Ымыркай-наристе балдар үчүн ырымдар

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервьюлар Талас  аймагында 2005-07-жылдары Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Жаңы төрөлгөн баланын кыркын чыгаруу ырымы

Эралиева Шейшен, жашы 74: Бала төрөлүп келгенден кийин  кырк күндө  кийин  энеси тыңыды деп кыркын чыгарат. Ириде кырк кашык сууга кырк тоголок туз салып,  баланын эч жерин калтырбай ар бир мүчөсүнө тийгизип, толук киринтет. Чачын, тырмагын алып,  биринчиси деп катып коёт. Катып койгонунун себеби –  бала кайрымдуу,  тартиптүү болсун деп ырымдап. Бул ырымды жасоодо тегеректеги улгайган беш-алты кемпир чакырылат. Бизде ушундай. Ал эми  Ошто болсо келиндин энеси  догдурдан эле үйүнө алып барып, кир жуугузбай карап, тыңытып,  кыркын чыгарып,  анан үйүнө алып келип таштайт экен”.

Бешикке бөлөгөндө чүкө салынат

Эралиева Шейшен, жашы 70: Балага  эки-үч ай болуп, торолуп калган кезде  бешикке салынат. Бешикти баланын ата-энеси даярдайт. Айылдагы абалы  жакшы энелер чакырылат. Ошолордун балдарындай болсун деп ырымдап. Илгери жетишпеген заманда бешик тоюн куттуктап, ар ким колунан келгенин, т.а. мата, жоолук алып келип бешиктин кем карчысын толуктаган. Анан бешиктин ичине үч,  беш, же жети чүкө салып, ары бери силкип, “солбу” деп сураганда “оң-оң” деп жооп беришет. Чүкө байлыктын белгиси. Так эмес сан кыргыздарда – ыйык. Баланы олтургузганда деле так эмес жашында олтургузат. Ал эми солгобу дегенде, оң-оң дегени баардык иши оң болсун дешет. Бешикти аластап, башына нан же кайчы, бычак коюп коёт. Кайчы – кыздарга иштүү болсун,  бычак –  балдарга курч уста болсун деп коюушат. Кыздарга күзгү да салат, каранып жүрсүн, сулуу болсун деп. Нанды башына койгону – нан улук,  баш да улук. Баланы бешикке салып, ороо-чулгоосуна таңат. Бешикти баланы бөлөгөн кемпир минип алып,  кыбыланы көздөй “меккеге-меккеге” деп кыйкырат. Башка кемпирлер “токто, токто” дешет. Негизи бала энени жонуна көтөрүп алып, меккеге жети жолу жөө барып келсе да, эне сүтүнөн кутулбайт дешет. Бешикке мингени – баланы мингени. Меккеге дегени бала кийин чын эле ушинтип меккеге алып барып келсе деп кыялданганы, тилеги. Баланын энеси бешикти көтөрүп алып, элге үч жолу жүгүнөт. Ак сакалдар бата берет. Жасалган ырымдарды  наристе таза сезим менен кабыл алып, эр жеткенде аткарсын деген тилек.

Клара: Бала торолуп,  бир-эки ай болгондо айылдын ардактуу, көп балалуу кемпирлери келип арча бешикти аластап,  ичине чүкө салып,  оңго-солго силкип,  төшөнчүлөрүн салып ичине чачыла чачып, жаздыгынын алдына бычак жаздап коет. Баланы оң жагынан салып бөлөйт да,  камчы менен апалар бешикке минип алып, меккеге-меккеге деп айтышат. Баланын энеси бешикти көтөрүп элге жүгүнүп,  бата алат. Батанын канча күчү бар. Кыргызда сөз бар го “бата менен эл көгөрөт” деген.

Бешикке бөлөө салтпы же  ырымбы?

Алтынгүл эже: Бешикке бөлөө ырымы. Балага эки-үч айдан ашкандан кийин, бешикке салат. Баланы бешикке салаардын алдында бешикти даярдайбыз. Даярдаганда бешикке арча түтөтүп, аластап, беш чүкө салып оң, сол дейт, бешикти сары май менен майлайт, анан баланы бешикке салат. Баланы салып. таңып бешиктин үстүнө жети кабат жабып,  үстүнө минип увалик менен меккеге кеттик меккеге деп үйдү айланат. Сары май менен майлаганынын  себеби, майлуу, сүттүү болсун дейт. Жети кабат жапканынын  себеби,  меккедеги жети таш.

Муну салт десек да, ырым десек да болот. Ырымды жазап бешикке бөлөп жатпайбызбы,  ал эми бешикке бөлөө илгертен бери келе жаткан салт.

Асан чакырып ат коюу

Ракыя Ташмамбетова: Баланы үйгө алып чыгып келгенде, асан айтып үйдөгүлөр акылдашып баланын атын коюушат. Кадимки эле Аллаху акпарды баланын кулагына үч жолу айтат. Атын болсо ошол жерде тургандарга угузуп айтат. Бул ырымдын себеби, акыры баарыбыз тигил жайга кетебиз да, ошол жактан баланча деп айтышат.

Асан чакырбай эле ат койсо болобу?

Үпөл: Жок,  олуялар, кайыптар,  периштелер,  жети арбактар, мусулмандан тарагандан кийин мусулман кылаар бекен, бул мусулмандын аты  ким болоор экен деп тыңшап турат. Алар  эмне иш кылды, жаманын,  жакшысын баарын аты менен жазып турат, тактап. Башка  улуттарда антпейт,  ал эмес кээ бир кыргыздарда мындай жакшы ат деп кое берет, ал туура эмес. Асанды молдоке айтат, баланын кулагына шыбырап,  атын үч жолу айтат.

Атына жараша заты

Дооронбеков Токтогул, 88-жаш, Таш –Кудук айылы: Кээ бирлер көз тийбесин жаман кара чоң мурун дейт. Ал туура эмес, балдар шылдыңдайт. Кээси  пайгамбарлардын атынан коет: Мухаммед, Ыдырыс, Сулайман, Мамбет деп теңтуштары сөгөт, тилдейт. Бул пайгамбарларга тийет да. Ушул жашка келип,  пайгамбарлардын атынан коюлгандардын көп жашаганын көргөн жокмун. Орустун аттарын да койбош керек. Жакшына кылып,  асан чакырып китептеги аттарды коюш керек. Мен өзүм эле айтам “алланын кулусуң, мухаммедин үммөтү, аллоох акбар” деп үч жолу айтам. Асан айтып ат койбосо, кийин каза болгондо жаназа буйурбай калат. Жаны узак болсун деп Жанызак, бактылуу болсун деп Бактайым ж.б.у.с. Дагы мындай ырым бар. Эгер баласы улам эле чарчап калса, ырымдап баланы бирөөгө берип,  кайра сатып алат. Ошондо бала токтойт. Атын да Сатыбалды, Сатылган, Саткын ж.б деп коёт. Кээси  ооруканадан, терезеден алып чыгат,  атын Тургун, Турсун ж.б деп коёт”.

Бала сактоо ырымы кандай аткарылат?

Ракыя Ташмамбетова: Баланы,  анын энесин экөөнү  бирдей сакташ керек. Наристе баланын аман-эсен болуусуна, жаңы төрөгөн эненин дени сак болуусу үчүн элден бата алынып, жентек той өткөрүлөт. Тойго коңшулары,  жакын адамдар баланы көрөлү деп келишет. Бир гана койдун моюнун эч кимге бербей, сындырбай бышырып, баланын энесине жегизет. Анткени баланын моюну ката электе, тойдо бышырылган моюнду    энеси этият кемирип,  ортосунан жип өткөрүп илип коет. Качан моюн катканда,  баланын да моюну катат. Эшикке же  бийик бутакка илип койсо  болот. Баланын да моюну токтойт. Баланын мойну токтогондо, 20-30 күндө сөөк да катат.

Жентек берүү

Үпөл: Бала жаңы чыгып келгенде,  наристенин ырыскысы көп болсун деп (тоокко деле жем чачат го), ошондой эле үйдүн бурч-бурчуна да чачып коет. Кадимки биз улук деп жүргөн буудай куурулуп, тегирменге тартылат. Мурда жаргылчакка тартчу эле,  анан ага сары майды,  кичине кумшекерди аралаштырып коет”.

Наристенин далын ачуу, эмгегин майлоо

Аттокурова Кумар, жашы  85: Далы ачам, көз үйлөйм, келин алууда да көп ырымдар бар, шам жагам.

Сары май – ыйык май

Аттокурова Кумар, жашы  85: Өзүнүн ырымы боюнча далыны  кол менен сыдырып-сыдырып, ушалап, май сүйкөп акырын ачам. Сыймалак майдай,  ийкемдүү болсун, жеңил ачылсын деп. Үч жолу кармайм үч күндө бир. Азыраак жармашса, эки кармайм, жакшы болушуна карата да. Ортосунан үч токтотуп, кармабасаң бала көтөрө албай калат. Кайсы убакта келишсе карай берем,  анткени наристе кыйналып жатпайбы . Эртең менен кел деген болбойт. Баланын эмгегин да май менен ырымдайм. Баланын эти ысыганда,  баланын эмгегине күч келет. Жумшакта солкулдап ооруйт. Эки же үч жолу сары уйдун майы менен ырымдаймын. Ал Умай Энеден калган ыйык май.

Жаңы төрөлгөн баланы сары май менен оозантат

Байыз эже: Жаңы төрөлгөн бала больницадан чыгып келгенде, сары май менен оозантабыз. Бала бар болсун, майлуу, сүттүү  болсун деп. Анан кырк күн өткөндөн кийин кыркын чыгарабыз.

- Кантип кыркын чагарасыз?

- Кырк кашык суу куюп,  деңизден өткөн кишиге чачын алдыртып сууга жуунтасың.

- Эмне себептен чачын деңизден өткөн кишиге алдыртат?

- Кийин көзү кылый болуп калбасын деп алдыртат.

Тушоо кесүү

Тургун апа: Тушоо кесүү кыргыздын ырымы, ал эми өзүбектер өмүр кескен менен барабар деп кеспейт. Алар да өзүнчө ырымданышат.

Бизде  тушоо  кескенде бала турмушунда чалынбайт дешет. Бала бир жаштан ашып там-туң басып калганда, ата-энеси эл чакырып,  мал союп, дасторкон жайып тушоо кестирет. Баланын бутуна жип байлап, кыздар-балдарды чоң ата,чоң апаларын,  келиндерди чуркатып кестирет. Биринчи келгени жипти кесип,  баланы жетелейт. Чуркатканынын  себеби,  ушулардай күлүк болсун дегени, келгендин баары балага жолу шыдыр болсун деп бата берет. Кыргыздар негизи кестирбей калса, кийин турмушунда бир нерсе болуп чалынса эле ошого жооруй берет, мунун тушоосу кесилбей калган деп. Негизи мен кыргызмын дегендин  баары эле кестирсе жакшы болот. Колунда жоктор кестирбей калып жатпайбы. Ойго албай койсо,  эч нерсе деле болбойт.

Алтынгүл эже:

- Тушоону кимдер кесет?

- Тушоону жаш балдар, эркектер, келиндер чуркап келип кай күлүгү кесет.

- Эмне себептен?

- Себеби бала эрте басып, турмушунан, жолунан чалынбасын деп кесет.

- Тушоо кесүүдө эмне курал колдоносуз?

- Бычак, жип колдонот

- Алар менен эмне кылат?

- Жип менен баланын бутун байлайт, бычак менен кесет. Анан чуркап келип кескен бала, ошол баланы жетелеп, анан бычакты өзү алат.

- Эгер чуркаганда экөө тең келип калса кандай болот?

- Экөө тең келсе экөөнүн кимиси биринчи бычакты кармаса ошол алат.

- Чуркап келгендерге ырымдап бир нерсе береби?

- Ооба,  биринчи келгендерге ырымдап кескен бычакты берет. Калгандарга кичине бир нерселерди ырымдап берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>