Базар-Коргон району

This post is also available in: Орусча

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

1. Арсланбап

Базар-Коргон айылы

Кароолчусу бар

Бул ыйык жер Базар-Коргон айылынын түндүк-батыш тарабында 15-16 чакырым жерде жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – эски, илгертеден калган күмбөз.

Оозеки тарыхы:

Арсланбап Ата Ыйык жеры кайсы жылдарга таандык экени белгисиз, бирок баатыр болгон экен. Ал айкол адам болгон. Анын касиети чоң болгондуктан, ага кандай жоо келсе дагы, жеңбей койгон эмес. Арсланбап элин баккан, элдин кадыр- баркына жеткен, элим деп жанын берген. Арсланбаптын бир касиети – эч убакта жоодон келген жаанын огу да, найза да ага эч убакта тийген эмес. Ошентип элин багып жургон мезгилде анын аялы орус улутунан болот. Арсланбаптын аялынын бир туугандары Арсланбапка каршы чыгат экен. “Бул адамдын бир касиети бар, сен сырын айтпай жатасың” – деп бир туугандары сураса, аялы Арсланбаптан сурап билип, анын сырын төкпөй-чачпай бир туугандарына айтып берип коюп, өзү каза болот.

Көрсө сыры мында экен: ага ок намаз окуп жаткан учурунда гана өтөт экен. Аны уккан душмандары ал намаз ташка чыгып намаз окуп жаткан жеринен атышат экен, анан Арсланбап олумго моюн сунуп жатып: “Менин сөөгүмдү ушул намаз таштан ылдый карай алып жөнөгүлө. Дем алганыңарды эсептеп, жетинчи дем алган жерге мени койгула”, – деп керээзин айтат. Ошентип өлгөндөн кийин анын сөөгүн жүктөп алып, дем алган жерге нан таштап кете беришет. Жетинчи жерге жеткенде Арсланбаптын сөөгү коюлат. Ал эми дем алган жети жерден тең булак чыгып, жетөө тен ыйык жерге айланат. Намаз таш азыркы кунгөо чейин намаз таш деп аталып калган. Бирок азыр ыйык жер катары эмес, эс алуучу жер катары болуп булгана баштады, тилекке каршы зыярат кылгандар аз болуп жатат.

Бул жердин ыйыктыгы жана Арсланбап атанын талыкпаган эмгегинин натыйжасында Фергана тоолорунун этегиндеги дуйнөдө жок эң ири жангак токой массиви пайда болгон. Бүгүнкү күнгө чейин Арсланбап эмес, Базар-Коргон элинин көбү жаңгак менен жашап келишет, жаңгакты табигый байлык катары эсептеп калышты (Самаган).

Жергиликтүү адам Замир Калмырзаевдин маалыматы: “Намаз таш деген ыйык жер бар. Ал жерге Арсланбап намаз окуп жатканда душмандары жаа менен атып өлтүргөн жер. Намаз ташта Арсланбаптын колдорунун издери, саждага баргандагы чекесинин, колдорунун жана тизесинин тийген издери бар. Муну чыныгы тарых деп биз чындыкка айландырып келебиз. Андан кийинки жети булакты да айтпай кетпесек болбойт. Арсланбап өлгөндө сөөгүн жүктөп келе жатып эс алган жерлерде кадимкидей булак чыгып калган экен, ар бир булактын өзүнүн аттары бар, жетөө тең ыйык жер деп эсептелет. Мындан башка ыйык жер деп ата-бабаларыбыз сыйынып келген дагы мен билгенден Коңур-дөбө бар, бирок бул тууралуу толук маалымат жок. Бирок бала тилеп, ден-соолук тилеп, бак тилеп чүпүрөк байлап келишчү. Азыр болсо ошонун үстүнө дискоклуб салып коюшкан. Ошол жерге мата байланган жерди аралап барып дискотека кылып, бий бийлешет. Ал жерге ар кандай абалда, кээде гана таза адамдар барбаса, көбү мас абалда эс алганы барышат. Эс алуучуларга болгон көз карашым өтө терс. Мен Орусияда жүрүп эс алганы табигый жерлерге барганыбызда, жаратылышка карап суктанып эс алчубуз. Бул жерде болсо көпчүлүгү жергиликтүү кыргыздар жана өзбек улутунун жаштары жаратылышты гана эмес, бул ыйык жерлерди булгап жатышат Азыр болсо туристтер да көп келе баштады. Ушундай абалда кете берсек, биздин табигый кооз жерлерибиз, бизде ыйык туткан эч нерсе калбай калат.

Намаз таш бизден алыс болгон үчүн гана таза турабы же өзүнүн да кандайдыр бир касиети күчтүүбү дейм. Себеби намаз окуганда түшкөн колдун издери канчалаган жылдар бою жаан-жачындын жааганына туруштук берип турганы, ал тургай Арсланбап өлгөндө чачыраган кандарынын түсү да ушул күнгө чейин сакталып келгени да бир сыр”.

«Мен Арсланбап айылында туулгамын, курулуш иштеринде иштейм. 2007-жылы үй куруп жатып жыгачтын зырабасы бутума кирип кетти. Ушул эле убакта бутуман чыгарып таштадым. Жакшы болуп кетем деп бир-эки күн жүрдүм. Бирок бутум барган сайын ириңдеп, катуу ооруй баштагандан кийин, Жалал-Абаддагы ооруканага жаттым. Догдурлар бутума ар кандай дарыларды берип, эки жолу операция кылды, бирок бутум күндөн-күнгө оорлошуп, шиший берди. Врачтардын кылган ишинин натыйжасы болбоду. Алар бир күнү бутуму тез кесип ташташ керек экенин айтты. Аны уккандан кийин айылга врачтардан жооп сурап кеттим. Ал жерде мага бир көзү ачык аял жолугуп, Арсланбап ата Ыйык жерына барып сыйынышым керектигин айтты. Мен ага ишенип-ишенбей эртеси үй-бүлөм менен Арсланбап атанын Ыйык жерына барып, чозмо бышырып, куран окугандан кийин, пахтаны майга матырып от жагып, бутумдун жакшы болуп кетишин сурандым.

Үйгө кайтып келген күнүмдүн эртеси бутумдун зырабасынын жарымы калганын көрдүм, аны алып таштагандан кийин бутум барган сайын жакшы боло баштады. Ушундан баштап мен ушул ыйык жерлерге ишене турган болуп калдым. Себеби сыйынбай, ооруканада кала бергенимде, азыр менин бир бутум жок болот болчу. Ушундан улам мен ар жылы Арланбап ата Ыйык жерына барып сыйынып турам.

Арсланбап башка жерлерден кооз, абасы, жаңгак токойлору, кичик-чоң шаркыратмалары менен башка жерлерден айырмаланып турат. Бул жерлерде сыйына турган «Ибн аббас», «Арсланбап ата», «Жума мечит», «Алмалык ата», «Көл Ыйык жер» жана башка жерлер аябай көп. Бул жерлерге көптөгөн мамлекеттерден адамдар келип сыйынып кетет. Бул жерлерде адамдар кой же болбосо тоок союп, чозмо бышырып, жыт чыгарышат жана шам жагышат. Ыйык жерлерге даараты бар адамдар мусулманча кийимде барышат. «Арсланбап ата» Ыйык жеры Арсланбап кыштагынын борборунда, «Арсланбап» универмагынын артында жайгашкан», – деген маалыматын Арсланбап айылынын 45 жаштагы тургуну Гүлүмжан Ахмедов билдирет.

2. Ак-Тайлак

Базар-Коргон айылы

Кароолчусу бар

Бул ыйык жер Базар-Коргон айылынын автобекетинен чыгыш жакты карай 10 мүнөттүк аралыкта жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – кабыр. Кабырдын жанында үч чоң мечит жайгашкан.

1-мечит кире бериште жайгашкан. 2-мечит 10 метрдей ары жакта турат. Ал эки кабат. 1-кабатына 3000 адам, 2-кабатына 3000 адам батат. 3-мечит 2-3 метр аралыкта жайгашкан, 3 кабаттан турат. Кароолчусу- ошол жердеги молдо.

Оозеки тарыхы:

Илгери бир пайгамбар ушул жол менен бара жатып, жолдон ооруп калат. Бул жерге келгенде жанындагылардан суранып, эс алышат. Анан ал пайгамбар эс алып жаткан боюнча оо дүйнөгө кете берет. Эртең менен адамдар ойгонсо, пайгамбар жаткан жерде ак тайлак жаткан болот. Адамдар пайгамбар ак тайлакка айланып калган турбайбы деп, ак тайлакты ошол жерге жашырышат. Мына ошол себептен бул жер Ак-Тайлак деп аталып калыптыр.

55. Ак-Буура

Базар-Коргон айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Базар-Коргон айылынын жайлоосунда, 24-25 чакырым аралыкта жайгашкан. Машина барбайт.

Ыйык жердин түрү – жайлоо. Анда булак Жана тегерегинде ак теректер бар.

3. Дөөт-Пирим

Кааба айылы

Кароолчусу бар – эркек киши

Бул ыйык жер Кааба айылынын эле ичинде жайгашкан. Машина барат.

Ыйык жердин түрү – дарак жана булак.

4. Уяң-Терек

Кароолчусу жок.

Бул ыйык жер мурда Уй алуу Терек деп аталчу экен.

Ыйык жердин түрү – булак. Суусу бир аз эле чыгат, Бул суунун дегеле бир сайга кошулуп укканын көргөн жан жок. Илгертен бери эле ушул чыгышынан көбөйбөйт.

Оозеки тарыхы

Жолборс атанын Уяң Ата, Тоскоол Ата, Казарман Аталардын жээни болгондугу айтылат.

5. Кулан-Ата

Арсланбап айылы

Кароолчусу бар – эркек киши

Бул ыйык жер тоонун аркасында күн чыгыш тарапта жайгашкан. Көлгө кар көп жаагандыктан, ал жер өтө суук болот. Июнь айында кар эрий баштайт. Ал көл эки тоонун ортосунда жйгашкандыктан, ал жерден эч нерсе көрүнбөйт. Көл чуңкур, кооз жана чоң.

Ыйык жердин түрү – көл. «Эң кызыктуусу көлдүн ортосунда тургузулган байрак бар. Ал байрак качан, ким тарабынан коюлгандыгы белгисиз. Көлдүн ортосуна өтүү өтө кыйын, бирок ошондой болсо да ал байракты коюшкан экен. Кээ бир элдердин сөзүнө караганда, бир жылы ошол байрак жыгылып калганда, бир адам аны тургузам деп сүзүп барып, тургузуп бүтүп, кайтып келатканда чөгүп кеткен дешет. Бул көл өтө чуңкур, анда сүзүү өтө кыйын. Суу көкмөк болуп көрүнүп турат. Суунун үстүнөн асман карагай, арчалар, булуттар музейди элестеткендей көрүнөт.

Өткөн беш-алты жылда бул жерде жалаң жыгачтан курулган үйлөр болгон. Адамдар бул жерге келишкенде ошол үйлөрдө үч-төрт күндөп түнөп кетишчү. Жакынкы эки-үч жылдан бери бул жерлерге чоң-чоң кыргыз үйлөр курулуп, сыйынууга барган адамдар үчүн ар кандай жакшы шарттар түзүлүп жатат.

Биз ал жерге көпчүлүк тууган-уруктарыбыз менен келгенбиз. Бул жерге жетүү үчүн эки күн жол жүрүүгө туура келет. Биз жолдо баарыбыз чарчап калгандыктан, жетип келген күнү жайгашып алагандан кийин, баарыбыз уктап дем алдык. Эртеси күнү айнек көлгө бардык, ал көлгө өтө турган жол таштын түбүндө жана өтө кичине. Жол, кыскасы, коркунучтуу: жогоруга карасаң, үстүңөн таштар кулап келе жаткандай сезилет. Ошентип, эптеп жолдон өтүп алдык да, айнек көлгө барып, дагы башка ыйык жерлерине барып зыярат кылдык.

Ал көлдө дагы бир «Тешик таш» деген таш бар. Таштын ичи тешик, ал таштын ичине колуңду салсаң түрдүү нерселер бар. Ошолордун ичинен колуңа киргенин аласың. Анткениңдин себеби – бул көлгө кийин кайра келүүнү тилек кылганыңын белгиси. Кийинки жылы кайра ошол нерсени алып келип таштап кетүү керек болот. Ал нерсеге өзүң бир нерсе кошуп таштап кетесиң. Мен дагы барып колуму салсам, тыйын чыкты, аны алып, кийинки жылы кайра келүү үчүн сыйынып кеттим.

Кылган ниеттери, тилектери орундалыш үчүн, адамдар бул көлдүн жээгинде түнү бою уктабастан, тилек кылып чыгышат. Эгер ошол тилектери ишке аша турган болсо, анда көлдүн үстүнөн түнү ат көрүнөт дешет

Бул көлдүн суусуна кол жууганга уруксат берилбейт, бет жууганда да сууну идишке алып, анан жуушуң керек, бутуңду салганга эч кандай уруксат жок. Сыйынганы келгендер бул жердин шайыктарынан сүрөткө түшүп алуу үчүн уруксат алышат. Ошндо деле чекесинде эки-үч мүнөт турушат. Ал аябай муздак. Бул суудан сыйынганы келгендер чакан идиштерге алып кетет» Арзыкулов Кыргызаалы, 60 жашта)

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>