Манас району

This post is also available in: Англисче, Орусча

1  2 3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”
(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

1.  Калпа ата

Карача айылы

Кароолчусу жок

Калпа Ата мазарынын түрү – долоно менен аска жана булак. Карача айылында бир гана чоң көчө бар, ошол көчөнүн баш ченинде Канай деген кишинин үйүнөн түз чыкканда элүү метр алыстыкта мазар жайгашкан. Мазардан булакка чейин – отуз метр. Мазардын аркасы сай, кыр, андан кийин тоо башталып кетет. Мазар чокулуу аска сыяктуунун жанында, ал жерде бир долоно бар. Он-жыйырма метр алыстыкта бири-бирине жакыныраак жайгашкан эки булак бар. Арык, айылдагы тамдар мазарга аябай жакын жайгашкан. Анын нары жагында бейит бар, ал толуп калган. Бүгүнкү күндө ал жерге сөөк коюшпайт. Мазар болжол менен он беш-жыйырма сотук жерди ээлейт. Жакын жашаган киши огород кылып тосуп алганда эки булак анын чарбагынын ичинде калып калган. Бирөөсүнөн жакшы эле суу чыгат, экинчисинен жакшы чыкпайт. Чокунун үстү бир аз жайыгыраак экен, тегереги таш менен бир аз көтөрүлгөн, ал жерге кызыл китеп көмүлгөн деген уламыш кеп айтылып жүрөт дешет.

2. Жамбаш булак

Покровка айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Жайылган айылынан батыш тарапка карай 3 чакырым алыстыкта жайгашкан. Таластан болжолдуу түрдө 55 чакырым 400 м. алыс. Сазда, ачык, жайык жерде жайгашкан. Кичине булак, тегерегинде чычырканак, бадалдар өсүп турат. Жанындагы бадалга чүпүрөк байланган. Казакстандын Жасөлкөн айылына чектеш.

Айрым бир маалыматтар боюнча бул жер Жамбаш Ата деген олуя кишинин сөөгү коюлгандан тартып эле мазарга айланган.

3. Ак-Терек

Ак-Таш айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – терек. Ак Терек мазары Ак-Таш айылынан 3,5 чакырым алыстыкта, түштүк жагында, капчыгайда жайгашкан. Капчыгайдын бир жагы бийик аска, бир жагы бийик тоо. Аска менен тоонун ортосунда секичеде мазар жайгашкан, жерден 15 метр бийиктикте. Мазарга 20 метрдей жетпей топ тал өсүп турат. Суунун шарылдаган үнү угулат, бирок кай жерден агып жаткандыгы көрүнбөйт. Ак-Терек мазары зым тор менен тегерете курчалган. Курчалган мазардын ичинде чоң-кичинеси болуп 15 ак, кара теректер өсүп турат. Мазар ичинде эки булак бар, булактар агып келип жерге сиңип жок болот. Булактын тегерегиндеги өскөн топ чычырканакка толтура чүпүрөк байланган.

4. Булак

Кеңеш айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Мазар Кеңеш айылынан 400 метр алыстыкта сайда, аңчада жайгашкан. Сайдын ичинде үч булак бар, үч булактын суусу биригип сай менен агып кетет. Булак мазардын оң тарабы – мүрзө, сол тарабы – жайыт, айдоо аянт. Сайды жээктеп терек, чычырканактар өскөн.

Жергиликтүү Айман эженин айтымында: Айша апа деген кемпир бар болчу, азыр Жамбул тарапка көчүп кеткен, ошол апа барып сыйынып аталган булакты тазалап турчу.

5. Тамчы булак

Чоң капка айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Тамчы Булак мазары Киров суу сактагычынан 35 м алыстыкта жайгашкан, үстү Талас-Жамбул жолу, жол тоонун бооруна салынган. Мазардын өйдө жагында 10 (он) метрдей кичине аска, аска таштын боорунан суу тамчылап агат. Тамчылаган сууларды бириктирип бир агуу үчүн атайын түтүк коюлган. Булак менен суунун ортосун унаа өтүү үчүн жол бөлүп турат. Булактын жанында атайын сыйынуучулар олтуруу үчүн цементтелген стол жасалган. Булак алдында роза гүлдөр өстүрүлгөн, 2 (эки) түп кайың, 31(отуз бир) түп терек бар.

6. Шерикбай атанын мазары

Май айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – чоң булак. Мазар Май айылынын чет жаккы жеринде Дүйшөбаев жана Чойбеков көчөсүнүн ортосунда, үйдүн огородунда жайгашкан, үйдөн мазарга чейинки аралык 500 метр болот. Булак тоголок таризде, ээлеген аянты – 1 сотук, булактын тереңдиги – жарым метр. Булактын негизги өзгөчөлүгү – түбү буркулдап кайнап турат. Батыш жагында жыш болуп камыш өскөн, ал эми түштүк жагында терек жана жапайы талдар, кара талдар курчаган, түндүк жагында үйлөр, чыгыш жагында өлөң чөптөр бар, ал эми булактын тегереги бүтүндөй саз чөп.

7. Жети булак

Май айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Май айылынын түндүк батышында 300 м аралыкта, Жолонов жана Акжабаев көчөлөрүнүн ортосунда, үйдүн огородунда жайгашкан. Табигый жети булак бири-биринен алыс жайгашкан. Булактын бир көзүнүн тереңдиги – 1 м. Жалпы ээлеген орду – 2 сотук. Курчап турган нерселер: батыш, чыгыш жагында – үйлөр; түндүк жагында – тал-теректер; түштүк жагында – камыш чөптөр өсүп турат.

8. Долоно

Манас айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак жана долоно. Манас айылынын түштүк жагында Кызыл-Адыр тоосунун алдыраак жеринде жайгашкан, айылдан мазарга чейинки аралык – 1 чакырым. Долоно талдын бийиктиги – 80 см. Ээлеген аянты – жарым сотук. Долоно талдын кабыгы сары сымал. Түштүк жагында – аска бетиндеги балыр чөп, эрмен; түндүк жагында – кара тал, ак, сары гүл, шыраалжын; батыш жагында – камыш; чыгышында – Кызыл Адыр тоосу курчап турат. Ал жерде дагы булак бар, андан эки айыл суу ичет экен. Ошол булактан суу түтүгү чыгарылган.

9. Теке таш

Арал айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – таш. Арал айылынын түндүк батыш жагында Жылкычы бет жана Туюк деген сайда жайгашкан. Айылдан мазарга чейинки аралык – 5 чакырым, мазардын өзгөчөлүгү – таштын бетинде байыркы петроглифтердин сүрөтү чегилген. Таш сүйрү таризде, таштын бийиктиги – 50 см, таштын өңү боз.

10. Чеч дөбө

Чеч дөбө айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – дөбө. Чеч дөбө айылынын түштүгүндө жайгашкан, айылдан мазарга чейинки аралык 3-4 чакырым. Дөбө тоголок таризде, ээлеген аянты – 5 сотук. Кара тал менен тегерете, анын сыртынан зым тор менен курчалган.

11. Хан ордо

Арал айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жайык айдоо жер. Арал айылынын түштүгүндө 300 м аралыкта жайгашкан. Ээлеген аянты – 1 гектар. Тегерете өлөң чөп курчаган. Өткөн-кеткендер куран окуйт. Эл каттабай калган.

Жергиликтүү эл менен болгон маектерде алар аталган мазардын тарыхы туурасында «Бул жер бир кезде хандын ордосу болгон экен, бирок кайсыл хандын же качанкы мезгилдеги ордо экенин билбейм» деген гана жеңил жоопторду кайтарышкан.

12. Кичи кайыңды

Арал айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Арал айылынын түндүк-чыгышында жайгашкан, аралыгы -200 м. Тегерете жар курчаган. Хан ордо мазарынын жанында жайгашкан. Өзгөчөлүгү -Хан ордо мазарынын алдынан чыккан булак Кичи кайыңды мазарына агып келет.

13. Кочкор башат

Сарыбулак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – асканын түбүнөн чыгып турган булак. Айылдан 3 чакырым 150 м алыстыкта түндүк тарапта жайгашкан. Жанында эки чычырканак бар, бирөө булакты жаап турат. Чычырканакта көп чүпүрөк байланган, чайнек, чыны илинген.

Түндүгүнөн – өзөн, тоо; түштүгүнөн – өзөн, айыл; батышынан – тоо; чыгышынан – Сары чоку тоосу курчап турат.

Мазар өзөндүн ичинде жайгашкан, жанынан суу агып өтөт, жанында жол бар, мазарга 3 чакырым калганга чейин унаа барат. Кочкор башат деп аталып калганынын себеби – баргандарга кочкор көрүнөт деп айтышат.

14. Бабыр

Кайыңды айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – күмбөз, бийиктиги 3-3,5 м,   чоподон жасалган.

Кайыңды айылынан 150 м алыстыкта батышта жайгашкан, жанында Акчал мазары бар. Курчап турган нерселер: чыгышынан – айыл; батышынан – сарай, көпүрө; түштүгүнөн – суу агып өтөт. Кайыңды суусунун берки бети – саз, наркы бети – бейит.

Бабыр ата деген айылда белгилүү эл башкарган адам болгон экен, анын урматына салынган күмбөз качан курулганы белгисиз.

15. Акчал

Кайыңды айылы

Кароолчусу жок
Мазардын түрү – күмбөз. Төрт бурчтук, башы тоголок, бийиктиги үч-төрт метр, чоподон жасалган, ээлеген аянты – 2 сотук, бейиттин жанында башка күмбөздөр бар, бейиттин тегереги курчалган эмес. Кайыңды айылынан 150 м алыстыкта, батыш тарапта жайгашкан.

Батышында – айыл; чыгышында – сарай; түндүгүндө – талаа, жайыт бар; түштүгүнөн суу агып турат.

Акчал деген киши ошол айылды башкарган бий болгон деген маалымат бар, күмбөзү качан курулганы, качантан баштап элдер зыяратка келе баштаганы белгисиз. Айылда ушул кишинин атынан коюлган аялдама да бар.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>