Кара-Буура району

1 2 3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”
(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

28. Чаргын ата

Көк Сай айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак, таш, короо. Чаргын аттуу олуя кишинин конуш жайы. Короосу, тоосу, булагы, ташы. Чаргын ата 17-18-кылымдарда жашап өткөн. Ошонун негизинде Чаргын ата мазары деп аталып калган. Учурда ал жерде (конуш жайда) Маңгенбай деген киши малы менен отурат.

Чаргын ата мазарына төмөндөгү 3 мазар кирет экен:

а) Таш башат мазары

Таш бышат мазары Көк Сай айылынан 8 чакырым чыгышта жайгашкан. Мазар тоонун түбүндө тоого жабышкан таштан турат. Мазардын түбүнөн булактын суусу агып өтүп, 15 метрдей жерге чейин барып, жерге сиңип кетет. Мазардын чыгышында – тоо; батышында – тоо жана автоунаа жолу; түндүгүндө – тоо; түштүгүндө – жол жана 200 метр аралыкта Маңгенбай деген кишинин үйү орун алган.

б) Чаргын ата таш коргону

Чаргын ата булагынын түштүгүндө Чаргын атанын таш короосу жайгашкан. Таш короо 200 кв м ди кучагына алат. Бирок Маңгенбай деген кишинин үйүнүн түштүк жагында 50 метр аралыкта жайгашкан тоонун 3-4 метрдей бийик боорунан атайын 10-15 киши отурууга ыңгайлаштырып тоону оюп коюшкан. Ошол жерге куран окутулат .

с) Чаргын ата булагы

Маңгенбай деген кишинин үйүнүн түштүк жагынан 20 метр аралыкта Чаргын ата булагы жайгашкан. Булак жолдун боюнда жайгашкандыктан ары өткөн, бери өткөндөр куран окушуп, булактан ооз тийип кетишет.

29. Умай эне

Көк Сай айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – таш. Умай эне мазары Көк Сай айылынан 8 чакырым чыгышта жайланышкан. Тоо чокусундагы бийиктиги 1,2 метр келген моло таш – мазар. Мазардын түндүк-чыгышында 20 метрдей аралыкта автоунаа жолу өтөт. Ал эми түштүк-батышынан тоо курчап турат. Мазар Чаргын аттуу олуя кишинин конуш жайынын батыш бөлүгүндө 50 метр аралыкта жайгашкан.

Оозеки тарыхы

Зыяратчы, 68 жаштагы Чаргын кызы Мүзүлүм апа бул жерге Чарык уруусунун кемпири Бурмакан деген бүбү апа коюлгандыгын айтты: Мен бүбүмүн дегендердин баары эле бул жерди жакшы билишет, айрыкча бул жерден бала эмдеген бүбүлөргө жакшы эми түшөт, башкача айтканда баланы кантип эмдөө керек экени көрүнөт, аян болуп берилет.

30. Ак үй

Шекер айылы

Кароолчусу бар – Ибраимов Керимбай

Мазардын түрү – үй сыяктуу там. Ак үй Шекер айылынан 500-700 м алыс аралыкта, бийик дөбөдө орун алган. Ак үйдүн сол жак капталында эл тарабынан салынган чоң мечит жайгашкан. Мечиттин сол жак капталында кароолчу жашаган кичинекей 2 бөлмөлүү там, тамдын бет маңдайында 10-15 метр алыс аралыкта ажаткана, андан ары көк бөрү ойнолуучу Сейитбек атындагы спорт аянтчасы жайгашкан. Дөбөнүн төмөнкү күн батыш жагында Чаргын атанын булагы жайгашкан, анан өйдөрөөк жагында Чаргын тал деп аталган чоң тал бар. Чаргын ата чарык уруусунан чыккан чоң молдо болгон, ал жерге анын сөөгү коюлган. Ак үйдүн күн чыгыш бөлүгүндө жайпак тоолор жайгашкан.Ак үй 3-4 квадрат метр жерде жайгашып, кирпич менен тургузулган жана сырты, ичи цемент менен шыбалып, үстү чоку түрүндө жабылып, чокусунда жарым ай түрүндө темир тагылган. 18-19-кылымдарда Эшен ата жана жалпы эл тарабынан курулган.

Айгине уюму аталган мазарды – андагы шыпаакана менен зыяраткананы толук оңдоп-түзөп, шыбап, актап, жерпайына линолеум төшөп, шыбына жаңы тактай уруп, абалын иретке келтирген.

Оозеки тарыхы

Мазардын шайыгы Ибраимов Керимбайдан алынган маалымат:

Мазар 18-19-кылымдарда курулган деп айтып жүрүшөт. Эшен (билимдүү адамдан билим алган билимдүү киши иретинде түшүндүрүлөт) ата деген болгон. Эшен ата бул жерди тегиздетип, жер айдап, эгин айдатайын деп, топурагын уучтап, жыттап көрүп эле жерге жыгылат. Жерде жаткан Эшен атанын жанында жүргөндөр эмне болду деп чуркап келип тургузушат. Ошондо Эшен ата айтат: «Бир аз кое турсаңар аягына чейин көрөт элем. Мага Алла Таалам көрсөттү. Бул ыйык олуялуу жерди эл-журтка билдирүү керек. Бул ыйык жер көп нерсеге даба болот».

Эшен ата ошол учурдагы Олуя атадагы Жамбыл атага барат. Ал эл чакырып, элден акча чогулттурат (элдер алынын жетишинче беришкен) жана белги коюу иретинде кичине мечит салдырат. (Учурда ал кичине мечиттин жанында жергиликтүү эл чоң мечит салышкан). Чогулган эл менен акылдашып 2 уй союп, Ташкент, Жамбылдан эл келет. Калың элден жанагы 2 уйдун эти артып да калат. 2 ирет намаз окулат. Ак үйдөн 300-700 метр ары жайгашкан Жер үй деген жерден чыккан жогорку деңгээлдеги бекем кирпичти Алла таалам көрсөткөн болот. Бирок калың эл ишенбейт. Ага карабай Жер үйдүн үстүн чийип, казып көрсө, чындап эле укмуштуудай бекем кирпичтер чыга баштайт. Эл таң калат. Ошол кирпичти калың эл колмо-кол берип отуруп, мечитке жетчү кирпичти ташып коюшат. Ар бир кирпичте ар кандай адамдын бутунун изи, иттин издери түшүрүлгөн сүрөттөр болгон. Ошондо Эшен ата «дагы бир кирпич алсаңар болмок» – деп айткан экен. Айткандай эле, мечит курулуп бүтүп, башына туура бир кирпич жетпей калат. Бирок жөнөкөй кирпич коюп, мечитти бүтүрүшөт, ал кирпич көп өтпөй эзилип калган экен. Ошондо олуялар айткан экен: «Бүткүл дүйнөдө согуш болот, бирок Талас, Ташкент, Жамбылда тынчтык өкүм сүрөт, бул жерден бүт тилегиң кабылданат» деп. Ошолор айткандай эле болуп атпайбы. Кийин элдер Жер үйдү кирпич алуу максатында казышса, бир да кирпич чыккан эмес. Ал эми жанагы казгандар көрбөй калышкан, бирок кийин Алланын амири менен кайра оңолушкан. Анан совет мезгилинде жанагы кичине мечиттен кирпичтерди алышып малдарга бастырма курду, бирок ошол сарайдагы малдардын баары кырылды, адамдар да жок болду.

31. Жер үй

Шекер айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – үңкүр. Жер үй Ак Үйдүн түндүк-батышында 1,5-2 чакырым алыстыкта, Шекер айылынын түндүк жагында, Көк Сай айылына кетип бара жаткан жолдун жээгинде, мүрзөнүн, көрүстөндүн четинде жайгашкан, күн чыгыш түбүндө анча чоң эмес суу агып өтөт.

Жер үйдүн түндүк бөлүгүндө 7 булак бар. Жер үй – оозу чоң, узуну 5-7 метр, туурасы 3-4 метр келген үңкүр. Ичинде 3 кичине тешик үңкүрлөр бар экен. 3 тешик, жер астындагы 3 жол экен, башкача айтканда, биринчиси – Чаткалга кеткен жол, экинчиси – Таразга, үчүнчүсү – Бакайырга кеткен жолдор болгон, бул мурдагы мезгилдеги абал. Ал эми учурда тешиктер бүтөлүп калган.

Жер үйдүн ээси – кумайык, ак шумкар.

32. Ак тайлак

Бакайыр айылы

Кароолчусу бар – Асыранкулов Саманкул

Мазардын түрү – таш. Айылдан сырт, 2 чакырым түштүк тарапта жайгашкан. Ак тайлак мазарынын тегереги чырпык менен курчалган. Ортодо зыярат кылуучу таш. Үстүнө ак мата жаап коюшат. Жанында терек бар. Арыраак жагы бир түп. Долоно өзөндүн жээгинде жайгашкан. Бирок ал өзөндө суу жок. Андан берирээкте талдар. Мазарга келгендер, түлөө өткөргөндөр түнөсүн үчүн мазарда анча алыс эмес жерде там курулган. «Умай эненин супарасы» деп аталган жалпак таш бар. Боз үйгө окшогон таш да бар. Таштын бери жагында терек. Теректен бери булак бар. Тоого көз чаптырсаң, эки өркөчтүү ак тайлактын сөлөкөтүн көрөсүң. Ал да таш.

Оозеки тарыхы

К.Т. аттуу маалыматчынын айтымында «бул мазарга Манас ата зыярат кылып кеткен экен. Бул мазар Кыргызстан боюнча белгилүү жана касиеттүү мазар болуп саналат. Бул мазардын ээси – ак тайлак, анткени илгери ушул тоонун бардыгын ботолор ээлешип, кийинчерээк алар жок болуп, ак тайлак менен энеси калган экен. Ак тайлак энесинен ажырап ушул жерге чөгүп калган. Бул жерде ак тайлак чөгүп калгандыгын эч ким деле билген эмес. Ал чөккөн тайлак ташка айланып кеткен. Ал эми жанындагы теректерде булбулдар сайрап турушкан.

Бул мазар бала мазар болуп эсептелинет. Ылдый жагында умай эненин ташы бар. Амири – Ак тайлак. Жанында Чынар терек өсүп турчу, ошол терек кыйылганда дайрага кадимкидей кан аккан. Илгери бул мазардын жанында 7 молдо отурган. Мына ошол Чынар теректи ошол молдолордун бирөө тигип кеткен. Ошол учур Нарбото бийдин тушуна туш келет. Анткени бул жер Нарбото бийдин конушу болгон. Ал эми пайгамбары – Уста дөбөт. Ошондой эле бул мазардын кире бериш жеринде өрүк өсүп турат. Ал өрүк жайы-кышы гүлдөп мөмө берип турат. Ал эми элдер мөмөсүнөн варение кайнатышат. Мөмөсү абдан чоң.

Мазардын касиетинин күчтүүлүгүн айрым окуялар менен бекемдешет. Мисалы, орустар ушул жердеги бейиттерден алтын чыгат деп казышкан экен. Ошол орустардын бардыгы курман болуп калышкан. Ошондой эле машина менен чаңгытып өткөндөр майып болуп калышкан. Ал эми ушул мазардын жанынан жаман сөз айткандар, тил тийгизгендердин тили кыйшайып калган. Анан ошол мазарга мал-көл союп айыгып кетишкен. Андан кийин жергиликтүү бир адам өкмөткө көп акча карыз болуп калат. Ошол учурда мазарды суу каптап, четтеринин баары корголгон эмес. Ошол адам мазардын тегерек-четин коргоп, тазалагандан кийин ал карызынан кутулган экен.

Дагы эле эл оозунда айтылып келаткан башка бир аңыз боюнча илгери бул айылда ачкачылык болгон экен. Жергиликтүү эл ачкадан кырылайын дегенде тоонун жанынан төөнү тайлагы менен көрүп калышат да, ошол төөнү союп жейли дешет. Эл төөнүн жанына жеткенде төө алардын арам оюн сезип калып, жанындагы өзөндөн секирип качып кетет. Тайлагы болсо калып калат, анан элдер тайлактын жанына жеткенде тайлак ташка айланып кеткен экен. Ал тайлактын өңү ак болгон. Ал эми төө болсо белгисиз, кайып болуп кеткен. Андан кийин ушул жерге биринчи келген адамдын эси ооп, кулап калган. Анткени биринчи келген ал адамга бул жер кескин таасир берген. Ошондон бери эл сыйына баштаган. Бул мазар Талас өрөөнү боюнча чоң мазар».

Мазардын кароолчусу Саманкул атанын байбичеси Бурул апа (аны дагы аталган мазардын кароолчусу дешке болот) Ак тайлакты бир жолу өз көзү менен көргөндүгүн айтат: Ал убакта жаш элем, эгиз балдарым да кичинекей. Сарайда кой бакчубуз, күйөөм болсо айылга кеткен, мазарга жакын турабыз. Ошентип боз үйдүн ичинде отурсак, боз үйдүн жанында чоң Буура кырч-кырч этип турду. Мен болсо азыр үйдү кулатат деп коркуп турдум. Анан бир убакта күйөөм келди, мен болсо ушинтип биздин үйгө чоң буура келип туруп алды, биздин совхоздо буура жок болгондуктан адашып келип калса керек десем, жок сага Ак тайлак келген деди. Анан мен эшикке чыкпаганыма аябай сүйүндүм.

Аталган мазарга карата тура эмес сүйлөгөн, же туура эмес мамиле кылгандардын оозу-мурду кыйшайып калган учурлар көп болгон.

33. Бака терек

Чоң Кара-Буура айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – бака терек жана булак. Мазар айылдан обочодо жайгашкан. Бака теректин берирээк жагында булак бар. Ал булак цементтелген кудук ичинде. Кудук тегерек. Ичинде чоң-кичине ар кандай таштар жана узундугу 1 метрге жакын болгон темир шаты бар.

34. Мазар булак

Тамчы Булак айылы

Кароолчусубар – Алымбекова Гүлжамал

Мазардын түрү – булак. Тамчы Булак айылынын эң аягында Дардаңов Мирлан атындагы көчөсүндө, Алымбекова Гүлжамал эженин үйүнүн башында болжол менен 100 метр алыстыкта Чывыр деп аталган дөң жайгашкан. Ошол дөңдүн боорунда Тамчы булак мазары жайгашкан (Гүлжамал эже ал мазарга кароолчулук кылат). Тамчы булак мазары менен Мазар булак мазарынын аралыгы – 100 метр. Ошол дөңдүн боорунда 11 көз бар экен, ошол көздөрдөн суу чыгып, булак пайда болот. Ал эми Гүлжамал эжелер булактын суусу үйдүн жанына чейин аксын үчүн ошол дөңдүн боорунан баштап арык казышкан.

35. Сайдагы булак

Бакыян айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Бакыян айылынын Усупбай уулу Сарымсак атындагы көчөсүнүн түштүк жагынын эң башында бир дөңдө жайгашкан. Дөңдүн капталына атайын түтүк орнотуп коюшуптур, ошодон булактын суусу чыгып турат. Дагы бир өзгөчөлүгү – булактын суусу аябай туздуу келет. Айылдагы элдердин көпчүлүгү ошол булактан суу алып ичишет. Булактын суусу арыкка куюлуп, батыштан чыгышты көздөй агат. Айылдыктар бул жерде жылына эки жолу кудай тамак өткөрүшөт. Бул булактан кээ бир адамдар ак жылаан көрүшкөн экен, ошондуктан ээси ак жылfан деп коюшат.

36. Шамчырак (экинчи аты – Тегирмен)

Тамчы Булак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак жана тегирмендин урандысы. Аталган мазар Тамчы Булак айылына чыгыштан батышты көздөй кетип бара жатканда айылдагы жолдун оң жагында, башкача айтканда Тамчы булак мазарынын кароолчусу Алымбекова Гүлжамал эженин үйүнүн карама-каршы жагында, болжол менен 800 метр алыстыкта жайгашкан.

Түндүк жагында Эчкилүү тоо бар. Жанында болсо мурда курулган тегирмендин орду бар. Ал жерде тегирмендин бузулган дубалдары, таштар жатат.

Оозеки тарыхы

Качандыр бир кездерде ошол жерлердин баары там болгон экен. Анан Кировка суу сактагычы ошол жерлерди каптап кеткендиктен, тамдын баары, тегирмен да бузулган экен. Шамчырак булагынын суусу болсо жанындагы чыгыштан батышты карай аккан Талас суусуна куят. Ал эми булактын суусу түштүктөн түндүктү көздөй агат.

Бул мазардын жанында мурда тегирмен болгон. Ошол тегирменден бүлбүлдөп күйүп турган шамчыракты көргөндөр болгон экен. Ал шамчырак касиеттүү адамдарга гана көрүнгөн. Ошон үчүн мазар Шамчырак деп аталып калган.

37. Асанбай

Ак жар айылы

Кароолчусу жок, айылдын сопусу көз салып турат

Мазардын түрү – мүрзө. Мазар Ак жар айылынын түндүк-чыгышында орун алган. Айылдык мүрзө экен. Жанында эски мечит бар.

38. Тегирмен таш

Үч булак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Бул Тегирмен таш булагы Үч булак айылындагы кыргыздар менен күрттөрдүн аймагынын чектешкен жеринде орун алган. Эң акыркы кыргыз атуулунун огородунун аягында, мазардын нары түндүк жагында күрттөр отурукташкан. Алардын мазарга тиешеси жок.

Тегирмен таш мазарында эки таш жана булак бар. Биринчи таш менен экинчи таштын аралыгы 7 кадам, ал эми булак болсо экинчи таштан 3-4 кадам алыстыкта жайгашкан. Биринчи таш менен экинчи таш бири-бирине окшош, себеби дегенде ал эки таштын тең ортосу тешик, оюк, көлөмдөрү бирдей, келбеттери бирдей, тегерек. Эки таштын тең беттери жалпак. Тегерегинде кара талдар, теректер бар. Эки таштын ортосунда 2 терек бар.

39. Кара молдо

Чоң Кара-Буура айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – таш. Мазар айылдын түштүк тарабындагы тоонун чокусунда жайгашкан. Таштарды үйүп, ортосуна чыбык сайылган. Кытайлар белги салып кеткен деп элдер айтышат.

40. Ак мазар

Чоң Кара-Буура айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – арча. Мазар айылдагы Кара моло булагынан 1 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал тоонун үстүндө эмес, сайдын боорунда жайгашкан. Ал жалгыз эле арча жылаанга окшоп өскөн. Айланасында андан башка эч кандай тал-теректер кездешпейт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>