Бакай-Ата району

This post is also available in: Англисче, Орусча

1  2 3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”
(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

1. Кара-Коюн үңкүр

Үрмарал айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – үңкүр. Чоң-чоң сары таштар, төбөсү оюк кара таштар жолдон 10-15 метр бийик турат. Үңкүрдүн оозунда узундугу – үч, бийиктиги – бир, туурасы – бир жарым метрдей таш турат. Үңкүрдүн бийиктиги үч метрден улам жапыздай берет. Бир тешик Беш-Таштан, экинчиси Көк-Таштан чыгат дешет.

Үңкүр жолдон 15-20 метрдей бийик, үстү бүт тоо, ичинен үч жеринен суу тамып турат. Суу туздуу, үңкүрдүн ичи караңгы. 1950-жылдардагы жер титирөөдө үстүнө кулаган таштар чоң-чоң болуп үңкүрдүн жанында жатат.

2. Кызыл нуура

Боо Терек айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – дөбөдө орун алган курулуш. Ал Боо-Терек айылы бүткөндөн кийин түштүктү көздөй басканда бир жарым-эки гектардай жерди ээлейт. Ал жердин ортосунда бийик дөңсөө орун алган. Айланасы айдоо жер. Дөңдүн үстүнө кирпич тургузулган. Боо-Терек мазары менен эле катар пайда болгон дешет.

3. Боо-Терек

Боо-Терек айылы

Кароолчусу бар – Эшалиев Сагынбек

Мазардын түрү – терек жана булак. Боо-Терек айылы бүткөндөн кийин мазар нары 100-150 метр өйдө жайгашкан. Жол боюнда чоң-чоң теректер бар. Батышты көздөй басканда оң жак бетте жайгашкан. Жаныбек баатырдын күмбөзү бар, чычырканактар өтө көп. Чоң-чоң теректердин түбүнөн суу чыгат. Бир теректен үч эгиз булак агып чыгат. Бир гектардай жерди кучагына алат.

Оозеки тарыхы

Мазар Ключевка (Ак-Дөбө) айылына жакын жайгашкан, азыркы Боо-Теректин архитектурасы кызык. Анын архитектуралык композициясы дээрлик Манас күмбөзүнүкүнө окшош – дейт окумуштуу Бакыт Аманбаева.

Мазардын кароолчусу Эшалиев Сагынбектин айтымында Боо-Терек бул олуя киши болгон. Ал ушул жерде жашаган. Анын бою – 5 м., туурасы – 1.5 м, салмагы болжолу эки тоннага жакын болгонун кеп кылышат. Боо-Теректин агалары Адамия ата, Калпа ата, Бозтектир ата, Бостун булак ата, Баба ата менен Бача ата мазарлары Чаткалда жайгашкан, Боо-Терек ата ушу жерде каза болуп, ушу жерде коюлган. Боо-Терек атанын мүрзөсүнөн көп алыс эмес жерден чыккан терекке эл сыйынып баштап, бара-бара бул жер мазар болуп калган. Кийин СССРдин убагында орус киши ушу теректи кыйганда, дүйнө менен кош айтышкан. Буйрук берген кишинин эки баласы каза болуп, өзү акылынан айнып калган – деген маалыматын билдирсе, Б. аттуу башка бир адам кийинчерээк бир түрк кой жайып жүрүп, бир бутагын кесип алганда кан дыркырап чыккан экен. Ал киши коркуп айылына барып кудай тамак өткөзгөн экен. Ошо күндөн баштап, мазарга элдер көп келе баштаган экендиги жөнүндө баяндады.

Көзү ачык Кожобекова Бурул эже: «Боо-Терек атанын Наристе деген булагы бар. Ал булактын ичинде 124 пайгамбар ата, 328 наристе бар. Андан кийин мүрөк суу аккан теректин түбүндө Манастын апасы Чыйырды бар, ошол жерде такай отурат. Барганда ниет кылып тамчылаган суусунан ооруган буту-колуңа тийгизсең, бат эле айыгып кетесиң» – дейт.

4. Кырк кыздын үңкүрү

Маданият айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – үңкүр. Мазар тоонун боорунда орун алган. Тоонун өзу катуу таш, цемент сыяктуу нерселерден турса да, кол менен (эч кандай техникасыз) арыкты тоонун капталы аркылуу алып жүрүп олтурушкан. Казган оюкчаны кайра суу жырып кетпес үчүн сыртынан кайра таш менен кынаптап жаап коюшкан. Казган арыктары 15 чакырымга созулат, бийиктиги – 0,5 м. Жолдун оң тарабы – сай, өзөндө чоң Үрмаралдын суусу агат, суунун тегерегинде бак-дарактар жыш жайгашкан, суунун аркы өйүзүндө да бийик тоо орун алган.

5.  Келин таш

Маданият айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – таш. Мазар айылдын жанындагы жолдун оң жак тарабында, өзөндүн суусунун жанында жайгашкан, анын жанында аскалуу тоо, бак-дарактар орун алган. Анда бир илээки кийген келиндин сөлөкөтүндөй таш турат.

6. Арчалуу

Маданият айылы

Каракоюн капчыгайы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – арча. Мазардын бийиктиги – 28 метр, ал тоонун чокураак жеринен орун алган, 7-8 метр бийиктиктеги жалгыз арчанын түзүлүшү кадимки арчадай эмес, жайылып өскөн б.а. жапалак арча деп да коюшат. Ал мындан нечен жыл мурда эле бар экен. Андан, тоонун этек жагындагы жердин алды менен өткөн тамырынан 15 кичинекей арча өсүп чыккан. Жалгыз арчанын түп жагындагы тамырлары жоон-жоон болуп каркайып сыртка чыгып калган.

7. Чат

Наматбек айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – терек. Айылдын үстү жагында жайгашкан, түштүк жактан орун алган. Жанында агын суу бар, бирок тилекке каршы, мазарда теректин өзү азыр жок. Анткени Совет убагында атеизм күчүндө болуп турган кезде бүбү-бакшылар барып сыйынып жүрүшкөндөрүн көрүп, теректи өрттөп салышкан. Азыр өрттөлгөн орду бар, ошол жак аябай күлдүрөп–шалдырап сүрдүү туюлат, бирок азыр ал жакка көп деле эл каттабай калган.

8. Калпа ата

Миңбулак айылы

Кароолчусу бар – Турумтаев Батыралы

Мазардын түрү – күмбөз жана булак. Ал Миңбулак айылынын түштүгүндө 3 чакырым алыстыкта жайгашкан, тегерегинде элдин үлүш жерлери курчап турат. Мазардын жанында 9 булактын көзү бар. Булактардын суусу көз, баш, ашказанга шыпаа. Жалпы аянты үч гектарды ээлейт. Тегереги эл тарабынан зым тор менен курчалган. Ичинде Калпа атанын күмбөзү жана башка маркумдардын жайлары бар. Эл тарабынан там салынган. Турумтаев Батыралынын атасы алма, өрүк, мөмө-жемишин тиккен. Эми Турумтаев Батыралы өзү багып, карайт, чөбүн өзү чаап алат, жер-жемишин го мазарга келгендер жешет. Ал жер жалпы элдики, бирок айыл өкмөтүнүн карамагында.

9. Сейтаалы

Миңбулак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – күмбөз. Мазар айылдын үстүндө, батыш тарабында жайгашкан. Айылдан мазарга чейинки аралык – 1,5 чакырым. Корукка алынган Сейтаалы атанын жайында күмбөз тургузулган, тегерегинде агынай уруусунун мүрзөлөрү орун алган, өзү да агынай уруусуна таандык экен. Баары 1,5-2 гектар жерди ээлейт. Бул мазар Калпа ата мазарына катар жайгашкандыктан, көбүнчө бул мазарга куран окуп, зыярат кылып анан Калпа ата мазарына өтүшөт.

10. Төрткүл

Миңбулак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – дөбө. Төрткүл мазары айылдын ичинде жайгашкан. Айылдын башынан Төрткүлгө чейинки аралык – 1,5 чакырым. Төрткүл мазары 2,5-3 гектар жерди ээлейт. Эч кандай курчалган эмес. Бул дөңсөө түрүндөгү мазар, бийиктиги – 2,5 метр. Оң жак тарабында арык агып өтөт, андан ары айылдын үлүшкө берилген жерлери.

11. Ак дөң

Орловка айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – дөбө жана булак. Ал айылдын башында, кырмандын өйдө жагында жайгашкан. Мазар айылдын үлүшкө берилген жерлери менен курчалган, корукка алынган эмес. Мазар дөңсөө түрүндө 1,5-2 метр бийиктикте, андан бери 50 метр аралыкта жалгыз терек өсүп турат, түбүндө булактан суу чыгып турат. Элдер дөңгө келип куран окуп, зыярат кылып, бери келип булактан суу ичишип, шам жагышат. Ак дөң 50-40 сотук жерди ээлейт.

12. Алтын булак

Орловка айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Орловка менен Кызыл сай айылдарынын кесилишиндеги токойдун ичинде жайгашкан. Токойдон киргенден баштап, 200 метр аралыкка жеткенде булак бар, ал бирөөлөр тарабынан зым менен тосулган, картонго «Мазар» деп жазылып коюлуптур. Мазардан 30-40 метр нары Үрмаралдын суусу агат.

13.  Үч терек

Орловка айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – терек. Үч терек мазары Эчкили тоосунда орун алган. Айылдан Үч терекке чейинки аралык – 3-3,5 чакырым. Азыр үч терек эмес, тегерегинде жаш теректер көбөйүп калыптыр, бардыгы он үчкө жетет. Тегерегинде эч кандай суу жок. Картаң теректердин кулачы 5 кишинин кулачындай көлөмдө. Тегереги аябай таза.

14. Кырк булак

Орловка айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Бул мазар айылдын эң башында, ГЭСтин жанында жайгашкан. Тегерегиндеги 2 сарай түндүк-батыш тарапта орун алган. Булактын саны 40ка жетпейт, 18 булак бар, алардын кээ бири катар, кээлери ар кандай жайгашкан.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>