денеси калтырак болуп өлгөн экен. Атасынын өлгөнүн билбей жанына келген кичине баласы да эч себепсиз кайтыш болгон дешет. Муну сезип калган аксакалдар бул өлгөн кишинин калган кыздары аман калсын үчүн мал союп, кан чыгарып, теректерден кечирим сураган имиш. Теректин каарына калган ал кишинин тукуму курут болуптур (эркек уулдарынын баары өлгөн). Азыркы мезгилде ошол кишинин кыздарынын неберелери бар. Алар ошол теректерге алигиче сыйынып келишет. Кечкисин калган эки терек кыйылган шеригин жоктоп,бүгүн дагы коркунучтуу, ары сырдуу үн чыгарып шуулдашат. Ушул себептен айылдын аты да Үч-Терек деп аталып калган. Кийин согушка кеткен балдарынын амандыгын сурашып, жергиликтүү эл ошол теректерге барып бата тилешкен. Ошондон бери ошол айылдын эли сыйынып келишет.

«Уламыштарга караганда, Үч-Терек Ыйык жеры баатырлар Жаныш, Байыштын убагынан бери келе жатат. Ошол кезде тигилген үч терек, андан бери канча жылдар өттү, жашап келе жатат.

Мунун өзгөчөлүгү, илгери Эсенбай деген киши үч теректин бирин кыйып коюп, өлөр-өлгүчө бүткөн бою тешилип, ириңдеп өлгөн экен. Теректи кыйып жатканда, теректен кан чыгып, чаңырган үн жаңырган дешет.

Илгери бирөөлөр балалуу болбой, балдары токтобой койгон экен. Ошол киши ушул жерге үч чырпык тиккен. Үчөө көктөп чыкканда, ал дагы үч балалуу болгон дешет. Үч-Терек Ыйык жерине сыйынганы келгендер бул жерге шам жагып, тилек айтышып, Кудайдан бала тилешет, балалуу болбогондор келишет. Куран окушуп, Ыйык жерге сыйынышып, ар кандай тилек кылып кетишет. 2008-жылы үч Терек мечити курулду. Ошол мечит курулуп жатканда, саргаталык биздин ырчы кызыбыз Канымжан Жаманбаева дагы сыйынып кеткен.

Ошол теректин түбүндө муздак булак агып турат. Булакты булгашпайт.

Бул аймакта оң көлдүн аркы бетиндеги айлампанын астында Коңур деген чоң ыйык жер бар. Ал жерге илгери сыйынгандар таш тегеректеп коюшуптур. Жанына барып түнөп калсаң, кечиндеси кой айдагандай эле дабыш чыгып, дүңгүрөй берет. Кыйтуу деген кишинин аялы Ыйык жерди тегеректеген таштын жанынан бир чырпык алып, жагып коюп, катуу ооруп калып, биздин айылдагы чоң Калпа деген молдо дем салып айыктырган. Бул жер алыс болгондуктан, көпчүлүк биле бербейт. Бул жердин касиеттүүлүгү чоң» (Айылчиев Сулайман аксакал, 82 жашта).

3. Арчалуу Ыйык жер ата

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Нарын суусу менен Торкен суусунун Токтогул көлүнө куйган жериндеги тоонун башында жайгашкан. Ал жерде өскөн арча азар болот. Арчанын үстүндө жыл сайын балапан чыгарган бүркүт бар.

Ыйык жердин түрү – арча.

Оозеки тарыхы:

“Жергиликтүү ак сакалдар мындагы бүркүттүн канча жылдан бери бул жерди уялаганын билишпейт. Жума сайын адамдар келип түнөшүп, сыйынышса, ошол адамдардан коркпой жашаган бүркүттө да бир касиет бар деп айтышат. Ал жерге куран окуганда Арчалуу ыйык жер атага, Куш төрөөсү буудайыкка деп аташат. Ал жерге түнөгөн адамдар шам жагышып, оорулууга дем салып, Алка чакырып, кудайдан тилеп келишкен” (Майрамбек).

“Ошол арчаны бирөө кыйып түшүп, өзүнө, балдарына каргыш алган, өмүрүнүн акырына чейин арман кылып өткөн адам болгон экен. Каргыш кийин анын урпактарына да таасир эткен. Ал жерге бала сурап, оорулуулар ден соолук сурап сыйынып келишет” (атын жашырган адам).

Бул арчага чүпүрөк байлашат.

4. Каракаш ата

Токтогул шаарчасы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Токтогул шаарчасынын борборуна жакын жерде жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – токой. Бул токойдун ортосунда Карылар үйү курулган, ыйык булак жана мечит бар, мечиттин жанында кумурска да бар экен. Элдер сыйынганы келишет

Оозеки тарыхы:

“Илгери ыйык, эли үчүн кызмат кылган адам өткөн экен. Каракаш деген жер табигый токой болгон деген да маалыматтар бар. Себеби ал жерде суу чыкпаган, боз топурак кайрак жерде булак чыгып дайыма көгөрүп турган жер экен. Ал жерде адамдар да жашабаптыр. Кийин адамдар отурукташа баштагандан кийин да көркүн бузган эмес” (Байсал).

Бул жерге 3-4-5-күндөрү сыйынганы келишет. Ооруулулар, төрөбөгөн аялдар, бүбү бакшылар келип турушат. Мурда бул жердин шайыгы бар болгон экен, бирок азыр жок. Чүпүрөк байлоо дегенге бул жерге келген бүбү бакшылар жол бербейт, себеби алардын пикиринде периштелер муунат (зыяратчыдан алган Нургазиев Самагандын маалыматы).

5. Беке чал

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер… жайгашкан.

Ыйык жердин түрү -

Оозеки тарыхы:

“Илгери, мындан көп жыл мурун Беке чал деген балбан киши болгон экен. Ал балбандыгынан Кыргызстандын булун-булчунун элдери таанышчу экен. Бул Беке балбан карыганда бир тойдон бир келинди сүйүп калат. Келинге барып соз айтып тийишет: “Мага өмүрлүк жар бол, сага бут байлыгымды берем”, – дейт. Ушул учурда келин кылыктана: “Мага эч нерсеңиздин кереги жок, болгону сиздин чыныгы балбан экениңизди билишим керек. Ошондуктан мени бул турган жерден тээтиги тоонун (асканын) башына чейин эч тынымсыз көтөрүп чыгышыңыз керек. Ошондо мен сиздин чыныгы балбан экениңизге ынанып, башымды тартуу кылам, өмүрлүк жар болом”, – дейт.

Беке чал келинди алдына (колуна) көтөрүп аскага чыга баштайт. Эң чокусуна жетейин деп калганда, келин колундагы алмурутту чалга берет: “Меңиз, муну жеп алыңыз, мени көтөрүп чарчап калдыңыз”, – дейт. Чал көнбөйт, бирок акыры келиндин сөзүн жерге таштабай, колундагы алмурутту жеп коет. Келин сүйүнөт. Чал алмурутту жегенден кийин алсырап, келинди көтөрө албай калат. Бүт дарманы кетип алсыраганда, Беке чал намыстанып кетип, ошол аскадан боюн таштап жиберет. Мына ошол күндөн тартып бул аска-зоонун аты Беке чал аскасы, Беке чал жайлоосу деп аталып калган. Элдин айтуусунда бул жайлоого жайлаган элдердин өрүшү малга толуп, малынын төлү эгиздейт экен. Бул жердин адамдары да өзгөчө кайраттуу балбан келишет имиш. Мунун баарын Беке чалдын арбагы колдойт деп ишенишет экен. Бул жер – Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн ортосундагы жайлоо (Асира Үтүрова).

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>