Арбактар менен сүйлөшүү

This post is also available in: Орусча

Арбактар менен сүйлөшүү

Бул киришүү Гүлмира Алдакееванын “Кыргыз маданиятындагы арбактардын «орду»” деген макаласынан алынган.
Макаланы толугу менен “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009, 280-288-бб.) китептен окуй аласыз.

Кыргызстандагы “арбактар менен сүйлөшүү” көрүнүшүн байкоо максатында 2006-жылы “Айгине” изилдөө борбору тарабынан Талас областында ушундай эле аталыш менен долбоор жүргүзүлгөн. Долбоордун максаты – арбактар менен сүйлөшүүгө өзгөчө жөндөмү бар адамдарга жана деги эле бул көрүнүшкө жалпы элдин мамилесин изилдөө жана салттуу маданияттагы кээ бир өзгөчөлүктөргө изилдөөчүлөрдүн көңүлүн буруу.

“Арбактар менен сүйлөшүү” долбоору эки башка изилдөө усулунун жардамы менен жүргүзүлгөн: биринчиси, арбактар менен сүйлөшүүгө өзгөчө жөндөмү бар адамдар менен кенен маектешүү, жана экинчиси, жалпы элдин айтылган көрүнүшкө болгон көз карашын сурамжылоо.

Кыргызстандагы учурда болуп жаткан исламдашуу процессинин таасиринен улам, кыргыздардын мурдатан келе жаткан салттары жана ишенимдери башкача аныкталып, “бутпарастык” деп аталып келет. Изилдөө тажрыйбасынан анык болгондой, башка салттуу көрүнүштөр менен бирге арбактар менен сүйлөшүү көрүнүшү “таза” ислам динин кармангандар жана “элдик” исламды кармангандардын ортосунда көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып келет. Келечекте түшүнбөстүктөрдү четтетүү максатында, “арбактар” түшүнүгүн аныктоону туура көрдүк.

Х. Карасаевдин аныктамасы боюнча, “арбак” бул, биринчиден, “жан”, “рух” деген сөздүн көптүк түрү, экинчиден, өткөн ата-бабанын урматы, ошолордун жанын ардактоо[1]. “Кыргыздарда өлгөн адамдардын бардыгы арбак болот, алар колдойт, маалымат беришет, Куран үмүтөтөт жана адамдардын арасында жашайт. Жөнөкөй адамдар арбактарды көрө албайт, бирок арбактар адамдарды көрүшөт”[2]. “Арбак” сөзүнүн араб тилинде болушуна карап, бул көрүнүш кыргыз маданиятына Исламдын таралышы менен келгендигин божомолдоого мүмкүнчүлүк түзөт.

“Таза” исламдын түшүнүктөрүндө арбактын бар болгондугуна ишенүү керек, бирок аларга сыйынып, алардан жардам сураганда ал “ширк”, башкача айтканда, Кудайга шерик кошуу деп аныкталат. Арбактар менен сүйлөшүү деген көрүнүш да бар, бирок ар бир эле адамдын жаны келип арбактар менен сүйлөшө бербейт. Андай мүмкүнчүлүк пайгамбар, олуя жана башка ушул сыяктуу улуу адамдарга гана берилген. Бирок исламда арбактар менен сүйлөшүү туура эмес нерсе катары каралат. Мунун себеби – арбактар менен кошо жин-шайтандар да адамдар менен сүйлөшөт жана алардын туура эмес жол көрсөтүү ыктымалы абдан жогору. Мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигинен улам, арбак же жин менен сүйлөшүп жаткандыгын адам ар качан биле албайт[3].

“Ата-бабалардын арбагын сыйлоо ислам дининин жергиликтештирилүүсүнүн белгиси, казактарды мүнөздөөчү жана исламга аралашып кеткендигин аныктоочу жөрөлгө”[4]. Казактар сыяктуу эле кыргыздардын ишениминде, арбактардын культу “жергиликтүү” исламдын алкагында байкалат. Муну ислам же шаманизм деп атоо кыйынчылыкка турат. Туура же туура эмес деп баалоого да болбойт, анткени адамдар кылымдар бою ишенип келишкен жана бүгүн да ишенишет. Мындай ишенимдер ишенгендердин руханий изденүүлөрүнө жана муктаждыктарына жооп берип келет.

Кыргыз маданиятында арбактар менен сүйлөшүү эки деңгээлде байкалат. Биринчиси, арбактар менен байланышуу касиетине ээ болгон адамдардын сүйлөшүүсү. Бул мүнөздөгү адамдар дайыма өз ыктыяры же каалоосу менен бул касиетке ээ боло берген эмес. Адатта “тандалган” адамдар узак мөөнөткө созулуучу ар кандай оорулар, тукум куучулук же башка жолдор аркылуу келишкен. “Тандалган” адамдар бул жашоодо тапшырма алып, ошону орундатууга милдеттүү. Мындай адамдардын катарына тубаса манасчылар, дубана, бүбү-бакшы, жайчы, элдик дарыгер, айтымчылар жана башкалар кирет[5].

Мисалы, кыргыз маданиятындагы тубаса манасчылык касиети арбактар менен байланышуунун так далили. “Манас” эпосун айтууга тандалуу жана бата алуу, “Манасты” айтып жатканда жана деги эле маалымат алуу арбактардын түздөн-түз катышуусу менен орундалат”[6]. Тубаса манасчыларга  мисал катары биздин замандаш манасчылар Талантаалы Бакчиев менен Улан Исмаиловду келтирсек болот.

Ал эми арбактар менен сүйлөшүүнүн кийинки деңгээли жөнөкөй элдердин арбактарга болгон ишеними аркылуу күнүмдүк турмушта байкалат. Ата-бабалардын арбактарын сыйлоо, алардын рухуна багыштап Куран окуу жана мал союу, бейшемби күндөрү токоч бышырып, жыт чыгаруу жана башка ушул сыяктуу адаттар – аң-сезимдүү же аң-сезимсиз түрдө арбактар менен сүйлөшүүнүн көрсөткүчү.

Жогоруда айтылып кеткен эки деңгээлде тең байкалып, чоң маани берилип келген нерселер бул – “түш” жана “аян”. Арбактардын көзгө көрүнбөөчүлүк касиетин эске алганда, аларды түштө көрүү же алардан аян алуу бөтөнчө руханий нерсе.

Бул баракчаларда арбактар менен сүйлөшүү, аян, касиет деген көрүнүштөр боюнча баяндоолорду окуй аласыздар.


[1] Карасаев, Х. Камус Наама. – Бишкек: Шам. 1996, 102-103-бб.

[2] Привратский Б. Мусулман Түркстан: Казак дини жана коомдук эс (Muslim Turkistan: Kazak Religion and Collective Memory). London: Curzon Press, 2001.

[3] Гүлен Ф. Тирүүлүктүн метафизикалык тарабы (Varlığın metafizik boyutu), Istanbul: Feza Gazetecilik A.Ş., 1998.

[4] Привратский Б, 114-б.

[5]Айтпаева Г., Молчанова Е. “Кыргызчылык: руханий жана илимий изденүү” (Kyrgyzchylyk: searching between spirituality and science). Mazar Worshiping in Kyrgyzstan: Rituals and Practitioners in Talas. – Бишкек: Айгине изилдөө борбору, 2007, 398-б.

[6] Ван Дер Хейде Н. Жандуу аткаруу. Манас эпосу жана Кыргызстандагы коом (Spirited performance. The Manas epic and society in Kyrgyzstan). Rozenberg Publishers, 2008, 99-162-бб

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>