Талас району

This post is also available in: Англисче, Орусча

1 2 3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”
(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

23. Майкадам калпа мечити

Кара ой айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – мечиттин урандысы. Мазар айылдан 300 м аралыкта, Чоң чычкан суусу менен Үч Кошой суусунун кесилишинде жайгашкан, тегерегинде айдоо аянты бар. Мечит урап, азыр урандысы гана калган. Ал мазардын жанында Майкадам Калпанын даарат алган булагы бар. Бул жердеги кара баткак бут оорусуна жакшы. Бул жер өтө касиеттүү болгондуктан, илгери бир күндө 50-60 мал союлуп, туш тараптан эл келип түлөө өткөрүп, зыярат кылышып, элдин каттамы токточу эмес экен.

Оозеки тарыхы

Майкадам Калпа ата деген адам Манас районунан болгон экен. Бул жакка куугунтукталып көчүп келет. Көзү ачык олуя, өтө касиетүү ажы болот. Бул мечит мындан 100 жыл мурун Майкадам Калпа тарабынан курулуп, кийин касиеттүү жер мазарга айланган. Ал киши 1904-жылы ажылыкка барып, Мединадан каза болгон экен. Ал кишинин касиети: алдынан чыккан адамдын оорусун билип, аны камчысы менен чаап өтчү экен. Ал камчы менен чаап өткөндөн кийин, оорулуу адам оорусунан толугу менен кутулган дешет. Ал өзүнүн убактысынын көпчүлүгүн мечитинде өткөрчү экен, мечиттин жанында булак бар, ал Майкадам Калпа атанын даарат алган, булагы болгон экен. Анын касиетин, олуялыгын элдин көбү билип, аны сыйлашчу экен.

Ал Айдараалы деген болуш менен ымала түзүп жашап калат. Айдараалынын балдары жаман чыгат. Ошондо Калпа атабыз: «Сен бейшеби (заарасы) жерге тике кирген кыздардан алсаң, жакшы бала төрөлөт» – деп айткан экен. Айдараалы жигиттери менен кыз издеп жолго чыгат. Казакстандан кедейдин жалгыз кызын жолуктуруп, ага үйлөнөт. Мыктап калың берет. Аялы уул төрөйт. Калпа батамды берейин деп чакырат. Айдараалы бата алууга эң жакшы тайлагын жетелеп барат.

«Дөөлөт башыңдан кетпесе экен,

Эч ким кууп жетпесе экен

Кудай берет балаңа»

- дейт да, калпа жанындагы балдарга «тайлакты сойгула да, этин бөлүп талап кеткиле» дегенде, Айдараалы: «Мен сени минсин деп алып келсе, мунуңду билгенде жаманын алып келмекмин» – дейт. «Анда мага тигил жайда кереги тиет. Үйүңөргө бара жатып артыңарды эч карабай кеткиле» – дейт Калпа ата. Макул болуп кетип бара жатып: «Эмне антип айтты экен, акырын карап коеюн» – деп караса, бир ала жолборс менен кара жолборс алышып ойноп келе жаткан экен. Эки жолборс эки бала болмок экен, караганда бири кайрылып кетип калат. Төрөлгөн баланын аты – Үсөн, ал 19-кылымда болуш болгон.

Калпа кийин өлөөрүндө: «Менин мүрзөмдү 3 күн жакшылап кайтарсаңар, малга да, адамга да көп пайдасы тиет» – деген экен. Кайтарган баланын көзү үчүнчү күнү таңга маал илинип кетет. Эртең менен мүрзөнү ачса, кепини эле калыптыр, мүрзөдө ийненин көзүндөй тешик бар экен. Калпа өлдү деп, уккан эл батага келе жатса Боо-Терек Ата: «Ой мен Калпаны багымдатты окугандан кийин көрдүм. Ак тайлак минип батышты көздөй кетип бара жаткан» – деп айткан. Калпа ата ага көрүнгөн экен. Чогулган молдолор меңсиз кара кой сойдуруп, калпанын ордуна көмдүрөт. Калпа ата өзү айткандай, бул жердин тегерегиндеги чөптү ооруган малдарга жегизсе бат айыгат.

Күндөрдүн биринде Айдаралы болуш Эчкили тоодон улуу тоого көчмөк болот. Элдин баарын жыйнайт. Ошол мезгилде Таластын суусу көтөрүлүп, эл өтө албай турган экен. Ошондо Айдаралы Калпа атаны чакырып: «Кана эми элди корго, калпалыгыңды, жайчылыгыңды көрсөт» – дептир. Ошондо Калпа ата: «Мейли суранбай эле койсоң болмок, бирок мынча айтып калдың, өткөзөйүн элиңди, элиңдин баарын жыйна. Мен өткүлө дегенде, бириң да артыңды карабай түз өткүлө» – дейт. Ошентип Калпа ата көрмөчүн бетине жамынып отуруп калат. Ошо замат суунун агымы батышы батышка, чыгышы чыгышка агып суунун ортосу ачылат. Элдин баары жүгү, малы менен өтүп, аягында бир келиндин жалгыз эле өгүзү болгон экен, ошол өгүзүм өттү бекен деп артына кылчая бергенде суу агызып кеткен экен.

Талас районундагы Кара Ой айылынын тургуну Исаков Кесексарынын айтымында Майкадам Калпа анын ата-бабалары болот: «Ал дин кишиси болгондуктан, өмүр бою куугунтукта жүргөн. Ал эң биринчилерден болуп Талас өрөөнүнө мечит курган киши болгон. Мечит мындан 100 жыл мурун курулган. Мечиттин ичине 3 касиеттүү адамдын сөөгү коюлган. Анын мечитине көптөгөн элдер келип турчу экен, Таластагы диндин уюткусу ушул жерде болгон. Таластагы олуя, пирлер ушул жерге келишкен. Майкадам Калпа Мекеге айтылуу Шабдан баатыр менен барган экен, ал ошол ыйык жерден кайтпай калган, «ал жерден каза болгондор бейишке чыгат, ал жерден кудайга жаккан таза, олуя адамдар өлөт» дешип, ал өлгөндөн кийин анын кадыр-баркы абдан өскөн. Ал көргөн кишинин кандай гана оорусу болбосун, айыктырып койчу экен. Ал ар дайым узун чапан кийип жүрчү экендигин, өтүп бара жатканда жанындагы адамга чапанынын учу, жеңи тийсе эле ал киши сакайып калчу экендигин айтышат. Анын мечити үч бөлмөдөн турган, ал эл көргөндөн кийин 40 күн элге көрүнбөй, ошол мечиттин ичинен чыкпай, күч-кубат алчу экен. Ал мечитти куруу үчүн Ташкенттен усталарды алып келген экен, таң калычтуусу, ал мечитке 100 жыл болуп калса да, анын азыр бир дубалы, урандысы бар. Мечиттин жыгачтарын атам эл тепсеп койбосун деп үйгө алып келип, намаз окуй турган сепил курган. Ал жыгачтар азыр да бар, таң калычтуусу – анын чирибей, ошол бойдон сакталганы. Бул кишинин айтканы ката кеткен эмес, ал болор нерсени алдын ала көрө билген көрөгөч олуя болгон. Анын мечитине Таластан гана эмес, башка коңшу жерлерден да келип сыйынчу. Майкадам Калпа жөнүндө айта берсе сөз көп, ал жөнүндө айтылуу Шабдан баатыр өзүнүн өмүрүндө эки олуя көргөндүгүн, анын бири Майкадам калпа экендигин айтканы бар. Анын   олуялык касиети күчтүү болгон».

63 жаштагы Исакова Калипанын айтымында «бул мазардын көрбөй калгандарга, төрөбөй жүргөндөргө, буту ооругандарга, жин ооруларына, тумоолоп калгандарга даба боло турган касиети бар».

Өзгөрүш айылынын молдосу Оогандын айтымында: Талас өрөөнүндө калпа аябай көп болгон. Водный айылында төрт калпа бар, ошолорду билем. Итийбас, Сарпаш, Чөкө, Бечел деген 4 бир тууган болгон. Төртөө тең атактуу олуялардан болушкан, төртөө тең Алакчы деген уруудан чыгышкан. Майкадам деген калпа болгон. Талас районундагы Кара ой айылынын мечитинин атын Майкадамдын атынан коюшкан. Майкадам Чоң Шабдан деген олуя менен Мекеге ажыга барган. Мекеге чыкканда бир сом пулу жок, бир сындырым наны жок кеткен. Эмне үчүн мындай кыласың дешсе, «Мен кудайдын күчүн көрөм деп эчтеме албай чыктым, кудай бар экени, 18 000 ааламды башкарганы чын болсо мага нанды жолдон таап берсин, албайм» – дейт. Анан 5 баласы куржунга тамак-аш салып, акча алышып атасынын артынан калбай ээрчип алышат. Анан Майкадам балдарына: «Эй акмактар, кудай бар, кудай берет, анан кудай берем деп жатса, мен силердикин көтөрүп алайынбы, кереги жок, албайм» – деп коет. Бирок 5 баласы Кара ойдон баштап ээрчий беришет. Майкадам болсо «Кеткиле, мен кыбыланы карагандан кийин артты карабайм, кеткиле» дей берет. Ошентип балдары атабыз алып келгенибизди албайт экен деп бирден кайта беришет. Эң акыркы бир баласы Ак-Дөбө айылынын башына жеткенде Майкадам чыдабай: «Эй, акмак, кет үйгө, мейли алып кел алдагы түйүнчөгүңдү» – деп аркасын карабай колун сунат. Түйүнчөктү алгандан кийин баласы артка кайтат. Ошол 1912-жылы Ак-Дөбө айылындагы орус, түрк, башка улуттагыларда жетимдер көп болгон. Жолдон келе жатканда жетимдер алдынан чыгып: «Ата, ата, нан бериңизчи» дешсе, түйүнчөктү ачып, ичиндеги акчалардын бардыгын таратып салат. Анан Жамбылдын вокзалынан Чоң Шабданды жолуктуруп калат. Анан экөө поездге түшүп, бир вагондо казак-кыргыздар чогулуп калышат. Анан баары бири-биринен «сен каякка» деп сурашса, баары эле ажыга дешет. Анан Майкадамды сен каякка десе, ажыга дейт, а көтөрүнчөктөрүң кана дешсе, жок ушундай эле бара берем дейт. Ошондо Чоң Шабдан: «Сенин тамагың, кийимиң, акчаң жок, кантип барасың, же бир ууч талканың жок, кой, мен ханмын, уят болот. Мен сага бирдеме бербесем мага уят болот» – деп бир түйүнчөк акчаны кыйнап туруп берет. Анан жолдон поезд токтогондо ары жакка барып, аны да жетим балдарга таратып берип салат. Анан аны Чоң Шабдан көрүп калып, акылы кемби, же жиндиби деп коет. Кийин Ташкенттин вокзалына барса, бир күн эрте барып калгандай, Майкадам алдынан тосуп чыгат. Чоң Шабдан ишенбейт. Мекеге барганча жолдон 99 жолу жолугуп учурашат. Кийин Меке Каабага барганда тим эле апаппак жакшынакай киши жолдун эч кандай азабын көрбөгөндөй баягыдан да жакшынакай болуп кетиптир. Алдынан тосуп чыкканда Чоң Шабдандар жүдөп 3 ай жолдо жүрүшүптүр. Кемеде, чөлдө, төөнүн үстүндө кыйналып барышса, Майкадам тим эле бир күндө барып калгандай көрүнөт. Ошондо Чоң Шабдан Майкадамдын алдына жыгылып, бутун өпкөн экен. Кийин ажы бүтүп, эл зыяраттан кайтаарында Майкадам: «Шашпагыла, мени ушул жерге коюп кеткиле, менин кала турган жерим ушул жер, тагдыр ушундай экен. 3 күн кое тургун» – дептир. 3 күндүн ичинде Кааба ташты тегеренип чыгышат экен да, тегеренип жатканда Майкадам ташка чалынып жерге кулап кетет. Анда эл көп да, аны тепселеп кетишет. Анан аны Чоң Шабдан өзү жууп, өзү кепиндеп жерге коет. Ошондо Майкадам Чоң Шабданга: «Менин 5 балам бар, аларга өзүң айтып бар. 5 баламдын бирөөсү – Жунушаалы деген калпа, ага көкүрөк тийгизип акырет дос бол» – деп осуятын айткан экен. Ошонун айтканы менен барып Жунушаалыга көкүрөк тийгизип, акырет дос болушкан. Кийин Чоң Шабдан өзүнүн элине мечит салдырып, бир күнү жума намаз окуп бүтүп, 15 тей киши менен атчан кетип баратса, ээн коргондун жанында бир киши кол булгалап жатканын көрүп, өзүнүн жаш жигитин байкап келүүгө жиберет. Баягы жаш жигит атын чаап барса, андагы киши: «Чоң Шабдан барбы?» – дептир. «Бар» – десе, чакырчы дейт. Анан тиги бала сизди чакырып жатат, ата, дейт. Чоң Шабдан атын бастырып барса, баягы Майкадам турат. Тигил жактан көөмп койгон, а бул жерден баягыдай эле тирүү. Анан: «Көп сүйлөшпөйбүз, мага ак тайлак таап бер, ошого келдим, аппак болсун, бир чекит да карасы болбосун» дейт. Сөзүн эки кылбай, Чоң Шабдан таап келем дейт. Анан жер шарын кыдырып, нечендеген алтын, күмүш, 100 төө, уй, жылкыга алмашып, таап, ак тайлакты жетелеп, баягы коргонго келсе, Майкадам баягы эле калыбынан жазбай отура бериптир. Анан тайлактын чылбырын бергенде, Майкадам сүйлөшпөйбүз деген убадасы менен чылбырын алып, көздөн кайым болуп кетет. Ошондон баштап Чоң Шабдан өлөөр-өлгөнчө башына кандай кыйынчылык түшкөндө, «Майкадам ата» дечү, анткени ошентип айтканда кыйынчылыктар болсо чечилип калчу. Майкадам Чоң Шабдандын пири болуп калган да. Пириң ким десе, Майкадам дечү экен. Мусулман болгондон кийин ар бир адамга пир керек. Мисалы, Кушчу уруусундагылардын пири – Майкадам. Майкадамдын баласы Жунушаалы калпа болгон. Атасы дайындап, Чоң Шабданга акырет дос кылдырган. Алар бири-бирине намаз, теспе, куран багышташат. Башка мал алыш-бериш кылбайт, анткени акырет достор мал кармабайт эмеспи.

24. Өмүрдүн булагы

Кара Ой айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Айылдан   400-500 м алыстыкта жайгашкан, тегерегин айдоо талаалары курчап турат.

Оозеки тарыхы

Зыяратчынын маалыматы:

Бул мазар болжол менен мындан 100 жыл мурун пайда болгон. Ал мазар Өмүрдүн булагы деп аталганынын себеби, Өмүр деген киши ошол жерге тегирмен салып, ошол жерде жашачу экен.

25. Бала мазар (экинчи аты – Таш мазар)

Калба айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Айылдан 3-4 чакырым алыстыкта асканын астында, Калба суусунун сол жак бетинде жайгашкан. Айланасын бака теректер курчап турат. Негизги өзгөчөлүгү – төрөбөгөн аялдарга, тумоолоп калган наристелерге, назарлап калгандарга жакшы.

26. Алтыбай булак

Талас шаары

Кароолчусу жок
Мазардын түрү – булак. Ал Талас шаарынын эски мал базарына жакыныраак жерде, тактап айтканда, азыркы мал базар менен эски мал базардын ортосундагы саздуу талаа жерде жайгашкан. Тегерек-четинде дөң жана кичинекей арык бар, тал-теректерден эч нерсе жок. Абдан ыңгайлуу жерде жайгашкандыктан, азыркы убакта ал мазарга түлөө өткөргөн элдин каттамы күндөн-күнгө өсүп баратат.
Оозеки тарыхы

67 жаштагы Бүбүсара менен анын 17 жаштагы уулу Мирбектин айтымында:

Мурун бул сазда элге таанымал алты бай жашачу экен. Алты бай бир туугандар болгон. Бул сазда алар майрам болгон сайын абдан чоң байгелерди сайып, ат чабыш өткөрүшчү экен. Ошонун себебинен бул булактын аты Алтыбай булак мазары деп аталып калган. Бул мазарды Айчүрөк апа конуп кеткен жер деп да айтышат.

27. Илхам булак

Талас шаары

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Булактын тегерек-чекесинде чычырканак жана кичинекей арык бар.

28. Кумурска уюгу

Кырк-Казык айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – кумурсканын уюгу. Аны Кырк-Казык токою, теректер курчап турат, тегереги абдан начар.

29. Зулпукор

Арал айылы

Кароолчусу – Ибраимова Алтын

Мазардын түрү – күмбөз. Мазар айылдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Күмбөздүн түштүк тарабында – Арал айылынын мүрзөсү; батыш тарабында 100 метр аралыкта – кароолчунун үйү бар. Түндүк жана чыгыш жагы – айдоо жери. Күмбөз аябай эскирип калган. Анда 4 жагынан кире турган эшик бар. Дубалы урандыга айланган.

Зулпукор күмбөзү – архитектуралык эстелик. Талас-Суусамыр жолунун боюнда, Кара-Кол суусунун жээгинде, Талас районунун Арал айылынан 1,5 чакырым аралыкта көрүстөнгө жакын дөңсөөгө курулган. Элдик уламыш боюнча Манас баатырдын кош миз кылычы – Зулпукор сынган согушту эскерүү иретинде курулган. Эстеликтин көлөмү сыртынан эсептегенде 6,75х6,5 м, ичи 4,24х4,42 м. Күмбөз чарчы тик бурч тариздеги бышкан кирпичтен салынган. Кумпасы сакталган эмес, фасадынын жана интерьеринин алгачкы оюмдары өчүп калган. Стилдик белгилеринин негизинде эстеликтин курулган мезгилин 12-к. – 14-кылымдын баш чендери деп айтууга болот. Орто кылым мемориал курулмаларынын бир түрү катары кызыгуу туудурат. (Манас энциклопедиясы, т. 1, 236-б.)

Оозеки тарыхы

Зулпукорго үзгүлтүксүз зыярат кылган жана табыпчылык менен келген кишилердин айтымында бул жерге илгери Азирет Алинин кылычынын сыныгы түшкөн дейт. Ошондо ал: «Баласыздар бул жерден балалуу болушсун, оорулуулар айыгышсын» – деп кыйкырган экен. Кылычынын учу эки ача болгон.

Зыяратчылардын бири Султанмуратов Зулпукор өзүнүн чоң атасынын билимдүү, арабча окуй билген киши болгондугун, небересинин атын Зулпукор деп китептен окуп анан койгондугун, бул сөз арабча башкачараак айтылып, эки маани бере турган сөз экендигин айтып келип, Ирвинг Вашингтондун бир китебинен алынган окуясын Зулпукордун аталышына түздөн-түз байланыштырат:

Мухаммед пайгамбар бир урушта баягы өзүнүн туугандары менен Мединага куулуп кетет… Мухаммеддин жакын туугандары курейши уруусунан. Анан ошол араб жарым аралы түштүк жагы Еврей, түндүгү Сирия, Палестина, анан Медина болуп, өзү ортодо жайгашкан да. Кербендерди өткөрбөй, Августиян деген шаардын башчысы келатканда кол салышат. Анан кыскасы согушта Мухаммед жеңип чыгат. Согушта жеңип чыкканда алардын салты боюнча курал-жарак ж.б. ортого түшкөн, ортого коюп бөлүштүргөн кезде Мухаммед пайгамбарга кылыч тиет. Аны Мухаммед пайгамбар дайым алып жүргөн. Анан көзү өтөөрдө 3 баласы кичинекей кезинен эле чарчап калып, эркек балдары болбогондуктан, аны эң кичүү кызы Фатиманын күйөөсү Алиге мураска берет. Али экөө деле эки ата өткөн бир тууган эмеспи. Анан бул жерде айтылат, ушу Азирет Алинин кылычы түшкөн жер делип. Чынында ал Мухаммед пайгамбардан мураска калган касиет. VII-VIII к.к. кытайларды кууп чыгып, ислам динин таратып, ошондо болгон согушта сынып, кылычтын сыныгы түшкөн дейт. Мунун баары китепте эле эмес, эл оозунда да айтылып жүрөт[1].

Окумуштуу Бакыт Аманбаева эстеликтин датасы башка бир окумуштуу С.Я.Перегрулова тарабынан стилдик белгилеринен улам Х-ХI кылымга таандык деп аныкталгандыгын айтып келип, эстеликтин курулуш жылдары маселесине келгенде өзүнүн жана башка кесиптештеринин пикиринде ал жогоруда көрсөтүлгөндөн бир кыйла кечирээк, караханид доорунун бир нече кыйраган имараттарынын кирпичтеринен тургузулгандыгын билдирет. Үч түрлүү кезиккен кирпичтен улам, анын үстүнө караханид дооруна мүнөздүү эмес конструкциялык жана курулуш билгичтиктеринин айкындалгандыгынан улам өздөрүнүн пикирин чындыкка жакыныраак деп эсептейт окумуштуу[2].

Ошондой эле Зулпукор деген бир байдын кызы экен деген пикир 77 жаштагы Нурманбетов Тургунбек аттуу маалыматчы тарабынан айтылды. Ал көчүп кетип баратып ушул жерден каза болгон дейт.

Ким курганы белгисиз. Мунун кирпичи башка жактан келген деп жергиликтүү калк айтат. Манастын күмбөзү менен Зулпукордун күмбөзүнүн кирпичтери окшош.

40 жылга жакын бүбүлүк жолунда жүргөн Токтош Үмөталиева апа Зулпукорду «төрт эшик» деп атайт. Ал апанын айтымында, Зулпукор бул Сатыбалды деген чоң кишинин кылычы болчу. Бир чабышта Сатыбалды чоң кожо менен чабышып келатып, ушу жерге кылычтын учу түшкөнүн айтышат. Андай эмес. Ошондо ал киши да ушундай кыйкырып жыгылып жан далбастаганда, жаны ушул жерде калган да, каны төгүлгөн. Анан мазар болуп калды. Шейит болуп калды. Ал киши сүттөй аппак таза киши болгон.

Дагы бир Үмөталиева Канатай аттуу зыяратчынын айтканы боюнча: Зулпукор мазары биздин чоң аталарыбыздан калган мазар экен, Сагындык деген чоң кайын аталарыбыз ошол жерге коюлган, анан ошол жерди эгин сай кылып, бир жактан келе жатып, аян берсе керек, суу чыгарам деп түнү менен жар салса, Кушчулар (уруу аты) “Колпочтун (Таластагы бир уруунун аты) бир айбаны келип алып, ушул жерден суу чыгарам дейт, кантип суу чыгарсын, какыраган как талаа болсо” – дешип таң калган экен. Анан жар салып отуруп, таңга маал суунун үнү чыкканда элди ойготуп, арыктын башын ушул жерден казгыла деп арык каздырат, ошол жерден бир булак суу чыккан экен, анан ал өзү минген атын союп, элге түлөө өткөрөт, кушчулардын баары бутуна жыгылып, сыйынган экен. Менин баламдын аты да – Зулпукор. Анан кайнатамдын атын атай албай баламды тергеп Акубай деп атайм.

30. Жалгыз тал

Үч-Эмчек айылы

Кароолчу жок

Мазардын түрү – тал. Мазар айылдын түштүк-батыш тарабында, айылдан 3 чакырым аралыкта, бешинчи тоонун арасында жайгашкан. Булактын түбүндө чоң картаң тал бар. Анын тамырлары сыртка чыгып калган.

Булак мурдатан эле бар. Коммунизм деген айылдагы бир киши ошол талды тиккен экен. Ошондон кийин Жалгыз тал мазары деп аталып калган дешет.

Оозеки тарыхы:

Зыяратчы, 47 жаштагы Бообекова Ардак Жалгыз талдын тарыхы тууралу: «Эми кандай десем. Коммунизмден бир киши ушу жалгыз талды сайган дейт. Ал жер өзү мурун булак болгон экен. Анан ошо киши сайып, элдер барып сыйынып, негизи бул мазарды ошолор жайлашчу экен» – деген маалыматты берет.

31. Сандык (экинчи аты – Мазар булак)

Талды-Булак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Мазар тоонун эң чокусунда жайгашкан. Бет маңдайындагы тоо ак карлуу. Тоого сай аркылуу чыгат. Тоо бийик болгондуктан бийиктигин ченөөгө мүмкүн эмес. Мазардын тегерегинде арча ж.б өсүмдүктүр өскөн. Суу чоң таштын боорунун оюгунан орун алган. Оюктун ичиндеги сууну канча алсаң да бөксөрбөйт жана ашпайт. Жайы-кышы ошол бойдон турат, кышында тоңбойт. Суу эч жактан агып келбейт, өзүнөн-өзү пайда болот. Суу турган таштын түбүндө бир түп арча бар, арчада толо чүпүрөк жана суу ичүү үчүн темир кружка байланган. Сууну тегерете кишилердин аттары жазылган таштар тизилип коюлган. Суу тазаланбагандыктан, киргилт тартып кеткен.

Сандык – тоонун аты, мазардын аты – Мазар булак. Бирок мазар тоонун аты менен аталып калган. Тоонун үстү жайык. Мазар жайгашкан тоонун (мазардын) алды ылдый тик. Булактан 10 метрдей оң капталда куураган арча турат. Булактын түбүндөгү арча өтө бийик эмес – 2,5   метр. Булактын тегерегинде суурдун уялары көп. Булактын тереңдиги 0,5 (жарым) метрге жакын.

32. Алтын булак мазары

Кара Ой айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – аска-тоодогу булак. Кара-ой айылынын түндүгүндө 1 чакырым аралыкта Кызыл таш деген тоо бар, бийиктиги – 20 м, асканын өңү кызыл түстө. Анын этегинен суу жылжып чыгып турат. Тегерегинде камыш, чий, эрмен чөп, жапайы тал өсөт.

33. Шумкар уя

Талды-Булак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – аска. Талды-Булак айылынын түндүгүндө 5 чакырым аралыкта жайгашкан. Асканын бийиктиги – 150 метр, таризи – төрт бурчтук сыяктуу болуп кетет. Аска – көк түстөгү бети быдыр таш. Өтө бийиктикте болгондуктан мунун тегерегинен эч нерсе курчабайт.

34. Мазарлуу тал

Көпүрө-Базар айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – тал. Ал Көпүрө-Базар айылынын түндүк чыгышында 1 чакырым алыстыкта жайгашкан. Самби талдын бийиктиги – 3-4 метр, ээлеген орду – 2-3 сотук. Курчап турган нерселер: чыгыш, түндүк, батыш жагын тоо курчаган, ал эми түштүк жагында ак кайың өсүп турат.

26. Бакай-Таш мазары

Талды-Булак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Айылдын түндүк-чыгышында, 6 чакырым аралыкта жайгашкан. Булактын ээлеген орду – 1 сотук, тереңдиги – жарым метр. Түндүк, түштүк, батышынан тегерете аска тоолор курчаган.


[1] Ирвинг Вашингтон. Жизнь Магомета. – М.: СП «Интербук». Благотворительный фонд СССР «Мир и человек», 1990. стр. 91-101.

[2] Аманбаева Б.Э. Мавзолеи Таласской долины. – Окумуштуунун «Айгине» уюмуна берген маалыматынан.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>