Талас району

This post is also available in: Англисче, Орусча

1  2 3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”
(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

1. Манас күмбөзү

Таш-Арык айылы

Кароолчусу бар – Үтүров Самарбек

Мазардын түрү – күмбөз. Ал Таш-Арык айылынын түндүк-чыгышында 300 метр аралыкта жайгашкан. Күмбөздүн түндүк-чыгышында 7 метр аралыкта – Манастын чакмак ташы менен төлгө ташы; андан кийин 40-50 метр аралыкта – Кароол чоку; түндүгүндө – музей, ат майданы; түндүк-батышында – «Манас ата гүлзар багы», комплекстин жетекчилиги; батышында – шыпаакана; түштүк-батышында – Ажыбек датканын жайы; түштүк-чыгышында – 15 метр аралыкта Төлөев Кожобек (1911-1964) деген кишинин күмбөзү, андан кийин түлөөкана жайгашкан. Күмбөздүн түндүгүндө – 3 метрден кийин, батышында – 3 метрден кийин; түштүгүндө – 12 метрден кийин 50-100 метр узундуктагы эски жай (мүрзө) жайгашкан.

Күмбөздүн дубалы 4 тең бурчтуу таризде, үстү жагы – 8 бурчтуу түндүк түрүндөгү курулуш. Күмбөздүн жалпы бийиктиги – 11 метр; узуну, туурасы – 7,77 метрден. Дубалы кызыл түстөгү кирпичтен тургузулган. Күмбөздүн оозу түштүктү карап турат. Ооз жак бетиндеги кирпичтерде арабча жазуулар бар. Жалпы 3 эшиги бар. Бет маңдайында 10 м аралыкта зыяратчылар отуруп куран окуш үчүн үстү жабылган отургучтар коюлган.

Күмбөз 1993-1995-жылдары оңдолуп, 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленген.

«Айгине» уюмунун 2005-жылдагы илимий кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты Бакыт Аманбаева тарабынан даярдалган маалымат боюнча:

Республикалык, андан да кеңири мааниде оозго алынып, жылдын кайсы учуру болбосун көп эл каттап зыярат кылган жер – Манастын күмбөзү. Ал деңиз деңгээлинен 1432 м. бийик турган Манастын чокусу (Кароол-чоку, Тал-чоку, Манас-супа) тоолорунун түштүк-батыш этегиндеги көтөрүңкү жерде жайгашкан. Тоонун түндүк-чыгыш бетиндеги Камырдын бели деп аталган адырлар менен ойдуңдарда биздин эрага чейинки I кылымга таандык деп табылган Кеңкол көрүстөнү жайгашкан. Тоо чокуларынан 1945-жылы эле түндүк жагында мунарасы бар, иштетилбеген таштан турган платформа түрүндөгү сепилдердин урандылары көрүнчү. Ал курулуштун үстүнөн жана айланасынан XIII-XIV кылымдарга таандык керамика чогултулуп, ошондой эле уруп түшүрүлгөн араб жазуусунда анын аткарылыш датасы (1341-ж.) жана сепилдин ээси Мухаммеддин уулу Али Дервиштин ысымы түшүрүлгөн таш (67х47) табылган. (Масон М.Е., Пугаченкова Г.А., 1950, 24-25-бб.). Чокунун түштүк-чыгышын карай азыр жабыкта турган кенен көрүстөн жайгашкан. Анын аймагынан 30-40-жылдардын жана кийинки мезгилдин изилдөөчүлөрү – XII кылымдын аягы менен XIII кылымдын башталышы жана монгол доору үчүн мүнөздүү болгон керамиканын сыныктарын табышкан. Эң эле кийинки: XVII кылымдан азыркы этнографиялык мезгилге чейинки кылымдардын табылгалары дагы байкалып, тизмеге түшүрүлгөн. Ушул көрүстөндүн дээрлик ортосунда Манас күмбөзү жайгашкан. 1,5 чакырым батышты карай ошол эле дастан-баяндын кейипкерлери Каныкей менен Айчүрөктүн булагы орун алган. Күмбөз Орто Азиялык архитектура үчүн салттуу 11ге жакын метр бийиктиктеги, ар бир бет жагы 7 м болгон, квадрат түрүндө алганда 4,38х4,48 көлөмүндөгү бир бөлмөлүү мавзолейди элестетет. Ал пайдубалсыз, бир нече катардан турган таш плиталарынын үстүндө жайгашкан.

Оозеки тарыхы

Манастын күмбөзүнүн тарыхы, аны ким салгандыгы тууралу эки вариантты Манас ордодо иштеп кеткен манасчы Жумалиев Асанкан билдирет:

I. Каныкей атасын чакыртат. Атасы көп кол менен келип күмбөздү салып бүтүп, кетет. Каныкейдин атасы кетээр менен Абыке, Көбөш чатак салып, Каныкейди талашат. Талашканда Бакай жардам берип, Каныкей Таластан качып кетип калат.

II. Бүбү Мариямдын айтымы боюнча:

Канисяк хатун – «Канисек кыз» деген сөз. Ал – Ак Бакай Эмир кызы. Ошол кыздан кийин тукум калган эмес. Ак Бакай Эмирди Чыңгыздын тукуму өлтүрүп салат. Өлтүргөндөн кийин: «Сен менин балама тиесиң» – дейт. Анан Жууку деген баласына алып берет. «Мен бирөөгө тукумумду бербейм, кан аралаштыргым келбейт» – деп, ал аял андан төрөбөй коёт. Анан күйөөсү («Манастагы» Ай Кожо деп жүрүшпөйбү): «Эптеп мына муну өлтүргүлө, бул ансыз деле мага бүлө болбойт. Менден такыр төрөбөй койду. Башка аялдарымдын баары төрөйт да, бул төрөбөй койду» – деп өзүнүн бакма баласына айтып, уу бердирип өлтүртүп коёт. Канисяк хатун өлөөрүндө: «Мен атама атамдын аты унутулбасын деген ниет менен күмбөз салдырдым эле. Мен өлсөм ушул жерге күмбөзгө койгула. Атам коюлду, атамдын үстүнө мен коюлам» – дейт. Анан күмбөзгө Канисек катынды коёт. Жанагы Канисек катындын күмбөзү деп аталып калганы ошондон.

Ал эми «Манас энциклопедиясы» сунуштаган маалымат боюнча: Манастын күмбөзү – орто кылымга (14-к.) таандык архитектуралык эстелик. Эпос жана эл ичиндеги уламыш боюнча баатырды эскерип жүрүш үчүн бейитине анын жары Каныкей атайы тургузган көрөсөндүү курулуш. Ал ушул кезге чейин сакталган. 1893-жылда орустун белгилүү изилдөөчүсү академик В.В.Бартольддун Орто Азияга жасаган илимий саякаты жана 1895-жылы Ташкен шаарындагы археология ышкыбоздорунун Түркстандык ийриминин уюштурулушу Манас күмбөзүнүн илимий негизде изилденишине өбөлгө түзгөн… Уламыштардын дагы биринде күмбөздү Семетей салдырганы айтылат. Кыш жасоо үчүн топуракты алыстан алдырып, ылайга эчкинин кылын кошуп, бышкан кыштарды эркечтин майына кайнаткан дешет. Манас күмбөзү жөнүндө эпосто төмөндөгүдөй саптар бар:

Жети миң эркеч бир кырып,

Кыш бышырып бек салды.

Жети кылым өткүчө

Жетигимдин күмбөзү

Бузулбай турсун деп салды

Алты миң эркеч бир кырып,

Кыш кайнатып бек салды,

Алты кылым өткүчө

Айкөлүмдүн күмбөзү (12)

Бузулбай турсун деп салды (СК, 1.238).

Кыштын топурагынын курамынан Кеңкол дайрасынын жайыктарына мүнөздүү болгон кесек кумдун табылышы кыш даярдоо үчүн жергиликтүү материал пайдаланылгандыгын айгинелейт. Кээ бир кыштарда кам (13) кезинде беттерине батып калган айбанаттардын издери бар. Ал издер Талас өрөөнүндө таралган айбанаттарга таандык экени далилденген… Бирок, 14-кылымда курулуп, кийин ушул чөлкөмдө жападан-жалгыз бүтүн калган күмбөздү эл өзү сүйүктүү баатыры Манастын ысымы менен байланыштырып айтып калган (1-том, 436-437-бб.).

Демек, кеп ал күмбөз чын эле Манастын күмбөзүбү-жокпу, анда эмес, кеп эл ишениминде.

Манас күмбөзүнө кызмат кылууну өмүрдөгү парзы катары тутуп, шайыктык милдет өтөп келген адам таржымалдарын «Манас ордо» комплексинин кароолчусу (күмбөздүн кароолчусу башка) Жумадил Мамеков төмөнкүдөй билдирет[1]:

Күмбөз жайгашкан жер, аймак чоң чоң атабыз (кубабыз) Олжочунун үлүш жери экен. Олжочунун өз аты – Караооз. Ал иниси Хан Бүргөнүн казыначысы болгондуктан, өз аты унутулуп, олжолуулугуна (15) байланыштуу Олжочу атка конгон. Олжочунун уулу Токторбай XVIII кылымдын 90-жылдарынан тартып күмбөзгө кароолчулук кылып, ал милдет атасы өлгөндөн кийин (1865-жылдан тартып) жыйырма жаштагы уулу Мамекке өтөт. Ата салтын улап Мамектен кийин шайыктыкка келген анын уулу Саргалдак 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, ошол бойдон дайынсыз кетет. Саргалдак – кадимки Атай ырчынын (Огомбаев) таятасы Жантакбай комузчунун (ал дагы атагы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына белгилүү чоң өнөрпоз болгон) иниси болгон[2]. Ошентип, Токторбай – молдо, Мамек – манасчы, Саргалдак – чоң дубана болгон ата-баба муунунун өкүлдөрүндөгү «чымын» асыресе күмбөздүн касиетинен аларга ыроолонгон табылга окшобойбу.

Саргалдак согушка кетип, дайынсыз болгондон кийин СССР Жогорку Советинин депутаты Алымкул Үсөнбаев Манас күмбөзүндө эл менен жолугушуу өткөрүп, күмбөздүн шайыгы тууралу сурайт. Эл Саргалдактын кабарын айтканда, «Саргалдак эми келеби, келбейби» деп, шайыксыз иштин болбостугун айтып, сексендин кырын таяп калган Теке баатырды шайыктыкка алдырып келет. Теке баатыр көз жумгандан кийин менин кайын атам 1962-жылы шайык болуп келген экен. Өзүнүн көзү өтсө дагы кемпири Супайра (менин кайненем) 1995-жылга чейин шайыктык кызматын улантып, чалы экөө баштап, өзү уланткан шайыктык парыздын узактыгын 33 жылга жеткирди. 1995-жылы гана Таш-Арык айылына салган үйүнө көчүп кетип, кечээ жакында, үстүбүздөгү жылдын май айында 82 жашында көз жумду. Андан бери мамлекетке карап калган Манас күмбөзүнө кароолчулук жумуш орду катары калыптанып калды. Супайра кайненем болсо күмбөзгө болгон 33 жылдык кызматында 20 жылын маянасыз эмгек этсе, кийинки 13 жылында ага атайын өкмөт тарабынан акы төлөнүп берилген. Анын убагында ал жерде тегереги коргондолгон гана күмбөз жана кароолчунун таштан салынган үйү боло турган. «Алымбайдын кемпири» атыккан ал кемпирди күмбөзгө каттагандар жакшы билишет. Абышкасы Алымбай багбан болсо өзүнүн карылыкка таяп (шайык болгондо 65 жашка барып калган) курагына карабастан, ак мээнети менен бак, тал-терек, баарын тигип, күмбөздүн тегерек-четин гүлдөткөн. Азыркы «Манас ата гүлзар багы» дагы – анын мээнети.

2. Манастын чакмак, төлгө ташы

Таш арык айылы

Кароолчусу бар – Үтүров Самарбек

Мазардын түрү – таш. Алар Манастын күмбөзүнүн сол тарабында, туурасы – 1,50, узуну 3,50 метр болгондой аянтта жайгашкан. Чакмак ташка караганда төлгө ташы чоңураак.

3. Камырдын бели

Таш арык айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – бел. Белги-касиети – үстүнөн ат чаап өтсөң дүңгүрөп турат. Асты көңдөйдөй. Манас атанын тоосунун арт жагында жайгашкан. Ал жерде жергиликтүү калктын мүрзөсү бар, үч айылдын – Таш-Арык, Орто-арык, Ак-Жар айылдарынын көзү өткөн адамдары ушул жерге коюлчу, бирок «Манас-1000» тою өтөт деп, 1985-жылдан баштап ал жерге сөөк коюуга тыюу салынган. Азыр үч айыл үч башка жакка сөөк коет. Жанында ат майдан бар. Ал ат майдан түндүк-батыш тарабында. Камырдын бели мазарын негизи күмбөздөр түзөт. Алар кол менен жасалган. Манастын күмбөзүнөн 1 чакырым алыстыктагы түндүк жак бетинде. Ал жерде көк тактада «Көрүстөн» деген жазуу илинген. Мазардын кароолчусу жок, жалпы Манас ордонун аймагына кирип кетет. Азырынча эл көп эле барат. Бирок Камырдын бели деп көпчүлүгү аташпайт. Жанында камыштар, уй беделер көп өскөн. Жапыз-жапыз тоолор көп.

3. Каныкей булак

Ак-Жар айылы

Кароолчусу бар – Жуманазаров Беккул

Мазардын түрү – булактар. Ал айылдын түндүк-батыш тарабында жайгашкан. Айылдан 200 м алыстыкта. Өз алдынча 41 булактан турат. Өзгөчөлүктөрү – ар бир булактын суусу ар башка даам бергени. 41 булак 41 илдетке даба экендигин айтышат. Булактардын аралыгы жакын. Баш-аягы 80 метр, туурасы – 3 метр.

Оозеки тарыхы

Эсенгул шайыктын айтымында: Жакып хан көз жумгандан кийин Манас жаш калат. Хандыкка көтөрүлөт. Кырк жигит күтөт. Чыйырды апа: «Сен көп дердеңдебе. Атаң өлүп, калмактар баланы баладай, малды малдай, кызды кыздай, келинди келиндей айдап кеткен» – деп чындыктын четин кабарлайт. Манас ата азыркы Каныкей апа булагынан 40 жигитке жыйын өткөрмөй болот. Каныкей апа 41 кыз менен келип, 41 жерди казып, ошончо булак пайда болот. Манастын чоролорунун ар бирин ар бир булакка жуунтуп, оорулуулар илдетинен айыгып, жоого аттанат. Жоодон жаракат алгандар кайра келип сакайышат.

Каныкей булагы тууралу айтылган баян ушул. Бирок азыркы учурда «Каныкей булагы менен Айчүрөк булагы алмашылып аталып жүрөт, келгендер да Каныкей булагына келдим деп Айчүрөк булагына, же тескерисинче, жаңылыш зыярат кылып жүрүшөт. Булактардын тарыхый ордун кайтарып берүү керек» деген пикирлер пайда болууда. Бул ойлор – бүбүлөрдүн бирине (Бурул Кожобековага) берилген аяндан жана дегеле аталган мазарларга кайдыгер эмес адамдардын изилдөөлөрүнөн улам айтылган пикирлер. Бирок биз азырынча буга чейинки айтылып келген маалыматты гана берүүнү туура көрдүк.

4. Айчүрөк булак

Ак-Жар   айылы

Кароолчусу бар – Жуманазаров Эсенгул

Мазардын түрү – булак. Ак-Жар айылына кеткен жолдон оң тарапта токойду көздөй 500 метр, 30 метр ары чыгышты карай көл бар. Көлдөн өйдө 700 метр – Айчүрөк апанын булагы.

Оозеки тарыхы

Мамеков Жумадилдин айтымында: Айчүрөк кийин Семетейге (2) турмушка чыккандан кийин ушул жерге келип жашаган. Алты бакан (3) тээп, өз колу менен бир чынар терек тиккен экен. Чынар теректин алдынан бир кулак суу чыгыптыр. Азыр анын атында аталган булак ушул.

«Манас энциклопедиясындагы» маалымат боюнча: Айчүрөк-булак – Талас дарыясынын оң алабында, Кеңкол өрөөнүнүн ылдый жагындагы булак. Бүгүнкү күндө ал аймакка айыл түшүп, булак Таш-Арык айылынын ичинде, «Долоно» орто мектебинин жанында. Эл оозунда «Айчүрөк Семетейди издеп ак куу болуп учуп келип ушул булактын башына конуп, Чачыкейге ушул жерден жолуккандыгы айтылат, кайгы-кубаныч аралаш көз жаштан пайда болгон» – делип, Айчүрөктүн өзү менен байланыштырылат (Манас энциклопедиясы, 1-т. 51-б.).

4. Чыпынын мазары

Кара Шоро жайлоосу

Кароолчусу Абдыраимов Кашымбек атанын көзү өтүп кеткендигине байланыштуу, мазар учурда Мамеков Жумадил тарабынан көзөмөлдөнөт.

Мазардын түрү – терек жана урандылар. Таш-Арык айылынын бүткөн жеринен баштап, мазарга чейинки жол 3 чакырым болот. Кең-Колго кире бериштеги жолдон чыгышты көздөй 50 метр баскандан кийин түштүк тарапта арык, тегерегинде кара талдар өсүп турат. Анан 300 метр баскандан кийин жергиликтүү калктын айдаган картөшкөлөрү бар. Ошол картөшкөлөрдү аралап, түштүк-батышка кайрылабыз.  Батыш тарабынан Кең-кол суусу агып турат. Чыпынын мазарынын жанында иретсиз жайгашкан тал-теректер, чыгышында аскалуу тоолор бар. Чыгыш жактагы 3 чоң кара талдын батыш жагында 50 метр алыстыкта мазар жайгашкан. Мазардын түштүк-батышында 10 метрлик алыстыкта эски тегирмендин көөлүсү, мазардын үстүндө кирпичтер, дубалдын калдыктары бар. Бийиктиги 1,5 метрдей болот. Тегерек-четинде камыштар өскөн. Сырттан эл көп деле келбейт. Болгону жанындагы эле жашоочулар куран түшүрүшүп, зыярат кылып турушат.

Оозеки тарыхы

Аталган мазардын мурунку кароолчусу Кашымбек атанын айтымында: Чыпы деген Кушчу уруусунан, азыркы Карасуу айылынынан чыккан олуя адам болжол менен 1782-жылы туулган. Ал 80 жашка чыкканда Кең-Колдун Бел конуш деген жайлоосунан өлөт. Ал өлөөрдө: «Мени Манас атанын күмбөзүнө койгула» – деп айткан дешет. Анан өлгөндө жолдо алып келатышса, өлүгү Кара шоро жайлоосуна түшүп калат экен. Анан өздөрү да ырым кылышып, түшкөн жерине коюп коюшат. Өлөөрүндө койлордун «тыпыратма» оорусун басаарын айтып, менин күмбөзүм түбөлүккө мазар болуп калсын деген экен. Ошондон бери Чыпынын мүрзөсү мазар болуп келе жатат.

Чыпы олуя бала кезинде эле теңтуш балдарына азыр жамгыр жаайт десе, жамгыр жаап, ылдый аккан сууну тетири агызып койчу дешет.

5. Өрүк

Кең-Кол айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак жана өрүк. Өрүк мазардын жээгинен Обо суусу агып турат. Тегерете кара аскалар орун алган. Аскалардын алдында Жантакбай комузчунун там сарайы бар. Эски өрүктөр бар. Мазардын тегерек четинде тал-теректер, бадалдар, чычырканактар иретсиз жайгашкан.

Оозеки тарыхы

Жумадил Мамековдун айтымында илгери Өрүк мазардын батыш жагында булак болгон экен. Ал булак жайы-кышы соолубачу экен. Ошол жерди ак жылаан байырлаган дешет. Ал жылаанды көргөндөр булактын ээси дешип, ал жерге тийишпечү. Ошол булактын жанында өрүк болгон. Жантакбай деген комузчу аялы Айымкан экөө балалуу болушпай, ырымдап ошол жерге келишип, сыйынып жүрүшөт. Жыл айланып, Айымкан кыз төрөйт. Жантакбай комузчу касиеттүү ыйык жер экен деп, ал жерге жай салып, отурукташып калышат. Анан ал жерге шайык болуп, өткөн-кеткенге бул жердин ыйыктыгын айтып, даназалайт. Ошондон баштап, бул жер мазар болуп калган.

6. Мечит

Кең-Кол айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – сокмо дубалдын урандысы. Мечит мазар кыя жолдун астында. Обонун суусунан 100 метрче алыстыкта. Эски алма-өрүктүн ортосунда 1950-жылдары 50 түтүндөй эл жашаган. 7 жылдык мектеп болгон. Азыркы учурда мектеп сарайга айланган. Айланасында тоолор жайгашкан. Коргон таш өзөнү чыгыш жакта.

Оозеки тарыхы

Жумадил Мамековдун айтымында 1870-жылдары Кыдыраалы деген киши ажыга барып келет. Келгенден кийин мечит салат. Бейиштин тамагы экен деп тегерете өрүк, алма тигет. Кыдыраалы окуган эмес, аян аркылуу молдо болгон. Мечит Кыдыраалы ажынын мечити деп аталып, бара-бара тегереги айылга айланат.

Анын баласы Бейшенаалы деген молдо болот. Андай чоң молдо ал кезде саналуу. Өз өрөөнүндөгү Үмөт молдодон кийинки эле молдо Бейшенаалы (1963-жылы көз жумган) болгон.


[1] Кең-Кол өрөөнүндө жайгашкан мазарлардын дээрлик бардыгы тууралу маалымат Ж.Мамековдон алынды.

[2] Бул баянды айтып берип жаткан Жумадил Мамеков – Жантакбай менен Саргалдактын иниси Чоңараалынын уулу.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>