Манас району

This post is also available in: Англисче, Орусча

1 2  3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”
(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

16. Чатбаз

Кайыңды айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – күмбөз, 30 м өйдө дөңсөөдө жайгашкан, күмбөз чоподон салынган. Жанында дагы башка күмбөздөр бар.

Түштүгү – жол; түндүгү, батышы – айыл, талаа. Мазар айылдан 300 м алыстыкта чыгышта жайгашкан. Качан курулганы белгисиз.

17.  Кызыл чоку

Нылды айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – тоо. Нылды айылынан батышты карай 700 м алыстыкта жайгашкан. Көп жакын эмес тоолор курчап турат. Чокудай болуп кызыл аска көрүнөт. Бардык бөлүгү кызыл эмес. Бара жатканда айылга көрүнгөн бети кызыл, наркы бети ак. Жанында бир таман жол бар, жолдун ылдый жагында жарда эки булак бар болгон экен. Аны сел жүргөндө таш басып калган. Калган беш булак ошол катарда жолдун жанында бир аз алыстыкта жайгашкан. Негизинен булактар бири-биринен алыс жайгашкан. Булактардын көзү бүтүп, сазга айланып бара жатат. Бир таман жол менен кеткен жакта, булактардын өйдө жагында суу тегирмен жайгашкан. Ал бүгүнкү күндө да иштейт. Булактардын алды жагы жайык. Кызыл чоку өзүнчө, булактар өзүнчө бири-биринен алыс жайгашкан. Өзгөчөлүгү – чокунун өзүнчө обочолонуп турганы.

18. Таш дөбө

Нылды айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – аска жана булак. Нылды айылынан түндүктү карай 700 чакырым алыстыкта, өзүнчө турган дөңдүн астындагы жарда булак жайгашкан. Таластан болжолдуу түрдө 12 чакырым алыс. Өзгөчөлүгү – чоң дөбө, үстү тептегиз. Үстү көрүстөн, жалаң наристе балдарды коюшат. Курчап турган нерселер – оң жагы жайык талаа, дөң, тоолор. Бет маңдайы – огороддор, айыл, түбү – жар.

19. Үй мазары

Нылды айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – сары топурактуу бийик эмес дөбөчө. Нылды айылынын ичинде, Умакеева деген айыл тургунунун үйүнүн аркасында жайгашкан. Тегерегине жаш тал-терек отургузулган. Жанында бир аз чоңураак терек бар. Көчөгө жакыныраак жайгашкан. Чекесинде кичинекей арык бар. Ээлеген жери – эки-үч сотук.

20. Чечек булак

Карача айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – суу жана тал. Бирок суу булактай болуп кайнап чыгып турбайт, сүйрү таштын алдынан жыбылжып гана агып турат. Карача айылынан түндүк тарапка карай 1 чакырым алыстыкта, өзөндүн ичинде жайгашкан. Таластан болжолдуу түрдө 44 чакырым 400 м алыстыкта. Түндүгүндө өзөн, анын ичинде топ-топ болуп өскөн дарактар бар. Чыгышынан дөңсөө, талаа, көрүстөн, айыл көрүнүп турат. Батыш тарабында алыс эмес бир түп бадал өсүп турат.

21. Ак терек

Карача айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – чоң ак терек. Карача айылынан 1,5 чакырым алыстыкта түндүк тарапта жайгашкан. Болжол менен Таластан 42 чакырым алыстыкта. Мазар адырдын үстүндө жайгашкан өзөндөн 11 чакырым бийиктикте турат. Терек аябай бийик болуп өскөн, жоондугу киши кулачынан үчөө келет. Анын ээлеген орду – 5 гектар, терек турган жер төрү деп эсептелет. Мазарга бара жатканда чоң тоо ташы бар, ал жерге жүрөгү ооругандар барышат. Ушул сыяктуу бир нече жерлер бар. Ак теректин жанында дагы бир кичине тал бар, ылдыйда сайда бир нече бадалдар бар, сол жагында анча көп жерди ээлебеген көлмө саз бар.

22. Карача хан кызы Акберметтин ордосу

Карача айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – бийик дөбө. Айылдын ичиндеги негизги көчөдө, бийик жерде жайгашкан, ылдый сайда 30 м алыстыкта үйлөр бар. Аябай чоң дөң болуп турат, үстү жапжашыл чөп, ордо сыяктуу болуп турат. Маңдайындагы жаш тал-теректер кол менен тигилген. Өзгөчөлүгү – аябай бийик болгону.

23. Кароол чоку

Арал айылы

Кароолчусу жок

Мазар абдан бийик жерде жайгашкан. Ал айылдын сырткы түндүк жагында төңсөөдө. Дөңдүн үстү жайык, ал эми аталган мазар ошол дөңдүн үстүндө тоголок болуп турат, тегереги бүт таш. Өзгөчөлүгү – Талас районундагы Манас ордо комплекси Манас районундагы Арал айылында жайгашкан кароол чоку мазарынан көрүнүп турат .

24. Ырсаалы

Карача айылы

Кароолчусу жок

Ырсаалы мазарынын түрү – булак. Ал айылдан 1,5 чакырым алыстыкта, түндүк тарапта, өзөндүн ичинде жайгашкан. Ага жетпей сарайлар бар, ал жерди азиздер байырлаган дешет. Түндүгүнөн – өзөн, тоо, адырлар; түштүгүнөн – өзөн, сарайлар, айыл; чыгышынан - адырлар, өзөндөр; батышынан – өзөн, адырлар курчаган. Бул мазарга көп эл келбейт, көпчүлүк адамдар билбейт, элдин каттамы аз. Мурда барышчу, азыркы күндө барбай калышкан. Илгери ал чоң коргон болгон дешет. Талма, ээликме ооруларына жакшы. Качантан баштап мазар болгону, качантан баштап адамдар зыяратка келе баштаганы белгисиз.

25. Жалгыз терек

Ташбашат айылы

Кароолчусу жок

Жалгыз терек мазарынын түрү – кара тал. Айылдан 3 чакырым алыстыкта, түштүк тарапта, тоонун этегинде жайгашкан, жанында чоң арык бар.  Чыгышы – талаа; батышы – талаа; түндүгү – айыл, түштүгү – адыр жана тоолор менен курчалган. Качан мазар болгону, качантан баштап элдер зыяратка келе баштаганы белгисиз.

26. Калпа ата

Карача айылы

Кароолчусу жок

Калпа ата мазарынын түрү – таш. Айылга жакын жайгашкан, аралыгы – 30-40 метр, чыгыш тарапта. Чыгышынан – кыр, адыр, тоо; батышынан – бир таман жол, арык, үйлөр, чоң жол; түндүгүнөн – бир таман жол, Калпа ата чоң мазары, үйлөр, токой, тоо курчайт. Түндүк чыгышы – адыр, кыр, бейит, тоо. Түштүгүнөн – бир таман жол, арык, сай, мончо курчап турат.

27. Жуугуч

Карача айылы

Кароолчусу жок

Жуугуч мазарынын түрү – дөңсөө. Тегиз талаада жайгашкан, бир аз эле өйдөрөөк болуп турат. Тегереги ылай кирпич менен көтөрүлгөн, бирок ал кирпич эзилип жер менен жер болоюн деп калган. Айылдан 2 чакырым алыстыкта, түштүк тарапта орун алган.  Түндүгү – талаа, айыл. Түштүгү – талаа, Талас-Покровка жолу. Түндүк чыгышы – талаа, Сөгөт айылы. Батышы да – талаа, Карача айылына кеткен жол бар. Азыр ал мазарга эл көп барбай калган.

Оозеки тарыхы

Жергиликтүү адамдын айтканы:

Айылыбызга жакынЧечек булак, Ак Терек, Жуугуч деген жер бар. Бул чоң мазарларды калпалар жердеген. Негизинен 4 калпа болгон: Итийбас, Сарпаш, Чөкө, Байсал. Итийбас Водныйга коюлган, Сарпаш калпа биздин айылга коюлган. Итийбас калпа сууну так ортосунан экиге бөлгөн экен. Эл көчүп бара жатып суудан өтө албай жатканда: «Этегим суу болуп калды, сууга доо кетирип койдум, эми бир балам суудан каза болот» деген экен. Айткандай эле, Сарпаш калпа эшек менен келе жатып болбогон эле бир сууга агып каза болгон экен. Азыркы Жуугучдеген жерде ошонун боз үйү болгон. Ушул жерге алып келип, ушул жерден сөөгүн жууп, чыгарышкан. Ошондон улам Жуугуч аталып калган. Ал жер азыркы кезге чейин турат. Тегереги – айдоо. Бир жылдары айдоого кошуп айдап салалы деп четине эле кош тийгенде, трактор бузулуп, айдоочусу такыр айдай албай калган экен. Сарпаш калпа каза болгондо, айылдагы бир аял ырымдап тумагын алган экен. Баласыз аял ошондон кийин Аскар деген бала көргөн. Мына булардын касиеттүүлүгү, таасири кандай.

Мындай кишилер дүнүйө, мал күткөн эмес. Бейшебай деген киши болгон. Ал бир коюн Кудай атап, ошо менен берген эмес. А шарт боюнча Кудайга аталган мал сөзсүз союлуп, бышырылып, соопчулук үчүн элге таркатылыш керек. Сойбой турган малды жөн гана Кудайга атап коюу болбойт. Ошондо Сарпаш калпа Бейшебайдын атаган кою көбөйүп, бир короо болуп калганда бардыгын алып келип, элге кудай тамак кылдырып берген. Бир жуманын ичинде бардык малды элге бердирген.

28. Чырканак

Карача айылы

Кароолчусу жок

Чырканак мазарынын түрү – булак. Айылдан 3 чакырым алыстыкта, түндүк-батыш тарапта жайгашкан. Качантан баштап мазар болуп, эл зыярат кыла баштаганы белгисиз. Өзөндүн ичинде жайгашкан. Түндүгү – өзөн, тоо, адыр; батышы – адыр, тоо, өзөн; түштүгү – өзөн, адыр, тоо, талаа; чыгышы – адыр, тоо менен курчалган.

29. Төрткүл

Жайылган айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Айылдан 20 м алыстыкта.

Түндүк- батыш тарапта орун алган. Чыгышынан чоң арык, айыл, биринчи көчө, үйлөр көрүнүп турат. Түндүгү – саз, үлүшкө бөлүнгөн жерлер, айыл, үчүнчү көчө. Батышы – саз, талаа; түштүгү да – саз, чоң арык, Покровка айылы. Түндүк батышында топ-топ болуп өскөн калың камыш бар. Негизинен мазар сазда орун алган. Элдин каттамы аз, жанында жашаган аялдын айтканына караганда ал жолдошу менен көбүнчө зыяратка келип жүргөн бир аялды көрүп жүрөт. Илгери бул жер Төрткүл деген жер болгон. Арыктын жээгинде калың камыш, мажүрүм тал, жаш теректер бар. Булактын тегереги сазда өсө турган майда чөп.

30. Булак

Покровка району

Кароолчусу жок

Булак мазарынын түрү – булак. Мазар айылдын ичинде, Трудовая көчөсүнүн сол жагында, түштүк тарапта орун алган. Чоң тоголок булак, четинде темир көпүрө бар, жанында арык бар, булактан чыккан суу ошол арыкка куят. Булактын ортосунда ичке темир арматура бар, түптүз кылып атайы жасап койгон, булактын ортосуна жерге киргизип койгон, баш чени ачакей болуп турат. Булактын ичинде көп талдардын тамыры көрүнүп турат. Жанында кара тал, ак терек, бүлдүркөн, чырмоок чөп, мажүрүм тал, арыктын жээгинде алча жана майда чөптөр өсүп турат. Качантан баштап мазар болуп, элдер зыярат кыла баштаганы белгисиз. Түндүгүнөн – арык, көчө, үйлөр, саз; түштүгүнөн огород, үйлөр, көчө; чыгышынан – көчө, саз, жол; батышынан – арык, үйлөр курчап турат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>