Аксы району

This post is also available in: Орусча

1  2 3 4

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

1. Жылуу-Булак

Жаңы-Жол айылы

Таштак айылчасы

Кароолчусу: Собурбеков Калганбек, 77 жашта

Бул ыйык жер айыл бүткөн жерде, Таштак айылынын батышында, 100-200 метр аралыктагы эн бийик дөңсөөдө, тоо түбүнөн орун алган. Бул ыйык жердин тегерек чекесинде айылдар жайгашкан. Ыйык жердин жанында кароолчу Собурбеков Калганбек жашайт.

Ыйык жердин түрү – булак. Булактын жанында катыренки, мисте, ит мурун өсөт.

Элдин каттамы көп. Айылга жакын болгондуктан, ошол айылдагылар жана кошуна айылдагы адамдар зыярат кылып бат-бат келип турушат. Мал союлуп, куран окутулат, шам тигилет, тилек тиленип, чүпүрөктөр байланат, түнөп да кетишет. Бул булак илгертеден бери бар. Бул жерден кандайдыр бир керемет менен жайы-кышы жылуу суу чыккандыктан, Жылуу-Булак деп аталып калган.

Таштак айылынын 77 жаштагы тургуну Бекбоева Жүзүмдүн айтымында: «Кышында чыкылдаган чилдеде да, бул булакка колду салса, суусу жылуу, тунук болуп турат, эч тоңбойт. Бул булактын дагы бир өзгөчөлүгү, ал айылдын эң бийик жеринде, бийик тоолордун жанында жайгашкан. Анан бул булактын этек жагынан суусун ичкен адамдар көпкө жашашат. Мына мен 77 ге чыктым, менин апам Калбү 95 ке чыгып жашады. Кошунабыз 100 го жакындап калды, дагы деле бар. Ошол булактын жан-жакасында жашаган кошуналардын көбүнүн жашы 80 ден ашып калды. Бизде 80 ден өтүп жашаган адамдар көп. Анан балалуу-чакалуу, малдуу болушат, ошол жерде жашагандардын көбү – баатыр энелер. Мисалы, айта кетсек, Узакбай акенин 12 баласы бар, анын кошунасынын 9 баласы бар, Бете дегендин 12 баласы бар, айта берсе мындайлар коп. Себеби, булар бул ыйык жерге бат-бат барып, зыярат кылып турушат».

Таштак айылынын 77 жаштагы тургуну Сыйдалиев Төрөбектин айтымында: «Бул Ыйык жерга мурда жыл сайын кудайы өткөргөндө, же кургакчылык болуп баратса жамгыр тилеп, түшүмдүн мол болушун тилеп, мал союп, куран окутуп турушчу. Бирок ал жакка бала-чака тилеп барышпайт. Бул Ыйык жердын олуя-мүзүрүптөрү абдан күчтүү дешет».

Оозеки тарыхы:

Илгери бул жерде бир Бектемир деген бай жашаган экен. Ал убакта чоң айыл болгон эмес. Ар-ар жерде гана боз үй тигишип, боз үйлөрдө жашашкан. Бир күнү Бектемир ат менен келе жатса, ошол Ыйык жердын жанында катар-катар болуп отуруп алып, башына селде чалынган адамдар намаз окуп жатышыптыр. Анан «Бул кандай болуп кетти? Бул жерде бизден башка адам деле жашабайт. Мынча көп адам каяктан келди» – деп таңгалып, туруп калат. Карап турса баягы селдечендер намазын окуп бүтүп, баягы жердеги башаттын көздөрүн тазалап башташат. Анан алардын жанына бара албай, эти үркүп үйүнө келет экен. Анан ойлонуп отуруп бир кара башыл серкени алып барып союп, куран окуп, элдерден бата алат. Андан кийин эми ал жерде мал сойгондон кийин оттон калган чычалалар, күл-пүл калды, эми ошолорду тазалап койгула деп келиндерин жөнөтсө, барса күл турмак бир да кыпындай чаң жок дейт. Ошол жердин ээлери таптаза кылып тазалап кетишиптир. Мына ошентип бул жер тээ илгертеден Ыйык жер болуп калган. Ошол жердин ээлери селде чалынган адамдар деп айтышат. Анан алардын ичинде бир аял бар дейт, этегин каккылаган. Мына ошол аял жактырбаган адамына же ал жерге шек келтирген адамына салкынын сала коет дейт. Башка селде оронгон адамдардын пейили кенен дешет, алар адамдарга зыян келтирбейт экен (Сыйдалиев Төрөбектин айтымында).

2. Шумкар-Ата

Жаңы-Жол айылы

Таштак айылчасы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Таштак айылынан ат менен жүрүп отурганда, 2 күндө жетээрлик алыстыкта, ошол айылдын түндүк тарабында жайгашкан, Арпа-Токту жайлоосуна карайт. Бул чоң жайлоо болуп эсептелинет, ошондуктан бул жакка чабандар жайында барышат. Сыйынганы атайлап барган адамдардын саны аз. Көпкө балалуу болбой, эч жерден жардам ала албай, үмүтүн үзгөндөр гана ошол жакка алыстыгына карабай барып, зыярат кылып келишет.

Ыйык жердын түрү – бийик аска таш. Алыстан үйгө окшоп көрүнөт. «Чоңдугунан улам, ал ташты үч жолу тегеренгенде, күн кечкирет» (Таштак айылынын тургуну, 77 жаштагы Бекбоева Жүзүм). «Бийиктиги 300-400 метрден да ашат. Анан бети жылмакай. Башка тоолорго окшоп одур-бодур болсо дагы түшүп-чыкса болот эле, анан бул жер кандайдыр бир кудайдын керемети менен бети сыпсыйдам болуп, оңой-олтоң менен жан бара алгыс зоо. Ал жерге сыйынып барган адамдар башына чыга албайт, ошон үчүн бул зоону үч жолу тегеренишет. Ошол жерден тегеренип келип тешик таштан өтүшөт. Анан ошол тешик таштын үстүндө үй ордундай тегиз жер бар. Ошол жерде желбиреген тегиз чоп сыяктуу чым бар, бассаң тим эле былк-былк дейт. Жайы-кышы бир калыпта эле тура берет, же тоңбойт, же эзилип кетпейт. Муну дагы кудай таалам өзүнүн керемети менен ошол жерге алып барып коюп койгон да (Жаңы-Жол айылынын тургуну, 77 жаштагы Сыйдалиев Төрөбек).

Изденүү жолунда жүргөн Айтикеев Кеңешбек мындай маалыматты билдирет: “Шумкар-Ата Жаңы-Жол айылында тоонун башында турат. Айылдан канча чакырым десем, эми мен канча чакырым экенин айта албайм, бирок айылдан эртең менен саат 7.00 дө чыксаң кечки 7.00 дө Шумкар-Ата Ыйык жерына атчан жетип барасың. Ыйык жер жайлоодо, тоонун башында жайгашкан. Айылдын түндүк-чыгыш тарабында. Биздин айыл Токтогул району менен чектешип турат. Ал жактан Токтогул районуна ашып кетсе болот. Токтогулдуктар менен биздин эл жайлоодон жолугушкан. Мамиле кылышкан. Ыйык жердын алыстыгына карабастан, атайын алыстан келишип зыярат кылышат. Ошол жерден оору-сыркоо менен барабы же башка ниет менен барабы, ийгиликке жетишкендер бар. Биз кичинекей чакта аларды бүбүлөр деп койчу. Ошо бүбүлөр жума күндөрү сайрашчу. Өздөрүнчө эле рухтар менен байланышабы, айтор, оолугуп эле башкача абалга түшүшчү. Биздин уккан маалыматтарга караганда, өткөн улуу рухтар жума күндөрү Шумкар-Атада чогулу, жыйын курушат экен. Бир эле мисалды айтып кетейин: «Кырчын» деген балдардын журналы чыгат. Ошол журналдын башкы редактору – Тынчтыкбек Нурманбетов. Анын айтып бергени боюнча кичине кезинде Шумкар-Атанын бери жагында Жалгыз-Ата деген жайлоого жайлашчу экен. Таянесиникинде жүргөн. Таянеси бүбү болчу. Жума күндөрү малды эрте жайгаштырып, болгула деп, балдарды эрте төшөк салып жаткырып, коркпосун деп, анан сайрай баштайт экен. Эр Табылдыны билесиздер да. Мына ошол Эр Табылды кырк жигити менен келе жатат деп сайрай баштайт экен. Жанагы, Аксыда Көк-Сарай деген тоо бар. Ошол жерде Табылдынын ордосу болгон делет. Жума күнү ошол жерден Эр Табылды кырк жигити менен чыгат экен. Тынчтыкбектин таянеси келе жатышат деп сайрай баштайт. Бул жерге келди, түкүнчө жерге келди деп айтып отурат. Айылга жакындаганда айылдын иттери үрүп, тосуп чыгышат. Алар отурган жердин өйдө жагынан Шумкар-Атага жол өтөт. Иттер үрүп жогору жакка узатып кетишет экен, бирок караса эч нерсе көрүнбөйт. Кадимкидей кишилерди тосуп, узаткандай болушат. “Мен жаш баламын. Башка балдар коркуп уктап калышат, мен кызыгып карап жатам. Таңга маал иттер кайрадан Шумкар-Ата жактан кишилерди тосуп, төмөн карай узатып жаткандай үрүшүп, кайра келишет. Мен муну угуп таң калып жатчумун. Таянем Эр Табылдылар келе жатат, өтүп жатат, кетип бара жатат деп айтчу. Мен кызыгып бир жолу сурадым. “Ээ таяне, эмне үчүн жума күндөрү бизди эрте жаткырып, Эр Табылды кырк жигити менен келе жатат, кетип бара жатат деп сайрайсыз?”, – десем, “Жума күндөрү ал жерде баатырлардын жыйыны болот. Жума күнү Эр Табылды жигиттери менен жыйынга келет, ошол жерде чогулушат”, – деди эле”, – дейт Тынчтыкбек. Эми бул айтылгандар болгон окуя. Ал жигиттин өз оозунан уккам. Андан бери ойлоп жүрөм, Шумкар-Ата Ыйык жеры жөнөкөй жер эмес деп. Бул жер кыргыз улутунун кандайдыр бир өткөн рухтарынын ордосу, касиеттүү жери экен деп калдым. Таласка кетип жатканда Шумкар-Уя деп коюшат, ушундай жер бар. Мен абдан таң калдым, Шумкар-Ата экөөнүн окшоштугуна. Шумкар-Ата абдан бийик жерде жайгашкан. Өзүм ал жерге барып, зыярат кылган эмесмин. Ал кезде көз караш башка эле”.

Оозеки тарыхы:

Шумкар-Ата деп аталып калганынын себеби, Ала-Букада көп пайгамбарлар жума күнү мечиттен намазга жыгылышат экен да, кудайдан тилек тилешет экен. Ошондо душмандар капыстан кол салып, жарадар кыла баштаганда, пайгамбарларга канат бүтүп, душмандар жетпеген бийик аскаларга учуп чыгып: «Ачыл ташым, ачыл» дегенде, таш ачылат да, анан пайгамбарлар тирүү боюнча аскаларга кирип кеткен экен. Ошондон кийин, ушул ыйык Шумкар-Ата, Бозбу-Ата, Баба-Ата, Падыша-Ата, Арстанбап-Аталар пайда болгон дешет.

Таштак айылынын тургуну, 77 жаштагы Бекбоева Жүзүмдүн ою боюнча: «Бир пайгамбар мына ушул тоого кире качкан дейт. Ошон үчүн бул тоо Шумкар-Ата деп аталып калыптыр. Оо илгери Кызыл-Жарда бир Шарап деген молдо болгон экен. Анан ал ошол Шумкар-Атага барып жайында жайлап калат. Ошонун жети улагы Шумкар-Атанын төбөсүнө чыгып кетет экен. Бул тоо аябай бийик тоо, ал жакка жан-жаныбарлар эмес, адам да оңой менен чыга албайт, а чыкса түшө албайт. Анан баягы жети улагы ал жактан эч түшө албай коет. Ошентип жай өтүп, күз келип, эл кыштоого көчүп кете башташат. Баягы элдин баары көчүп кетип калышат. Анан молдонун айласы кеткенде баласын ээрчитип алып, куран китебин алып алып Шумкар-Атага келет экен. Анан баласына айтат: «Эми сен чык Шумкарга» – деп. Анан баласы коркуп: «Э ата, мен кантип чыгам? Бул жерге чыкканга мүмкүн эмес го», – дейт. Анан баласы чыга баштайт, молдо болсо түбүндө туруп алып куран китебин окуй берет. Бир жерге барганда, баласы: «Ата, мындан ары чыга албай калдым», – дейт. Атасы: «Жок, чыгасың», – деп көгөрөт. Анан бала дагы чыгайын деп аракет кылса, тырмагы бир кичинекей эле жерге илине калат. Анан ошол жерди кармап, тээп турган бутун тартканда эле, андан ары кантип чыгып кеткенин өзү да билбей калат. Ошону менен бала Шумкардын төбөсүнө чыгат. Ал жакта катары менен беш-алты очокто казан-казан эт бышып жаткан болот. Алардын жанында сакалдары белине түшкөн, аппак сакалчан, селде оронгон адамдар катар отуруп алып куран окуп жатышыптыр. Анан ал чалдардын бирөөсү баланы көрүп, колу менен «отур» дегендей белги берет. Баягы намаз билбеген жаш бала алардын катарына отура калып, ал деле намаз окуп баштайт. Окуй берет, окуй берет. Намазды окуп бүткөндөн кийин, ошол аксакалдардын бирөөсү балага: «Ушул жерде отургандарга казандагы этти тарт» – дейт. Анан бала эттерди жакшынакай кылып жиликтеп, баягы кишилерге тартат. Этти тартып бүткөндөн кийин, аксакалдардын бирөө: «Эми баланы түшүрүп койгула», – дейт. А асканын түбүндө атасы баласын күтүп отура берет. Түш болот, баласы жок, түш оойт, баласы жок. Ошентип, күүгүм кирип калат. Анан атасы баласын кыйкырып чакырат, баласынан жооп жок. Анан баягы молдо: «Кой эми, үйгө барып төшөк алып келип, түнү менен кыйкырып, түнү менен чакырайын» – деп, төшөккө кетет. Үйүнө барып чайын ичип, куран китебин алып, эми туруп жөнөйүн деп калганда, баласы эшиктен шып этип кирип келет экен. Аны көргөн атасынын оозунан сөзү качып: «Ой, балам, кел-кел, сен кантип келдиң?» – деп сурайт. Анан баласы ал жактан көргөндөрүн бүт төкпөй-чачпай, ийне-жибине чейин атасына айтып берет. «Анан Шумкардын башындагы аксакалдардын бирөөсү шатыны таштап жиберди эле, ошол шаты менен түшүп келип калдым» – дейт. Анан баласынын аман-эсен келип калганына сүйүнүшүп атып уктап калышат. Эртең менен турушса, баягы Шумкарга чыгып кетип түшпөй койгон жети улак, эчкилеринин арасында жаткан имиш. Анан ал молдо ошол жерге мал союп, куран окуп, сыйынып, кыштоого көчүп келген дешет. Бул болгон окуя».

3. Кара-Жыгач

Жаңы-Жол айылы

Таштак айылчасы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Таштак айылынан чыгышты карай ат менен жүрүп отурганда жарым саат аралыкта жете турган жерде, Талдуу-Булак менен Шайтобо жайлоосунун ортосундагы ордун боорунда жайгашкан. Бул жерге жетиш үчүн жол тике тоо боорлоп кеткенине байланыштуу, жөө жүрсө 40-50 мүнөттө жетет (кайсыл жерден баштап жол жүрсө?). Ыйык жердын турган жерине чейин машина барбайт, Талдуу-Булакка чейин машина менен барса болот. Таштак айылынан болжол менен 1,5-2 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жердин айлана-тегерегинде адамдар жашабайт.

Ыйык жердын түрү – булак. Анын тегерегинде түрлүү дарактар өсөт. Элдин каттамы аз. Бийик тоо боорунда жайгашып, жолу татаал болгондуктан жана машина барбагандыктан, ал жакка көп катташпайт. Ал жерге негизинен атайылап келгендер жана жайлоого каттагандар сыйынышат. Зыяратка келишет, ар кандай тилектерди тилеп келишет.

Мал союлуп, куран окутулат, шам тигилет, тилек тиленет, түнөп да кетишет. Бул Кара-Жыгач Ыйык жеры качан пайда болгонун эч ким так билбейт. Ал жерде кара жыгач деген дарактын түрү көп өсөт, ошол себептен Кара-Жыгач деп аталып калган экен.

4. Кара-Сакал

Жолборсту айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Жолборсту айылынын ортосунда жайгашкан. Ыйык жердын турган жерине чейин машина барат.

Ыйык жердин түрү – чоң-чоң, кучак жеткис саада дарактары.

Элдин каттамы аз. Бул жерди көпчүлүк эл билбегендиктен, жергиликтүү элдерден башка эч ким барбайт.

Оозеки тарыхы:

Жергиликтүү аксакалдардын айтуусуна караганда, илгери ошол жерде кытайлар жашаган экен. Кытайлар азыркыга чейин: «Кыргызстандын жеринде Кара-Сакал деген биздин чоң Ыйык жерыбыз калган, биз ал Ыйык жерды табышыбыз керек», – деп айтышат экен. Ал эми эмне себептен Кара-Сакал деп аталып калганын эч ким так билбейт.

5. Имам-Ата

Ак-Суу айылы

Жаңы-Талап аянты

Кароолчусу – Жакай Жумабек уулу

Бул ыйык жер Аксы районуна караштуу, Ак-Суу айлынын Ыйык жер деген аянтында, айылдын четинде жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – илгертеден калган эски кабыр. Кабырдын ичинде күмбөз, күмбөзгө жөлөнүп коюлган таш бар. Ал ташта арабчага окшогон жазуу бар, бирок бул арабча эмес. Кайсыл тилде жазылганын, бул жазуу кандайча которулаарын ушул убакытка чейин эч ким чечмелей албай келет. Айлана-тегерегинде көп булактар агат. Тегерегинде жүзүм, алча, тал-терек жана башка өсүмдүктөрдүн бардыгы өсөт. Дагы бир өзгөчөлүгү – бизде өспөгөн, башкача бир чоң түп, бийиктиги 30 метрге чейин жеткен чынар терек бар. Бул ыйык жердин өзүнө машина барат.

Элдин каттамы көп. Жергиликтүү элдин айтымында, тарыхта бул жер экинчи Меке катары эсептелиниши мүмкүн экен.

Оозеки тарыхы:

«Илгери бир пайгамбарлардын үй-бүлөсү жашаптыр. Ал үй-бүлөдө балдары көп экен, анан бир гана жалгыз кызы бар экен. Ал эң кичинекей Кара-Кыз эне болгон экен. Анын улуу акелери – Имам-Ата, Баба-Ата, Падыша-Ата, Камбар-Ата, Чолпон-Ата. Булар пайгамбарлар болушкан. Анан буларды каапырлар кууп келет да, ошондо пайгамбарлар туш-туш тарапка, тоо-тоолорго качып, анан ошол жерлерде калып кетиптир. Имам-Ата ушул жерде калып, ыйык жер болуп калыптыр» (Сааткан эне, 72 жашта, Ак-Суу айылынын тургуну).

Ыйык жердин кароолчусу Жакай Жумабек уулунун айтымында: “Мурда бул Ыйык жерды атам караган, атамдын каза болуп калганына бир топ жыл болуп кетти. Имам ата, Бау ата, Пача ата булар бир тууган болгон, анан ар бири ар бир жерде калып кеткен. Кара кыз деген Ыйык жер бар, ушулардын карындаштары болот экен. Ал Ыйык жердын ээсин кичине кезимде көргөм. Бактыгүл деген менин классташым бар эле, ошол экен десем, ал эмес. Көрсө анын кейпинде Ыйык жер ээсин көрүптүрмүн.

Имам-Атадагы арабча жазууларды бир кыз зыярат кылып барганда ыйлап окуп, кадимкидей которгон экен. Азыр ал Ташкөмүрдө турат экен. Кийин бирок көзүн ачып эсине келгенде, кайра өзү билбейт эмне деп которгонун. 1962-жылкыбы, атын Жыпар дешкен, микрорайон жакта турат экен, бир гана ошол окуп, которгон экен».

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>