Ак кийүү

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Ак кийүү эмнени билдирет?

С.: Ак кийүү – бул кыргызчылык жолуна түшүү дегенди түшүндүрөт. Жөн эле адам ак кийе бербейт. Биз бөлөк адамбыз. Мисалы: адам өлгөндө төркүнү ак кийгизет го, биз деле ошондойбуз. Арбактар менен сүйлөшүп калабыз. Мазарларга барганда ар кандай ээлерин көрөбүз. Мисалы: тайлактарды, умай энелерди, 40 чоролорду. Алар менен теспе тартып сүйлөшөбүз. Ак кийинсе жакшы болот. Ак өңдүү кыргыздар аруулуктун, айкөлдүктүн белгиси деп коюшат. Анын сыңарындай эле биз дагы ак кийинип барганда жакшы нерселерди көрө алабыз.

Б.: Ак кийгенимдин себеби, ак жолго түшкөндөн кийин ак кийиш керек.

И.: Мунун эки жолу бар. Биринчиси Мекке, Мединага адамдар ажылыкка барып жатышпайбы, ошолор ак кийинип келип жатышат. Ак кийингендин себеби мен тиги жайга кеттим, же болбосо түбөлүктүү тиги дүйнөдөгү арбактардын катарына кошулдум деген мааниде айтышат. Ак деген сөз – өзү кудайдын аты. Мисалы, биздин кыргыздарда деле бар, тиги жайга кеткен адамдын денесине ак кепинди ороп, узатышат. Анан тирүүсүндө ак кийүү. Адамдар тирүү, улуу касиеттерге жолуккандан кийин ак кийинишет. Мен акка моюн сундум, түбөлүктүү тигил жайдын адамымын деген сөз. Алар элдин кишиси болуш керек, элдин жүгүн көтөрүп, жакшы жүрүш керек.

А.: Кожокмат деген баланы ак жолго салдым. Манас атанын күмбөзүнө зыярат кылып келе жатканда, анын көзүнө мен башкача көрүнүптүрмүн. Буга чейин башкаларга көрүнсө да болбой, ооруп жүрө берген экен. Мурун эркек кишини ак жолго сала элек элем деп, дем салып, бардык демдерди, дубаларды үйрөттүм, анан кудай тууралу айтып, үйүнө барып ырымдап бергенден кийин: «Эми сага уруксат, сен эми өз алдыңча эмдей берсең болот» – дедим. Ден соолугу да жакшы болуп калды. Алиге чейин жакшы, адамдарды айыктырып жатат, дем салат, аракечтерди койдурат.

[Ылдыйкы интервью Талас  аймагында 2005-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Бүбүлөргө ак кийгизүү ырымы

Орозова Саткынкыз, 68-жаш, Бакай-ата айылы:

Мал союп арбактар ыраазы болуш керек. Аларга куран окуп,  алланын ак жолуна түшүп жатасың деп кийгизебиз. Мазарда,  үйдө боло берет. Мен дайыма Бостектир атада өткөрөм. Бүбү боло тургандар ак матадан кийимди ченеп, тиктирип,  ак жоолук,  камчы,  баарын өзү алып келет. Мен көйнөгүн кийгизип, жоолугун башына, тесмесин мойнуна салып, колуна камчысын берем. Биздин кепинибиз ошол болуп калат.

Каза болгондо бизди деле ак матага оройт. Мен өлгөн жерге барбайм. Барсам үч күндөн кийин барам, ырымым ошондой. Тамак ичпейм, анткени  адам өлгөндө керегеге каны чачырайт. Аны адамдар кошо ичет деп коет,  бизге көрүнүп турат,  ошон үчүн ичпейбиз.

Үч, жети күн бүбүлөр эле барбайт,  башкалар бара берет. Бирок алар деле ал жерден тамак ичпеш керек,  ырымы ушундай. Оң жагынан жети үй,  сол жагынан жети үй түтүн чыкпаш керек. Аза күтөт да,  андан наркылары коноктош керек. Өлүктү 24 саатка жеткирбей,  ысыгында коюш керек. Себеби анын тили ката электе көмүш керек,  ал кудайга барып отчет берет. Өлүк көмүлгөнчө куран да окулбайт. Ал өлдү деп окуй берсе болот,  бирок денеси кете элек да. Картаң болсо ырымдап,  ушул жашка жетели деп жыртыш  жыртылат.

Ошол жыртышка нан, татты салынат да,  ар кимге берсе үйүнө барганда жөн эле жеп албай,  ошого атап куран окулат. Куран көп окулсун дегени”.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>