Тогуз-Торо району

This post is also available in: Орусча

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана толукталып бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

1. Жылаңач-Бугу

Казарман айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Казарман айылынын түндүк тарабында, Молдо-Тоо тоо кыркасынын эң бийик чокусунда жайгашкан. Айылдан тоо этегине чейин болжол менен 80 чакырым, ал эми тоонун бийиктиги – 5000 метр.

Ыйык жердин түрү – тоо. Ыйык жер жайгашкан тоо эки катмардан турат: субтропикалык таштак адыр жана ал улам бийиктеп, чокуга 500 метрдей калганда кесек шагыл таштуу аскага айланат. Чоку, ыйык жер жайгашкан жер түздөк келип, аянты болжол менен алганда, 0.15 гектарды түзөт. Ал жерде зыяратчылар тарабынан таштардан тургузулган кичинекей дөбөчөлөр бар жана ошондой эле ар кандай ритуалдык белгилер: чүпүрөк байланган темир жана жыгач таякчалар бар. «Макмал» алтын кени тарабынан тургузулган, «Манас-1000» деп жазылган белгини көрүүгө болот. Чоку негизинен таштак келип, кээ бир жерлеринде боз топурактуу ылайлар бар. Булар камыр топурак деп аталып, элдер сөөк коюлган жерлер деп билишет. Зыяратчылар камыр топурактан ооз тийишип, ырым-жырымдарды аткарышат.

Жашыл чөптүү адырлар бүтүп, таштуу аска башталганда, төштө майдараак таштуу чуңкурду көрүүгө болот. Ошол чуңкурда Айкөл Манастын сөөгү коюлган дешет. Чуңкурдун үстүнө чыгып турганда, шылдырап аккан суунун үнү угулат.

Оозеки тарыхы:

Жергиликтүү тургун Султанкулов Токтомажиндин айтымына караганда, «Тиягында ойдо карагай бар, ошол карагайда бугу көп болгон экен. Илгерки кишилер айтып калчу, тоонун жылаңач жагынан бугу чыгып кеткен дешип. Же бугу касиет менен ошерге жайылып калган».

2. Тешик-Таш

Атай айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Атай айылынын түштүк тарабында, айылдан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жолдун батыш тарабында чоң агын суу жана адырлар бар. Суунун боюнда топ тал-теректер өскөн жерде, адырдын бетинде, 100 метр бийиктикте, тандыр меши сыяктуу топурактан турган табигый дөңсөө бар. Ошол дөңсөө ыйык жер болуп эсептелинет.

3. Курманбек баатырдын күмбөзү

Калмак-Кырчын айылы

Кароолчусу жок

Күмбөз Жалал-Абад шаарынын чыгышындагы Калмак-Кырчын айылынан батышты карай 3 чакырым алыстыкта жолдун оң тарабында жайгашкан. Күмбөздүн бийиктиги 8 метр келип, тең тараптуу. Жагынын узундугу – 6 метр. Күмбөз эки кабаттан турат. Биринчи кабаты жердин астында, жертөлө таризинде салынып, ал жерде баатырдын сөөгү коюлган. Тепкич менен түшүп барып, сөөктүн жанында куран окулат. Күмбөз курчоого алынып, короосуна отуруп эс алууга, куран окуганга ыңгайлашкан тактай отургучтар орнотулган.

Оозеки тарыхы:

Элдин ишениминде жана дастанда айтылган боюнча, Курманбек баатыр дал ушул жерден курман болгон.

4. Саймалуу-Таш

Атай айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Атай айылынын батыш-чыгыш жагында жайгашкан. Көгарт дабаны менен Миң-Текенин ортосунда Беш-Берен деген капчыгай бар. Анын башы Саймалы –Таш. Ортосунан Көгарт суусу агат. Ал суу Атай айылынан 45 чакырым алыс турат. Капчыгайдын оозуна, Беш-Беренге чейин машина менен берсе болот, мурда бекер, азыр акча алып, кире бериштен ат беришет. 15 чакырымдай жол басасың. 3 сааттык жол. Атын берчүлөр бүгүнкү күндө чет элдиктерден 300 сом алып коюп атышат.

Ыйык жердин түрү – таштар, ошол таштар жайгашкан өрөөн. Үстүндө көл бар. Он сотуктай көл, таштардын ортосунда. Жээгине сыйынышат. Көлдү үңүлүп тиктесең, түбүнөн дарак көрүнөт дешет. Эртең менен азан айткан үн, намаз окуган кишилер көрүнөөрүн айтышат.

5. Көк-Таш

Тогуз-Торо району

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер колоттун оозу болуп кетет. Ал Камбар-Ата ГЭСинен 10 чакырым бери, Казармандан ары 40 чакырым аралыкта жайгашкан. Колоттун ичинде бир гектардай айдоо жер бар. Азыр ал жерди эч ким айдабайт. Бир кезде Байдөөлөт деген эшен айдап, жанында оокат-тиричилик өткөргөн экен. Түбүнөн Нарын суу агат. Жанында күмбөз, тигилген өрүктөр бар, өрүктөрдү Байдөөлөт эшен тиккен дешет. Түлкүнүн күмбөзү деген мүрзө да бар (Аскараалы Абдылдаевдин маалыматы).

Ыйык жердин түрү – таш. Таштын өңү көк, батыш жагы кызгылтым көк.

6. Ак-Колот

Тогуз-Торо району

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Көк-Таш ыйык жерынын маңдайында, Токтогул менен Тогуз-Торонун ортосундагы Чаар музоо деген кыштоонун эң этек оозунда, Нарын суунун жээгинде жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – терек. Сайдын жээгинде көп теректер өсүп турат. Байдөөлөт деген белгилүү калпа өзү Көк-Таштын жанында жашап, аркы өйүзгө өтүп, ошерге барып намаз окучу экен. Кейпи эки ыйык жерга алмак-салмак барып турса керек. “Булар тиги өйүзгө барып окуйт, алар бул өйүзгө келип окуйт”, – деп айтып калчу экен. Ал кандайдыр бир күчтөрдү көрүп турчу го.

Оозеки тарыхы:

Адам ниетин бузуп, ынсабын кетирбесе, жашоосу жакшы эле болот. Ынсап кылып жашагыла дейм өзүмдүн балдарыма дагы. Оокат күтпөй, жалаъ жанагы терекке сыйынып жүрүп өлгөн адамды ошерге койгонго, ак колотко дейм. Качкынак сопу деген адам жашачу. Күндө эмес, жумасына ошерге барып намаз окуп турам дечү. Сопу өткөндөн кийин балдары өтүп кетти (Аскараалы Абдылдаевдин маалыматы).

7. Беш-Көл

Тогуз-Торо району

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Казарман айылынан 80 чакырым алыс жайгашкан, 5 көлү бар. Эъ негизгиси – Чоң көл, ар жагында Самын көл дегени бар, майланышып турат. Бир тарабында – Кичи Көл, Экинчи тарабында Балыр-Көл, Бешинчисинин аты – …

Ыйык жердин түрү – көл. Чоң-Көлдө аңыр деген өрдөк сыяктуу жаныбар кыйын тууйт. Жергиликтүү эл барып, жумуртка терип келишет. Илгери бул жерлерде аркар, кийиктер көп болчу. Аркар, кулжа койдой жайылчу. Азыр жок. Бугу бар болчу илгери. Кетмен-Төбө кабагында, Жумгал кабагында бугу бар болчу. Канаттуудан илгери кудай ургандай көп тоодак болчу эле. Индюктан чоң, жапайысы. Улар. Тоодак көп болчу, эти каздыкындай, 8 кг га чейин. Эл уясн бузуп атып.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>