Ар кандай ырым-жырымдар

This post is also available in: Англисче

[Бул интервьюлар Талас  аймагында 2005-07-жылдары Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Сууну баштан  айландырган ырымы

Эралиева Шейшен, жашы 74: Балдар армиядан, же догдурдан чыгып келгенде, баштан суу айландырып чачылат. Ошол ооруусу, жолдон жабышкан жаман нерселер  суу менен кетсин,  суудай таза болсун деп. Келген адамды эшиктин алдынан эле үйгө киргизбей,  чоң чыныга суу  куюп келип, башынан үч жолу айландырып “менин колум эмес, Батма Зууранын колу” деп, “балакет-салакет, илешкен  шайтандар кетсин” деп өзүн үч жолу түкүртүп, алыс көчөгө сууну чачуу керек. Ырымдалган адамды  артын каратпай үйгө киргизүү зарыл. Кылчактап карабаш керек. Жаман нерселер кайрылып келет анда. Чыныны талдын түбүнө үч күн көмөрүп коюулат. Анткени чыны  жылдыз көрүшү керек. Жылдыз, түн да жакшы нерсе. Үч деген жакшы сан деп айтпадымбы. Жамандык узап кеткенден кийин, чыныны алып кийрип коёт. Бул ырымды мен отуз жылдан бери аткарып келатам.

Жаман түш көрсөм агын сууга айтам

Мамыржан Аттокуров:Ден соолук үчүн, үй-бүлө тынчтыгы үчүн ырымдар аткарылат. Жаман түш көрсөм агын сууга барып айтып ырымдайм.   Жаман нерселердин баары ушул жаман түш менен агып кетсин, аркамды карабай кете берем.

Кечинде ак берилбейт

Эралиева Шейшен, жашы 74: Тили чыга элек баланын кийимин эшикке калтырба, караңгыда күл төкпө, аял киши түндө эшикте жүрбөйт, нан, айран, сүт, ун түндө бербе деген ырымдарды билем.  Кечинде берилсе,  береке-ырыскы, жакшылык да кошо кетип калат дейт элибизде.

М: Мал берсе бирөөгө, баш боосун кайра алат. Анткени короодо мал жок калбасын, жибибизди алалы дейт. Дагы бир нерсе,  тойго же кудага мал  алып барса да, жип менен бирге акча кошуп берет,  ырымын кылып. Себеби малды да бекер бербейт. Жок дегенде ырымын кылып, кичине тыйын берип коёт.

Бычакты кырынан коюу – жамандыктын белгиси

Ракыя Ташмамбетова: Бычакты кырынан койсо – жамандыктын белгиси.  Мийизи көктү карап турган үйдө , бычакты курчутканда мал көп өлөт дешет.

Беймаал уктаса эмне болот?

Ракыя Ташмамбетова:Шайтан аттайт. Шайтандар түнкүсүн көбүрөөк чогулат. Беймаал келе баштайт, үстүңдөн аттап өтсө, сен да шайтандап каласың деп ырым кармайт.

Така – байлыктын белгиси

Ракыя Ташмамбетов: Таап алган же бир түгөйү жоголуп кеткен такаларды эшикке кагып койсо, байлык, береке кирет деген ырым бар.  Эски така жакшы, анткени көп нерсени көрдү, көп жерди басты.  Эшикке же дарбазага өйдө жагына, ачык жагын өйдө каратып кагат.  Үй ээлери да ошондой кең пейил, ачык, март болсун деп ырымдашат. Така  кол жайып,  баардык нерсени күтүп тургандай элес берет. Аны таап келген киши же үйдөгүлөрдөн бирөө кага берсе болот.

Өлүк чыкса мык кагат

Ракыя Ташмамбетова: Кадимки эле мыкты бир үйдөн катар өлүк чыкса кагып коёт. Арты бекем болсун мык менен тосуп койдук   деп. Мүрзөгө да кулпуну таштап коёт. Артынан дагы эч кимди алып кетпеси кулпулап коёлу деп. Ырымын жасап койсо, натыйжасы жакшы болот.

Шыпыргыны өйдө тургузбаш керек

Калманбетова Айгүл: Шыпыргыны өйдө тургузганда, душман көтөрүлөт деп айтылат. Таштандыны үйсө, бирөөгө өлүм тилеген болосуң деп айтылат. Ырымды жакшылыка тилеп койсо, ошондой буйруйт.

Сөөлдү буудай, жыландын кабыгы, картошка менен жоготом

Калманбетова Айгүл: Мен сөөлдөрдү буудай, жылаандын кабыгы,  картошка менен да ырымдайм. Жети даана буудай алдырып,  сөөлгө тийгизип,  өзүмдүн сөздөрүм бар,  аларды айтканга болбойт, ошолорду окуп, ырымдап буудайды сууга чачтырып жиберем. Суу менен кошо алыс агып кетсин деп. Анан дагы бир ыкма картошканы сөөлгө тийгизип, аны  тең экиге бөлүп алып,  аркаңды карабай кет дейм. Анан дагы  айга көргөзүп,  тамдын башына ыргытып жиберем, картошка куураганда сөөл да түшөт. Өзүнүн ырымы ошондой. Жылаандын кабыгын берсе да болот. Өзү эч билбеш керек,  тамакка кошуп берип койсоң,  сөөл түшүп калат. Мында кандай касиет бар экенин да билбейм.

Аластоо эмне үчүн жазалат?

Клара: Үйгө киши-кара келет, үй оорлойт, бала чакаң да ооруп калат. Арча тазалыктын белгиси,  жыттуу,  анан аластап койсоң жеңилдеп каласың. Жаңы жылда, Ноорузда да үйдү ысырыктап койсо жакшы. Бул ырымдарды чоң энелеримден көргөм. Анан түшүмдө тазалап тур,  арча түтөт деп айтылган.

Суу бүркүү ырымы

Үпөл: Умай эне айткан мага суу бүркүп,  дем сал деп”.

- Сууну кантип бүркөсүз?

- Таза сууну кадимкидей эле келме келтирип, оозума жутуп,  анан үч жолу бүркөм. Үч күндө жакшы болуп калат.

Көзгө конок конгондо

Аттокурова Кумар, жашы  85: Мен көзгө мейман конгондо эч нерсе колдонбой эле ырымдайм.  Келмени айтып “лаа иллохо илла ллоху, Мухаммед  расуллоло” деп . Үч жолу. Үч деген да ыйык сан. Көздүн ичинде ак бир нерсе пайда болот. Конок келген экен,  конок келди, мейман койду деп коёт. Ал көп жүрөт, оңой менен кетпейт.   Үч маал үч күн үйлөйм.  Эртең менен түштө, кечинде. Үч күн үйлөсөм жакшы болот.

Балээнин баары бут кийимде

Эркин Чомоева: Конокко барганда, дайыма даам татпай туруп биринчи барган үйдүн арбактарына деп куран окуйм.Үйдө эркек киши бар болсо ага окутам, жок болсо өзүм окуйм. Дагы бир карманган ырымым – эч кимге баш кийим бербейм. Бут кийимди тебелетпейм, бир жакка барганда дайыма алып коём.

Жаман түш көргөндө күл менен ырымдаса болот

Эркин Чомоева: Жаман түш көргөндө, аккан сууга айтам, аябай жаман түш көрсөм күл менен ырымдайм. Пиялага күл салам, башыман айландырып, жаман балээден алыс бол деп пияланы жерге коюп, жанына газета коюп коём да, бутум менен пияладагы  күлдү төгөм. Анан газетадагы күлдү аккан сууга алып барып таштап,  тескери басып кетем.

Ошондой эле адам киринелеп калганда, күл менен ырымдайм. Биринчи даарат алам, анан таза күлдү алып пиялага салып, бетине кол арчыны жаап, оң жактан баштап бир күндө 3 жолу, 3 күн дем салам. Күлгө 7 даам салуу керек. Туз ачуу, ошондуктан  кирине ачуу менен чыгат. Күлүн сууга агызам, анткени дүйнөнүн 4 бурчундагы эң таза – бул суу.

Жер тандап басыш керек

Эркин Чомоева: Жер тандап басам. Ар кандай таштанды төгүлгөн жаман жерлер менен баспаш керек. Ал жерде шайтандар ойноп турат. Бут кийимди дайыма таза алып жүрүш керек.

Жаңгактын жолу өзүндөй катуу

Орозова Саткынкыз,  69-жаш,   Бакай-ата айылы: Жаңгакты да эч ким тикпейт. Аны тиккен киши эрте өлүп калат экен. Менин абышкам тиккен да, эрте кетти. Жаңгактын жолу өзүндөй катуу экен. Мен ишендим, жаңгак тиккендерди мөмөсүн жедим деген бирөөнү да уккан жокмун. Гүлдөгөнүн да көрүшпөйт.

Мал союу ырымы

Дооронбеков Токтогул, 89-жаш, Таш –Кудук айылы: Малды кыбыланы каратып, келме келтирип,  алланын жолуна деп  курч бычак, оң кол менен соесуң.Оң кол менен сойгону,  адал болсун дегени. Малдын да жаны оңой чыгат,  кыйнабаш керек. Азыр той-ашта мал сойбогула деп жатпайбы? Ал туура эмес, куран окулат да. Келген эл ачка жүрөбү? Бул –  кыргыздын керектүү ырымы,  илгери өлүк чыккан үйдөн коңшулар алып кетчү.  Жан чыкканда адамды деле мууздап алып кетет экен. Кан керегеге чейин чачырайт дейт. Азыр бул заманда эч ким тамак бербейт, айла жок өзүң соесуң. Чынында бул ырымды кармаш керек болчу.

Үй аластоо ырымы кандайча аткарылат?

Алтынгүл эже:Ар бир төртүнчү күндөрү үйдү аластап туруш керек. Үйдөгү жаман нерселер, ооруу-сыркоолор болбосун деп. Тарелкага арчаны салып алып, ширенке менен күйгүзүп туруп,  анан өчүрүп “Алас-алас, ар балээден калас.  Шайтан-шабыр болбосун, үйгө жакшылык келсин, көздөн, сөздөн сактасын деп аластайм.

Илешкерди жөнүндө

Бейшеналиева Асылбү, жашы 58: “Бир жолу башымдан өткөнүн айтайын. Улуу кызым кичинекей кези, эжемдикине барганбыз, анын кызы сийип койчу, ошонун оордуна жаткырып коюптурмун. Үйгө келгенде эле менин кызым сийип калса боло.  Бир күнү уктап бара жатсам эле, кызымдын башында чачы уйпаланган, көк халат кийген бир аял олтурат. Көрсө, илешкер экен да, кызым чоочуп эле, сийип койчу тура. Атасына айттым “эжемдин кызынын оордуна кайра алып барып, жаткырып кел” деп. Жаткырып келээри менен илешкери  калып калды.  Ал учурда кызым 4 жашта эле. Ырымын кылса  эле кайра өзүнө кайтат. Эң кызыгы кошунамдын небереси көчөдө эле сийип жүрчү. Анан   жанагы кызымдын кызы  шаардан келген. Көчөдө ойноп жүргөндө   тиги кошунанын небересинин колун кармап койгон экен, менин жээниме  өтүп кетиптир. Эми жээним сийип калды.  Мен таң калып жатам, мындан 26 жыл мурда энеси ушундай болсо, эми кызы да ошондой абалга түштү. Тигил бала болсо сийбей калбадыбы. Эми жээнимди тигил баланын далысын чаптырып коеюн деп жатам”.

Эркин Чомоева: Бар балээнин баары бут кийимден башталат. Буттан илешкерлер илешет. Бут кайсы жерди гана баспайт. Ошондуктан бут кийимимди тебелетпейм.

Күл денени тазартабы?

Бейшеналиева Асылбү, жашы 61: 26 жылдан бери күл менен ырымдаймын.

Анткени ал жалындап күйүп жаткан оттон чыгып жатпайбы, ошондуктан  жаман нерселер күйүп калат, эң таза болуп. Денедеги назарды күл менен жууса, денедеги тешиктер ачылып, ооруп жаткан  бала эс алат. Бул ырым үч жолу жасалат. Эртең менен эрте,  анткени күл таза, эч ким аны тебелеп-тепсей электе. Чыгарып жаткан жерден эле ырымдайм. “Менин колум эмес, Умай Эненин колу” деп коём, ырымдагандан кийин бала  жакшы болуп калат.

Камчы менен ырымдоо ыкмасы

Калманбетова Айгүл: Камчыны тийгизип, чаап-чаап шайтандарын, оорууларын кубалайм, жакшы болуп калат. Боюнда барларды ырымдап койсом, жакшы болуп калат. Соопчулук үчүн аял кыйналып турганда,  каерден болсо ошол жерден камчы менен ичин өйдө-өйдө көтөрөм. Камчы менин жардамчым. Камчым жок  мен киши эмдей албайм. Камчыны чоң атам Меккеден алып келген. Калманбетов Асанбек деген киши,  азыр шаарда киши көрөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>