Түлөө берүү

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Түлөө берүү деген эмне?

Түлөө өткөрүү – кандайдыр бир тилектин, максаттын кабыл болушун көздөө менен кудайга сыйынып, эл чакырып, тамак берүү.

Тарыхый жагынан алганда, «түлөө берүү – көбүнчө Алла тааладан жаан тилөө, жан-жаныбарлардын тирилиги үчүн ырайымдуулугун алууга жолдугун жасоо. Адатта, топ эл жандыктары менен бир жерге сыйынууга шарттуу орунга барышат. Кыбыланы жапырт мал-баш карап, жараткандан суранат. Курмандык чалат»[1].

Түлөө кандай аткарылат?

Зулпукор мазарында аткарылган түлөө

Түлөө кароолчунун үйүндө өткөрүлүп жатат. Кыргызчылык жолуна түшкөн Бурул өзүнүн эгиз бир туугандарына куран окутту жана аман-эсенчилик үчүн түлөө өткөздү. Түлөө өткөзүүгө 4 аял, кароолчу, шофёр бала катышып жатышты. Баары катарынан отуруп, койду кыбыланы каратып алышып куран окуп, бата кылышып, анан союшту. Бата кылынып жатканда баары көздөрүн жумуп алышып, батаны ата-бабаларына, арбактарга, шейиттерге, баабедин атага деп арнашты. Аялдардын баары ак жоолук салынып, узун юбка кийип алышкан. Бири-бирине болгон мамилелерин абдан аяр сакташты. Окуянын өтүшүндө эч кандай буюмдар колдонулган жок.

Түлөө эмне үчүн берилет?

Түлөөнүн ээси Бурулдун айтымында,түлөөнү өткөзүп жаткан себеби мындай: «Апамдын эгиз балдары бирөө төрөлөрү менен, бирөө бир жашка чыкканда кайтыш болуптур. Ушул убакка чейин билбептирбиз. Бутум-колумдун бир жери айыкса, бир жери ооруп, анын үстүнө өзүбүздүн кыргызчылыгыбыз болгондон кийин жүрө бериптирбиз. Анан өткөндө устатым келип калганынан «Ушундай мазарга чакырып жатат, неге чакырып жатканын билбейм, бирок ошо аян менен келдим» деп айттым. Зикир чалып, өзүбүздүн жолубузду жасап жатканда айттым. Ушул наристелерге көрсө каза болгондон бери куран окулбаптыр. Анан апама жүк болуп жатыптыр. Улам ар кайсы жери ооруйт. Анан ушул мазарга келип, куран окутуп кеткенден кийин жакшы болду».

Манас Ордодо өткөрүлгөн түлөө

Атасы, апасы, кыздары, келин-уулдары, таяке-жээндери, күйөө балдары, бөлөлөрү катышып жатышат. Алардын жашы 9 дан 70 жашка чейин. Маанайлары ачык, шайыр, көңүлдүү. өзгөчө Манас ата ордосундагы тазалыкка, сулуулукка суктанышууда. Манас атанын дүйнөдөгү улуулугун, баатырдыгын кеп кылышууда. Сырткы кийимдери жупуну. Коомдук статустары: мугалим, врач, айдоочу, пенсионер, үй жумушчулары, окуучулар, студенттер. Баары биригип 25 адамдай болот. Колдонгон буюмдары: идиш-аяктар. Окуя ушунчалык ирети менен өтүп жатат. Алгач түлөөканага кирип чай ичишти, анан козуга бата тилешип, союшту. Келиндери ичеги-карын артышты. Балдары күмбөздүн от жаккычтарына жардамдашып, от жагышты. Ал жерди башкарган Асыраалы чоң ата болду.

Түлөөнүн себеби

Түлөө өткөрүүчүлөр эл-журтка жакшылык тилеп, тынччылык болуусун кудайдан суранып, Манас атанын арбагына куран түшүрүп, жакшы ниет менен түлөө беришти.


[1] Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 279-б.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>